Социалдык фонддун төрагасы Нурдин Ибраев кызматынан бошотулуп, анын ордуна ТЕҢИЗБЕК АБЖАПАРОВ дайындалды. Абжапаров аталган фонддун төрагасынын биринчи орун басары болуп иштеп келген.
- Өлкөдө ПСИХИКАЛЫК жактан жабыр тарткан 70 433 адам каттоодо турат. Алардын 5864ү жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдайт.
- Өзбекстанга таандык болуп келип, быйыл кыргыз өкмөтүнө өткөрүлгөн төрт ПАНСИОНАТТЫН үчөөнө кыргызча ат берилди. Эми алар "Бостери" ("Золотые пески"), "Алтын жай" ("Рохат"), "Эне-Сай" ("Дилором") деп аталат. Ал эми "Бустон" пансионатынын аталышы өзгөртүлгөн жок.
- Мамлекеттик ИПОТЕКАЛЫК компаниядан 93 адам насыя алды. Жалпысынан 4741 адам насыя алуу боюнча арыз менен кайрылган.
- 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча, өлкөдө 172 миңден ашуун МАЙЫП адам бар, алардын 28 миңи 18 жашка чыга электер.
- Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку балл менен 52 алтын сертификат алгандардын 12си Бишкек шаарындагы №-61-МЕКТЕПТИН окуучусу болуп саналат.
- Июнь айында өлкө ичинде 20 киши сууга чөгүп каза тапты. Анын 60 пайызы Чоң Чүй каналында ЧӨГҮП ӨЛГӨНДӨР. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов билдирди.
- Бишкек шаарынын тургундарынын керектөөсү үчүн "ТЕЗ ЖАРДАМ" кызматындагы бригаданын санын дээрлик 3 эсеге көбөйтүү керек. Учурда 38 бригада иштейт. Врачтардын жетишсиздигинен норма боюнча 11 чакырууга эмес, 19 чакырууга барышат.
- 1-июлга карата 3 миңге жакын жаран өз үйүн КАМСЫЗДАНДЫРДЫ. Анын 2 миңге чукулу айыл жеринде жашагандар болуп саналат.
- Быйылкы жылы 62 миңден ашуун окуучу мектептерди аяктады. Бирок анын 25 миңи гана ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨНҮН керектүү босоголук баллынан өттү. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева айтты.
- Президент Алмазбек Атамбаевдин чакыруусу менен Кыргыз Республикасына Германиянын канцлери АНГЕЛА МЕРКЕЛЬ иш сапары менен келет. Анын сапары 13-14-июлга пландалганын Президенттик аппараттан билдиришти.
- 2016-жылдын январь-март айларынын аралыгында өлкөдө 55 миңден ашуун адам ар кандай насыялык мекемелерден
2 миллиард 726 миң сомдон ашуун НАСЫЯ алышкан. Бул боюнча Мамлекеттик статистикалык комитет маалымдайт.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg