№714 8-июль-14-июль, 2016-ж
ЭМНЕ ҮЧҮН КАРА?
Кара маска-плёнкалар 3 түрдүү чыгарылат: кара косметикалык чопо менен, активдештирилген көмүр (мунун да өңү кара) жана дары баткак менен. Андыктан өңүнө карата кара маска аталып кеткен. Маска-плёнкалардын курамын косметикалык фирмалар түрдүү түзүшөт. Мисалы, учурда Кытайдан келип жаткандарынын бир түрүнүн курамы бамбук көмүрү, B5 провитамини жана табигый витаминдер комплексинен турат.
КИМДЕР ҮЧҮН КОЛДОНУЛАТ?
Упа түрүндөгү кара маска да, маска-плёнкалар да көйгөйлүү беттер үчүн колдонулат. Башкача айтканда, кара чекиттер (комедон), майда безетки же бүдүрчөлөр, май шишиктер бар, бет терисинин тешикчелери кеңейип кеткен майлуу беттерге. Андыктан бети кургак жана калыптагыдайларга, бетинде жарасы жана купероз оорусу (майда кан тамырлар кызарып көрүнүп турат) барларга болбойт! Бет териси аралаштарга бетинин майлуу бөлүктөрүнө гана коюуга болот.
Бетиндеги безеткилер абдан көптөр жана безеткилери чоңдор, алгач косметикалык салонго барып, безеткини дарылатып-айыктырып алып, анан гана колдонушу шарт.
ТААСИРИ КАНДАЙ?
КОЛДОНУУ ЫКМАСЫ
Бишкектеги баалары чыгарылган фирмаларына карап 950дөн 2500 сомго чейин.
ҮЙ ШАРТЫНДА КАРА МАСКА ЖАСОО ЫКМАЛАРЫ
Маска үчүн керектүүлөрдү сатып келип, өзүңүз жасап колдонсоңуз да болот. Бирок булар маска-плёнка эмес, катардагы эле маскалар болот.
КАРА ЧОПО МЕНЕН
Классикалык. Кара чопо упасын (порошок) сатып алып, ага бир аз суу кошуп, коюулугун каймактай кылып бетке жабасыз.
Бал жана алоэ менен. Кара чопонун 1 аш кашык упасына алманын 1 чай кашык пюресин, 1 чай кашык алоэ ширесин, 1 чай кашык балды (балга аллергия жок болсо!) кошуп ботко жасап алып, бетке жабасыз.
АКТИВДЕШТИРИЛГЕН КӨМҮР ЖЕЛАТИН МЕНЕН
Активдештирилген көмүрдүн 1 таблеткасын упадай талкалап, ага 1 чай кашык косметикалык кара чопо, 1 аш кашык жылуу сүт, 1 чай кашык желатинди кошуп, ботко жасап бетке жабасыз.
Йогурт менен. 1 таблетка активдештирилген көмүрдү талкалап, ага 1 чай кашык йогуртту, 4-5 тамчы лимон ширесин кошуп, ботко жасап бетке жабасыз.
Маскадан кийин бетти жылуу суу менен жууп, крем коё бересиз. 1-2 саат күнгө чыкпай турасыз.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |