Нурдин Мотуев: “НУРЛАН ЧАЕКТИ ДҮҢГҮРӨТҮП...”

№382 26-февраль - 4-март, 2010-ж.

Бир тууган

Бир курсактан чыккан бир тууганыңдын эл тааныган адам болушу кандай сыймык? Бүгүнкү биздин “Бир тууган” рубрикабыздын мейманы бирөө эле эмес, экөө тең элге таанымал бир тууган Мотуевдер. Журналист Нурдин Мотуев агасы Нурлан жөнүндө мындай дейт...

“ЧОҢ АТАСЫНЫН БАЛАСЫ”
– Биз үч бир тууганбыз, эки эркек, бир кыз. Нурлан улуусу, мен ортончусу, анан карындашым бар. Кичи мекенибиз Жумгал районуна караштуу Кызыл-Жылдыз айылы. Бирок биз ата-энебиздин жумушуна байланыштуу Жумгалдын борбору Чаек айылында турчубуз. А чоң атамдар Кызыл-Жылдызда калышкан. Нурлан чоң атамдын көзү өтүп кеткиче жанында болду. Чоң эне-чоң атамдар аябай эркелетип өстүрүшкөн. Ошондонбу, Нурлан өз атам-апама караганда чоң ата-чоң энесин жакшы көрчү.

“ӨЖӨР АНАН НАМЫСКӨЙ”
– Нурланда баатырдык мүнөз бар. Бул мүнөздү чоң атамдан алган десем туура болот го. Себеби кезинде чоң атабыз Моту эр сайышка түшкөн баатыр киши болгон. Азыр андай эр жигиттердин оюну болбой деле калбадыбы. Эр сайышка жүрөгүндө жалы барлар чыга алчу да. Нурлан бала кезинен эле кандай иш болбосун баш-оту менен кирип кетет. Өжөр анан намыскөй. Бардыгын бетке айткан, тайманбаган адам. Кандай талаш болбосун оюн айтып, каршылашын жеңип чыгат. Көргөндөр аябай сүрдүү деп айтышат. Бирок жакындан баарлашып көрсөңүз, аябай түшүнүктүү жана ак көңүл.

“СУРООСУН ЭКСПЕРТТЕР ТАЛКУУЛАШКАН”
– Анда мен кыргыз мектепте 3-класста, Нурлан орус мектепте 5-класста окучу. Азыркы Орусиянын Биринчи каналы ал кезде “Останкино” деп аталчу. Аталган телеканалдын “Что, Где, Когда?” деген берүүсүнө менменсинген, билимдүү кишилер келип, берилген суроонун тегерегинде талкуу жүргүзүшчү. Нурлан ошол көрсөтүүгө бир суроо менен кат жазган. Эмне деген суроо бергени эсимде жок. Алпаруучу ушундай деп каттын келген дарегин айтып, Нурландын сүрөтүн эфирге чыгарып эксперттерге суроосун берген. Ошондо 5-класста окуган баланын берген суроосун аябай талкуулашып, талашка түшүшкөн эле. Ал берүү чыккандан кийин Чаек дүңгүрөп эле калган.

“ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕР БОЛУП...”
– 2009-жылы Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкерлигин койду. Эми бир тууганың болгондон кийин жан тартасың да. Нурланга үгүт иштериңе менден кандай жардам керек десем “сен өз ишиңди кыла бер, мен өз ишимди жасайм” деп бир гана сөз менен жооп берип койду.
Ал үй-бүлөсү менен Америкага да барып, жашап-иштеп келди. Англис тилинде эркин сүйлөйт. Таң калганым, ар дайым бардык маалымат менен кабардар жүрөт. Гезитке чыккан кандай макала болбосун сөз баштасаң “аны окугам” деп өчүрүп коёт.
Экөөбүз тең борбордо жашайбыз. Жолуга албасак телефондон кабарлашып турабыз. Бир тууган болсок деле түтүнүбүз башка да, кээде жумуштун көптүгүнөн жолугуша албай, бир айдан ашык убакыт өтүп кетет.

БИР ТУУГАН МОТУЕВДЕР:

  • Нурлан Мотуев, “Жоомарт” элдик кыймылынын лидери. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.
  • Нурдин Мотуев, журналист. Үй-бүлөлүү, 1 кыздын атасы.
  • Назира Мотуева, англис тили боюнча котормочу. Үй-бүлөлүү, 1 баланын энеси.

Амантур Султанкулов
koom@super.kg
Сүрөттөр
Нурдин Мотуевдин жеке архивинен алынды.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
27.02.2010. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орус мектепте окуганы менен, орусча суйлой албайт го Нурлан.
04.03.2010. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЖЕРДЕШИМ!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо