МЕРКЕЛЬ КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛДИ

№715 15-июль-21-июль, 2016-ж

Германиянын канцлери Ангела Меркель 13-июль күнү кечинде биринчи жолу Кыргызстанга келди. «Манас» аэропортунан Меркель айымды президент Алмазбек Атамбаев өзү тосуп алды.
Иш-сапардын алкагында 14-июлда Алмазбек Атамбаевге жолуккан Ангела Меркель кыргыз мамлекети демократиялык өнүгүү жолун тандаганын белгилеп: «Мен сиздерге жакшы келечек камсыз кылуу үчүн кандай жардам көрсөтө аларыбызды сүйлөшкүм келет»,- деп билдирди. Өз кезегинде президент Атамбаев: «Мен эки тараптуу мамиленин жаңы тепкичке чыгарына ишенем. Сиздин иш-сапарыңыз биз тандаган демократиялык өнүгүү жолуна чоң колдоо болот деп ойлойм»,- деди.
Журналисттер менен баарлашуу учурунда Алмазбек Атамбаев: «Кыргыз мамлекети Германия менен гана эмес, Европа менен да толук кандуу кызматташууга кызыкдар. Биз азыр Украинадагы согуштун кесепеттерин, Европа менен Орусиянын ортосундагы кризисти сезип жатабыз. Ортолорундагы мамиленин мурдагы абалына келүүсү үчүн компромисске келүүгө чакырабыз»,- деп билдирди.
Ал эми канцлер айым: «Сиздердин аймакта кырдаал дайыма эле жөнөкөй боло бербейт. Ошого карабастан сиздер өнүгүүнүн демократиялык жолун тандадыңыздар. Менин сапарымдын максаты – мындан ары кандайча кызматташабыз, биз сиздерге кандай жардам бере алабыз, ушул маселелерди сиздер менен бирге талкуулоо. Бүгүн жаш, эстүү кыргыз студенттери менен жолугуу учурунда алардын ачыктыгын жана активдүүлүгүн көрүп, жаштардын келечеги кең болушун тиледим»,- деди. Мындан кийин Ангела Меркель Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков менен жолугуп, тараптар эки жактуу мамилелерди өнүктүрүүнүн келечеги жана парламенттер аралык диалог маселелерин талкуулашты.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо