МАКСИМ БАКИЕВГЕ ПАРА МҮШӨКТӨП БЕРИЛЧҮ

№715 15-июль-21-июль, 2016-ж

Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин жакын чөйрөсүндөгү адамдардын бири болгон Евгений Гуревич “Bloomberg” басылмасына маек берди. Учурда Гуревич “Көмүскөдөгү кеңешчи” аттуу китеп жазып жатканын билдирген. Аны менен кыргыз өлкөсү сыртка чыгарылып кеткен каражаттарды кайтарып ала алат деген үмүттө экенин ал жашырган эмес.
“Бир жолу мен кеңсеге өз иштерим менен бара жаткам. Анан эле Максим жолдон келе жатып 2 миллион доллар параны ала келүүмдү суранды. Накталай акча. Бул акчаны мен ошол көчө менен келе жатканым үчүн ала келмекмин. Дагы бир жолу мен, Максим Бакиев болуп “Хаятт” мейманканасында Италиядан учуп келген белгилүү дизайнердин костюмдарын ченеп жатканбыз. Анан бир ишкер келип, мүшөккө салынган акча таштап кетти”,- дейт маегинде Гуревич.
Маалым болгондой, Гуревич Кыргызстанда коррупция боюнча айыпталып сыртынан 15 жылга эркинен ажыратылган. Учурда ал АКШнын Монтгомери түрмөсүндө алдамчылыкка, мыйзамсыз инсайдердик соода кылууга айыпталып 5 жылдык жазасын өтөөдө.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо