3 МҮНӨТТӨ 105 СЕЛФИ ЖАСАГАН ДУЭЙН ЖОНСОН

№716 22-июль-28-июль, 2016-ж

Негизи идеалдуу мырза дегенде эле көпчүлүк айымдар көз алдына спорт менен машыккан булчуңдуу жигиттерди элестетишет. Анын себеби, балким, биз андай мырзаларды кинолордон көп көрүп, өзүбүзгө идеал тутуп алганыбыздандыр. Айымдардын жүрөк оорусуна айланган Голливуд жылдызы Дуэйн Жонсондун жеке жашоосу, басып өткөн жолу, сүйүү баяндары туурасында кеңири кеп алдыда...

Толук аты-жөнү – Дуэйн Дуглас Жонсон
Туулган жылы, күнү, айы 1972-жыл, 2-май
Туулган жери АКШ, Хейвард шаары
Салмагы – 120 килограмм
Бою – 196 сантиметр
Билими – Майами университетинин психология жана криминология факультетин аяктаган
Тартылган тасмалары: "Мумия кайтат"("Мумия возвращается"), "Чаяндардын падышасы" ("Царь скорпионов"), "Оюндун планы" ("План игры"), "Жылдыздуу жол" ("Звёздный путь"), "Форсаж" жана башкалар
Учурда – Рестлер, актёр, продюсер
Каймана аты - "Аска"

РЕСТЛЕРДИН ҮЙ-БҮЛӨСҮ

Кичинекей Дуэйндин бала чагы рестлинг (атлетикалык, театралдык чеберчилик, күрөш искусствосун камтыган шоу) менен машыгууда өткөн, себеби анын үй-бүлөсү дал ошол спорттун түрү менен жан бакчу. Анын атасы, чоң атасы, таяке-жээндери мыкты рестлер болушса, чоң энеси карьерасын аялдар арасындагы күрөштү жетектөөдөн баштаган. Атасынын жумушуна байланыштуу алардын үй-бүлөсү көчүп-конуп жүрүүгө мажбур болгондуктан, Дуэйн орто мектептерди кол каптай эле алмаштырат. Анын тентектигин ушундан билиңиз, 17 жашында 9 жолу уурулук жана мушташканы үчүн соттолгонун айтып келет.
Спорт ар дайым Жонсондордун үй-бүлөсүндө биринчи орунда туруп, балакай Дуэйндин атасы аны кичине кезинен эле мелдештерге, машыгууларга көп алып барчу. Спорттун көп түрүндө ийгилик жараткандыгы, окуудагы жетишкен ийгиликтери үчүн ага ар кайсы университеттерден сунуштар түшкөн. Алардын ичинен Дуэйн Майами университетин тандаган.

ҮЧ АЙДА ЖЕТИШКЕН ИЙГИЛИК...

Актёр спорттогу карьерасын Рокки Майвиа деген лакап ат менен баштаган. Рокки Майвиа деген ысым анын атасы менен чоң атасынын аттарынан куралган. Дуэйн 3 ай ичинде жакшы ийгилик көрсөтүп, континенттин рестлери аталса, кийин дүйнөлүк мелдештин 5 жолку чемпиону болууга жетишет. Көп өтпөй лакап атын кыскартып, "Аска" (the Rock) болуп алган. Ушундан улам ал өзүнө үчүнчү жак менен "Аска айтат..." деп кайрыла баштаган.
Каарман 2000-жылы "Аска айтат..." аталышындагы биографиялык бестселлерин жаратып, жазуучу катары да таанылат. Мырзаларда идеалдуу эсептелген келбетке ээ болгон Дуэйнди тасмага түшүрүү ар бир режиссёрдун тилеги эле.

ГОЛЛИВУДДУН ЭҢ КЫМБАТ АКТЁРЛОРУНУН БИРИ

Актёрдун алгачкы тасмасы – "Мумия кайтат". Кийин Аска белгилүү актёр Вин Дизель менен "Форсаж" тасмасында роль жараткан. Ал бир гана боевик жанрындагы фильмдер менен чектелбестен, комедия жанрындагы "Оюндун планы" тасмасында да мыкты ойногон.
Ошентип тасмада бийиктиктерди багынткан соң ал актёрлуктан продюсерликке өтүүнү чечет.
Жакын арада эле ал "Малибунун куткаруучулары" аттуу сериалдын ремейкине тартылып бүтүп, кезектеги "Форсажга" тартылууга камынып жаткан кези. Легендарлуу "Forbes" журналы аны Голливуддагы эң көп акча тапкан актёрлордун бири деп белгилешет. Себеби анын 2015-жылдын июнь айынан баштап быйылкы жылга чейинки тапкан каражаты 64,5 миллион долларды түзгөн.

КЫЗЫНА 27 МИҢ ДОЛЛАР АЛИМЕНТ ТӨЛӨЙТ

Актёр жубайы Дени Гарсия менен 20 жашында Майамиден таанышкан. 7 жыл өткөн соң мыйзамдуу никеге турушуп, 2001-жылдын 14-августунда чолпондой болгон кызга ата-эне болушкан.
Тилекке каршы, бактылуу үй-бүлөнүн очогу көпкө тутанбай, 2007-жылы ажырашуу үчүн арызын беришкен. Ал эми алардын кызы энеси менен калган. Бирок актёр кызынын келечеги үчүн ай сайын 27 миң доллар алимент төлөп турары маалым.
Азыркы учурда ал ырчы Лорен Хэшиан менен сүйүү мамилесинде. Түгөйлөр былтыр кыздуу болушкан.

АРНОЛЬД ШВАРЦЕНЕГГЕР МЕНЕН ДОС

  • 2000-жылдын башында анын рингден жана тасмадан түшкөн бир жылдык гонорары 120 миллион долларды түзгөн.
  • "70-жылдардагы шоу" сериалынын алгачкы бөлүмдөрүндө актёр атасынын ролун ойногон.
  • Боевик тасмаларында ага көбүнчө аталаш тууганы Таноай Рид дублёрдук кылат.
  • "Форсаж" фильмине режиссёр Дуэйнди эмес, башка актёрду тартмак. Бирок күйөрмандарынын өтүнүчү менен ал бул тасмага тартылып калган.
  • "Форсаждын" үчүнчү бөлүгүндөгү гонорары –
    15 миллион доллар.
  • Ал "Чаяндар падышасы" тасмасындагы 5,5 миллион доллар гонорары жана 3 мүнөттө 105 селфи жасоого жетишкени үчүн рекордчу аталган.
  • Арнольд Шварценеггер менен достук мамиледе.

Атасы ага бала кезинен эле үмүт артчу.


Актёр төрөт учурунда да сүйүктүүсү Лорен Хэшиандын жанында болгон.


"Малибунун куткаруучулары" сериалынын ремейки учурда популярдуу болуп жаткан чагы.

Жазгүл Кенжеева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(13)
25.07.2016. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баардык кинону мыкты ойнойт молодец
25.07.2016. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен суйгон актёр ойногон кинолорун баары жагат мыкты актёр
25.07.2016. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
менин суйгонум го бул... Обожаю...
25.07.2016. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
"Сокровище Амазонки" деген киносун көрүүнү сунуштайт элем.27 миң $ ай сайын...биз бул акчаны канча убакта табат болдук экен?
25.07.2016. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эн мыкты актер
25.07.2016. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун актер
25.07.2016. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин да жакшы көргөн актерум
26.07.2016. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунчо качоккачокго
26.07.2016. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Форсажда жакшы ойногон.
27.07.2016. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы актер +18 жок кинолорунда мен коргондон.....
27.07.2016. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Форсажда сонун ойногон
28.07.2016. 07:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Быстрее пули" эн сонун кино
28.07.2016. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ысык колго келет деген чынбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо