Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту экс-депутат ЖЫРГАЛБЕК САМАТОВДУН өтүнүчүн канааттандырган жок. Ал сотко БШКнын аны депутаттык мандаттан ажыратуу боюнча чечимин жокко чыгаруу арызы менен кайрылган эле.
- Бишкектин Абдрахманов-Чүй көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамага "Акылдуу аялдамалар" долбоорунун алкагында WI-FI орнотулду.
- ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНУНУН сайты worldnomadgames.com иштеп баштады.
- 18-июлда жогорку окуу жайларга гранттык негизде окутууга кабыл алуунун 1-туру аяктап, БЮДЖЕТТИК ОРУНДАРДЫН 53 пайызы толду.
- ОшМУга Каныбек Исаков, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетине Акымбек Абдыкалыков, КММАга Индира Кудайбергенова РЕКТОР болуп дайындалышты.
- Мамлекет башчы АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВДИН аткаруусунда "Мне не страшно умирать" аттуу ыр интернетке жарыяланды. Бул президенттин үчүнчү ыры болуп калды.
- 2016-жылдын башынан бери КООМДУК ЖАЙЛАРДА 1323 КЫЛМЫШ, анын ичинен көчөдө 492 кылмыш жасалган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 14,4 пайызга төмөн.
- Өлкө ичинде БӨЙРӨКТҮН өнөкөт оорусу менен жабыркаган чоң кишилердин саны 250 миңге жетет. Өткөн жылы бөйрөк оорусунан 475 киши кайтыш болгон. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.
- ИИМдин башкы штабынын жетекчиси Бактыгул Абдыжалиевдин айтымында, өлкө ичинде ЭҢ МЫКТЫ ИЧКИ ИШТЕР БАШКАРМАЛЫГЫ бул Ош ШИИББи, ал эми эң начар көрсөткүч Ысык-Көл ОИИББинде.
- Жумгал райондук соту Муса кызы Бүбү Мариямга таандык "АЙКӨЛ МАНАС" чыгармасынын 10 томдугун экстремисттик деп тапты.
- ДАНИЯР МУКАШЕВ Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы элчиси болуп дайындалды.
- 21-июлда Алай тоо кыркаларында 5,5 баллга жеткен ЖЕР ТИТИРӨӨ катталып, күчү Бор-Дөбө айылында 5, Нурада 4, Кара-Киндикте 4-4,5, Сары-Таш айылында 3,5 баллга сезилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жаракат алгандар жана кыйроолор болгон жок деп билдирди.
- 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР порталында жарыяланган сынактардын
16 183ү ишке ашып, жалпы сатып алуулардын суммасы
17 миллиард 529 миллион 841,3 миң сомду түзгөн.
Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg