№716 22-июль-28-июль, 2016-ж
Ар бир аялзаты узун, кайрылган кирпикке ээ болууну самайт. Жагымдуу көз карашка дал ушул идеалдуу кирпиктер жардамга келет эмеспи. Кирпикти кандай ыкмалар менен өстүрүүгө болот? Ага кам көрүүнүн жолдору туурасында сөз кылабыз. Учурда замандын талабына жараша жасалма кирпиктерди өстүрүүнүн түрлөрү арбыды. Анын зыяны жана пайдасы канчалык, бул туурасында гримёр Айгүл Кадыралиева маалымат берет.
ЖАСАЛМА КИРПИК ӨСТҮРҮҮНҮН ЫКМАЛАРЫ:
Япон ыкмасы. Мындай кирпикти өстүрүүдө өзүңүздүн табигый кирпигиңизге жасалма кирпик клей менен чапталат. Ал үчүн норка, киш (соболь) сыяктуу жаныбарлардын жүнү жана жибек керектелет.
Америкалык ыкма. Япония ыкмасынан айырмаланып мында кирпик силикондон жасалып, клей менен жабыштырылат.
Индонезиялык ыкма. Бул жол менен жасалма кирпик өстүрүүдө табигый компоненттери бар клей колдонулат. Ошондой эле анын курамында көзгө пайдалуу витаминдер көп.
Көлөм берүүчү (голливуддук) ыкма. Кирпикке бир эмес, бир канча жасалма каражаттар уланат. Көлөмү чоң болуп бир аз ыңгайсыздык жаратат. Мындай ыкманын 2D, 3D, 4D, 5D деген түрлөрү бар.
Чогултуп жасоо ыкмасы. Чогултуп жасоо методикасы менен кыска аралыктын ичинде калың кирпиктер пайда болот.
Ийилген (ламинированный) кирпик. Бул түрүн жай мезгилинде көбүрөөк колдонушат. Мында өз кирпигиңиз жасалма каражатсыз эле атайын клейдин жардамы менен өстүрүлөт.
КРЕАТИВДҮҮ ЖАСАЛМА КИРПИКТЕР
Түлкү эффектиси – кубулжуган ойноок көз карашты кааласаңыз, бул эффект сиз үчүн.
Куурчак эффектиси – бул жаш кыздарга жарашыктуу болгондуктан, сулуулугуңузга көрк кошот.
Тыйын чычкан эффектиси – көзүңүздүн уч жагына узун кирпиктер жабыштырылат.
Табигый эффект – учурда кирпикти ушул түр менен жасоо эң популярдуу, кирпигиңиз табигыйдай көрүнөт.
Арасы ачык эффект – табигый түрүнө жакын келип, кирпик өзүңүздүкүндөй жана коюу көрүнөт.
Ар кандай түстөгү эффект – мындай жасалгадагы кирпик көбүнчө майрамдык кечелерге барууда колдонулат.
ЖАСАЛМА КИРПИКТИН ТҮРЛӨРҮ
Толук көлөм берүүчү
Толук эмес көлөм берүүчү
3D, 4D жана 5D көлөм берүүчү
Ийилүү даражасы боюнча да бөлүнөт
J түрү – түз, назик талдуу кирпик (табигый эффектте колдонулат)
B түрү – жеңил, жазы, бир аз ийилген кирпик
C түрү – орточо ийилген кирпик, бакыракай жана кичине көздөр үчүн
D (CC) түрү – аябай ийилген кирпик
Жасалма кирпиктин жоондугу 0,1-0,25 миллиметр, ал эми узундугу 6-15 миллиметрге чейин болот. Эң эле ыңгайлуусу – 8, 10, 12 миллиметр.
ЖАСАЛМА КИРПИККЕ КАМ КӨРҮҮНҮН ЖОЛДОРУ
Кирпигиңиз сизге көпкө кызмат кылышын кааласаңыз, төмөнкү эрежелерди сактаңыз.
Пайдасы:
Зыяны:
КИМДЕРГЕ ЖАСАТУУГА БОЛБОЙТ?Бул туурасында врач, окулист Алима Мамырбаевадан жооп алдык:
Эскертүү! Үй шартында бир жолку колдонулуучу жасалма кирпик чаптоодо косметолог менен кеңешиңиз. Болбосо аллергия жаратып, көздүн кызаруусуна алып келүүсү ыктымал. Көзүңүз ооруп жатканда жасалма кирпик чаптоо сунушталбайт.
ТАБИГЫЙ КИРПИКТИ ӨСТҮРҮҮНҮН ЖОЛДОРУ
Тазагүл Эмилбек кызы
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Arnella, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Оозеки эскертүү!