"ЫР ДЕСТЕ" ФЕСТИВАЛДЫН ГИМНИ ҮЧҮН ЖАЗЫЛГАН

№716 22-июль-28-июль, 2016-ж

Гүлнур Сатылганова аткарган "Ыр десте" ыры учурунда жакшы эле хит болгон. Ырчы айым ырды жаратарда акын менен обончуга ачылган, чачылган, шаңдуу ыр болсун деп суранган экен. Таланттуу триодон жаралган эмгек өз максатына жетип, чет өлкөдө да обологон.

Камчыбек Букалаев, обончу: "ЫР ДЕСТЕНИН" ЖОЛУ ЖАКШЫ БОЛДУ"

– 1996-97-жылдары "Ысык-Көлдө кадыр түн" фестивалы уюштурулуп, чыгармачыл адамдардын көбүнүн көңүлү ага бурулуп калды. Уюштуруучулар фестивалга гимн керек дешип, сынак жарыялашты. Анан ушул ырдын обонун ошол фестивалдын гимни катары жаздым. Обон тандоо турунан өтүп, меники менен башка дагы бир обончунукун уюштуруучулар жактырышыптыр. Жабык эшик артында эки ырдын кайсынысын өткөрөбүз деп талкууга алып отурушуп, менин обонумду алып ыргытышыптыр. Мейли эми, жарабаса жараган жок да деп ырдын үстүнөн кайрадан иштедим. Иштеп чыкканымдан соң көңүлүмө толуп, өзүмчө эле сүйүнүп калдым. Анан бир күнү Гүлнур Сатылганова "концертти ачканга бир жакшы ыр керек болуп жатат. Көшөгө ачылганда эле элге сонун маанай тартуулай турган, шаңдуу, жандуу, ырым сизге арналат, сунулат, ыр менен жан дүйнөңүздү тазалаңыз, баарын унутуңуз дегендей ыр керек" деп айтып калды. Анан ушул обонду сунуштап, өзүм ырдап бердим. Көптөн бери ырдын үстүнөн иштеп жүрүп ыр да көөдөнүмө сиңип калыптыр.
Ошентип бул ыр 1997-жылы ырдалып чыкты. Өмүрү, жолу жакшы болду. Студенттер арасында укмуш тарады. Мен өзүм мектепте музыка мугалими болуп иштеп, ийримдерди жетектечүмүн. Мектептин окуучулары да жакшы көрүп ырдап жүрүштү. Ошол маалда түрк туугандар да ырдашты. Ал жакта ырдалып жатканын тааныштардан угуп жүрдүм, бир жолу гезиттен да окугам. Кыргызстандан делегация барса түрк туугандар ушул ырды ырдап тосуп алышыптыр.


Кыялбек Урманбетов, акын: "ОБОН СЫНАКТАН ӨТПӨЙ КАЛГАНЫ МЕНЕН, ЭЛГЕ ЖАКШЫ ТАРАДЫ"

– "Ысык-Көлдө кадыр түн" фестивалына гимн жазыш керек деп, акындар арасында сынак болду. Мен Адил Чекилов, Актан Исабаев, Ырыскелди Осмонкулов ырдап чыгышкан "Ыр майрам" деген ырдын тексттин жаздым. Атайын түзүлгөн комиссия менин ырымдын сөздөрүн жактырышыптыр. Фестивалдын гимнине обон жагынан да сынак болуп, Камчыбек Букалаев да өзүнүн эмгегин сунуштайт. Бирок анын обону өтпөй, Бакыт Алишеровдукун тандашат. Ошентип Камчыбектин обону калып калды. Бир жолу мага келип "Кыялбек, сага ушул обон жактыбы?" деди. "Ооба, жакты" десем, "анда жакшы сөз жазып бер" деди. Анан "Ыр десте" деген ырды жазып бердим. Ал кезде мен Гүлнурду таанычу эмесмин. Камчыбек болсо ырчылар менен иштешчү. Гүлнурга өзү бериптир. Ал ырдап чыкканда эл ичинде жакшы тарады.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(4)
25.07.2016. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мектепте жургон кундорум эстеп кеттим.тим эле баарыбыз чогулуп алып катуу кыйкырып алып ырдачубуз.
25.07.2016. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ох соонун ырда соонун
25.07.2016. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул ыр жакшы чыккан, кезегинде.
29.07.2016. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менинда бала кезим эстети
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо