СТОМАТОЛОГ КЕҢЕШ БЕРЕТ

№717 29-июль-02-август, 2016-ж

Окурмандардан келген суроолорго "Green Cliniс" медициналык борборунун стоматологу Жанар Асанбаев жооп берет.


"ТИШИМДИН АРАЛАРЫ АЧЫК"

– Тишимдин аралары ачык, эмне тамак жебейин, нан жесем да тыгылып калат. Анан аны жип же целлофандын четинен айрып алып чыгарам. Тиш чукугуч менен чыгара албайм. Бул зыян эмеспи?

Актан, Балыкчы

-Негизи эки тиштин ортосу ачык болот. Кадимки кийим тигүүдө колдонулган жиптер менен калдыктарды алууга болот. Бирок колдон келсе калдыктарды чыгарууга ылайыкталган атайын медициналык жиптерди колдонуңуз. Целлофан болбойт, анткени ал эки тиштин ортосунда калып калышы мүмкүн. Ал калдыктардан улам тиштер саргаят, курт түшөт.

"ТИШ МЕНЕН ПЛОМБАНЫН ОРТОСУНДА СЫЗЫК БАР"

– Менин бир тишимде пломба менен тиштин ортосунда күрөң сызык бар. Пломба коюлган башка тиштерим андай эмес. Эмнеден улам ушундай, менимче, дарыгердин катасы.

Гүлзина, Бишкек

-Ооба, бул стоматологдун катасы. Тиштин курт жеген көңдөйүн жакшы тазалабай койгон же пломбанын түсүн туура эмес тандаган.

"ТИШТИ ЭРТЕҢ МЕНЕНКИ ТАМАКТАН КИЙИН ЖУУШ КЕРЕКПИ?"

– Мен тишимди кечинде, анан эртең мененки тамактан кийин жуучумун. Бирок жакында бир таанышымдан "эртең менен тура калып тишти жууган туура, анткени түнү менен тишке микробдор топтолуп калат, ошону эртең менен биз жеп алат экенбиз" деп уктум.

Атыр, Бишкек

-Кечкисин жатардын алдында жууган туура, ал эми эртең мененкисин тамак ичкенге чейин жууш керек. Чынында, эртең менен микробдор тишке топтолуп калат. Тишти жуугандан кийин 10-15 мүнөт өткөн соң тамактануу талапка ылайык.

"МАЙДА ТИШТЕРДИ ЧОҢОЙТУУГА БОЛОБУ?"

– Менин тиштерим тубаса эле майда, чоңойтсо болобу?

Рыскүл, Нарын

-Эгер тубаса майда болсо аны чоңойтуу мүмкүн эмес. Эгер бир-экөө сынып калып кичирейсе, албетте, аны башка тиштерге теңеп коюуга болот.

Ар кайсы тармактагы адистерден кеңеш алгыңыз келсе, суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(8)
02.08.2016. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин тишимин четтери саргайып калган жуусам канай берет эмне кылышым керек
03.08.2016. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bek1996_01,Тазалатышыныз керек, тиштердин арасына ичине, кычыгына билинбей кара майда таштар пайда болуп калат.Ошол себепта канашы мумкун.
06.08.2016. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пияз жесем мурдум жаман жыт жыттанып жаттат эмне кылсам болот кенеш бериниз дерчи
06.08.2016. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
пияз жебе
07.08.2016. 05:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кантип жооп алам кийин админ
19.10.2016. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы админ.Азыркы кезде стамотологиядан оору жуктургандар коп болууда(гепатить,жб).Мен ойлондурганы,Ош областтык стамотологияда тиш дарылаткан болчумун(тазалап,пломба койдургам).Ошондо эмнеге конул бурдум,инструменттерди кандай обработка кылышат деп.билишимче атайын медициналык жабдык бар«сухажар»деген.бирок негедир ошол учурда мен ал жабдыкты коро албадым,болгону врач бир тиш тазалгыч учту темирин аталышын билбейт экем,менин козумчо зажигалкага кактамыш болду бир канча секунд,анан дароо
19.10.2016. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан дароо тишиме салып чукулап ишин уланта берди.Эгерде зажигалка менен кичине кактап тазалап коюшса ким кепилдик бере алат оору жукпашына?!ошол суроону тиешелуу адистерге кайрылып жооп алып беруунуздорду суранамын,рахмат!
03.03.2017. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам алейкум туугандар менин тилим учу оюлуп кетти катту ооруп атат эмне кылсам болот??
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо