ГУ ЧЖУН ПЁНУН ЖҮРӨГҮН БАГЫНДЫРГАН СЮЗИ

№718 05-август-11-август, 2016-ж

Жаш, сулуу, атактуу, акчалуу... Аз келгенсип, элинин сүймөнчүгү... Мунун баары корей жылдызы Сюзиден улам айтылып отурат. Гу Чжун Пёну идеал туткан кыздардын бекеринен кызганычтан кырылып калуусуна аз калган эмес. Себеби ал – Ли Мин Хонун да сүйүктүүсү.

ЫРЧЫЛЫКТАН АКТРИСАЛЫККА ООГОН СЮЗИ

Аты-жөнү
– Пэ Су Жи
Сахнадагы ысымы – Сюзи
Ишмердүүлүгү – Ырчы, бийчи, актриса, модель
Туулган күнү, жылы – 10-октябрь, 1994-жыл
Туулган жери – Кванжу, Түштүк Корея
Тартылган сериалдары – "Бийик кыялдан", "Чоң", "Гу үй-бүлөсүнүн китеби", "Акылга баш ийбеген ашыктык"
Тартылган тасмалары – "Архитектураны таануу", "Гүлдүн ыры"
Кыймылсыз мүлкү – 3 миллион доллар турган 5 кабаттуу имараты бар




ЭС ТАРТКАНДАН ЫРЧЫ БОЛУУНУ КЫЯЛДАНЧУ

"Мен келечекте ырчы болгум келет" деген Пэ Су Жи мектептен чыгары менен үйгө эмес, караоке-барга шашчу. Бирок кызынын ырчы болуусун атасы каалачу эмес. Атасы өзү таэквондо боюнча машыктыруучу. 2014-жылы ал өспүрүмдөр арасындагы таэквондо боюнча Дүйнөлүк чемпиондукта улуттук курама команданын жетекчиси болгон.
Сюзи кыялына жетерден мурун интернет дүкөндөрдө модель болуп иштеген. 2009-жылы Түштүк Кореядагы таланттарды элге алып чыгуучу шоу берүүлөрдүн бирине Пэ Су Жи да катышып, анда "JYP Entertainment" компаниясынын көңүлүн буруп калат. Көп өтпөй аталган компания менен иштешүүгө келишим түзгөн каарманыбыз 2010-жылы 10-октябрда туулган күнүндө "miss A" кыздар тобунун мүчөсү катары биринчи жолу сахнага чыккан. Топтун ырлары дароо эле хитке айланып, шоу-бизнестен орун табууга жетишет. Сюзи ырчылыктан тышкары бир катар шоу берүүлөргө алпаруучулук кылып, 2011-жылы атактуулукту алып келген "Бийик кыялдан" деген сериалда биринчи ролун аткарат. Бир жылдан кийин тасмадагы дебютун жасап, "Архитектураны таануу" деген фильмде роль жаратат. Аталган мелодрама жанрында тартылган тасманы 2 айдын ичинде 5 миллиондой адам көрүп, Түштүк Кореяда жаңы кассалык рекорд катталган. Дал ушул фильмден кийин Сюзи "Улуттун биринчи сүйүүсү" деп тааныла баштаган. Бул улуу-кичүүсүнө карабай Кореянын баары аны жакшы көрөт дегенди билдирет.

АКТРИСА КАТАРЫ ЭЛДИН БААСЫНА ТАТЫГЫСЫ КЕЛЕТ

"Мен өзүм курактууларга караганда эртерээк эмнени каалаарымды түшүндүм окшойт" деген Сюзи мурдагыдай ырчы болууну эмес, актриса катары элдин баасына арзууну каалайт. Ар бир ролунан кийин ырчынын артынан ушактардын тыйылбаганы да бекеринен болбосо керек. "Бийик кыялдан" сериалынан кийин Ким Су Хён менен кыз-жигит мамиледе деген сөздөр чыккан, бирок аны эки жак тең жакын достордон экендиги менен четке кагышкан. "Гу үй-бүлөсүнүн китеби" сериалынан кийин да Сюзи менен кошо баш каармандын ролун жараткан актёр Сон Чжун ушак-айыңдардан көпкө чейин арыла албай жүрүшкөн. Анда да эки тарап досторбуз деп кутулушкан.
2015-жылы гезит-журналдар, интернет порталдар, ТВ жана радио берүүлөр кайрадан Сюзинин жаңы романы тууралуу жар салышат. Жөн да адам эмес, Гу Чжун Пёнун ролу менен атактуу болгон Ли Мин Хо менен. Бул сапар эки жак тең чындап эле кыз-жигит экендигин тастыкташкан. Ушул убакка чейин экөө бир жолу эле журналисттерге кармалып калышкан, анда экөө бардан чыгып келе жатышкан болчу.
Жаңы таанышкан мезгилде Ли Мин Хо менен Сюзи Кореяда болушса, күндө көрүшүүгө аракет кылышчу. Алардын бир жолку чет өлкөдөгү жолугушуусу талкуу жараткан. Ли Мин Хо Парижге, Сюзи Лондонго фотосессияга бир мезгилде учуп кетишет, бирок жигит кызы үчүн Лондонго келип, үч күндүк убактысын чогуу мейманканада өткөрүшкөн. "Ал ак көңүл, камкор жана түшүнүктүү. Ушул сапаттары үчүн сүйүп калсам керек",- дейт Сюзи Ли Мин Хо тууралуу.

ОЙЛОНБОЙ МАКУЛ БОЛГОН РОЛЬ

Сюзи буга чейин "Капкандагы сыр" деген сериалдагы башкы ролдон, ага чейин "Жытты көрө билген кыз" деген сериалдагы башкы ролдон баш тарткан. Аталган эки сериал тең рейтинг жараткан дорамалардан болгон.
Учурда Түштүк Кореядагы телеканалдардын биринен Сюзи башкы ролду ойногон "Акылга баш ийбеген ашыктык" деген сериал көрсөтүлүүдө. Анда өспүрүм куракта бири-бирин жактырып калып, көп өтпөй эки башка жолго түшкөндөрдүн сүйүүсү баяндалат. "Бул каарман экөөбүз аябай окшошпуз. Ошол үчүн ойлонбой тартылууга макул болгом. Аталган сериал бир эле махабат тууралуу эмес, анда үй-бүлө баалуулугу да чагылдырылат",- дейт Сюзи.
Үй-бүлө демекчи, Пэ Су Жи бир кезде кыялын ишке ашырууга каршы болгон ата-энесине үй жана автоунаа сатып берген. Ошондой эле буга чейин ата-энеси иштетип келген кафени оңдоткон. Аталышы "Сю" деп өзгөртүлүп, бул жай атактуунун күйөрмандары үчүн музейге айланган. Анда балалык кезиндеги сүрөттөрүнөн баштап кол тамгасы коюлган плакаттарга чейин өздүк буюмдарды табууга болот.

«Сюзи тартылган "Акылга баш ийбеген ашыктык" кезектеги хит сериалга айланууда.




СЮЗИНИН АЙТКАН СӨЗДӨРҮНӨН...

"Телефонумдун сыр сөзүн өзгөртө берем. Кээде 10 мүнөт сайын алмаштырам".

"Ичкенде өтө жандуу болуп, чечен болуп калат экенмин. Тандабайм, алкоголдук ичимдиктердин баарын жакшы көрөм. Көлөмү чогуу отурган компанияга жараша болот. Эрте кетип калгандарга "сенин бетиңе түкүрдүм" деп СМС жөнөтмөйүм да бар".

"Акчамдын көбүн кофеге, анан косметикага коротом. Макияж жасоону жакшы көрөм".

"Туулган күнгө, дегеле майрамдарга маани бербейм. Бирок эсимде, 2 же 3-класста апам мага туулган күнүмө жумшак аюу оюнчук берген. Аны азыркыга чейин аярлап-кастарлайм. Ал эми торттун шамдарын өчүрүүдө жыл сайын "менин жакындарым аман болсун" деп тилек кылам".

"Кооз кийимдерге караганда күнүмдүк жана жупуну кийимдер мага көбүрөөк жарашат".

"Бир жолу досум менен тамашалашып каткырып отуруп эле ыйлап жибердим. Депрессиядан улам кээде таңга жетпей өлүп калгым келчү. 20 жашка чыгарым менен айдоочунун күбөлүгүн алдым. Кыйналып чыкканымда машинага отуруп алып, айдап жөнөйм. Убакыт тартыш болсо, районумду 1-2 жолу айланып, анан келем".

"Шакектер – бул менин досторум. Үйдөн шакек тагынмайынча чыкпайм. Керек болсо шакек тагынганда маанайым кадимкидей көтөрүлөт".

Эльвира Караева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(32)
08.08.2016. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кызыкча эле кылыктары бар экен го.....
08.08.2016. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Журок оорулуу кыла турган болдун го Сюзи..
08.08.2016. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээххх Сюзи сюзи качан жолугушат экенбис а
08.08.2016. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тааныбайт экем.
08.08.2016. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Кыргыз кыздар корей ырчы мырзалары менен ооруйсунар деп эркектерибиз жаман коруп калчу эле, ойдодо ооруп баштаптырго корей ырчы кыздары менен жигиттеривис )))
08.08.2016. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эмне дейт элек ?! Аяш менен бактылуу болсун. Тойду кутобуз.
08.08.2016. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
кыргызымдын кыздары мин эсе сулуу бул кыздан.
08.08.2016. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Негизи 80 % пластика да булардыкы . Анткени аяакта пластика носки алмаштыргандай эле экен .
08.08.2016. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
aziziko, туура айтасыз. Козуно жасатканы байкалып турат
08.08.2016. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
rusha, Гу Жун Пе кийин сотко берип журбосун да, балдарым куник болуп калды деп ))))))
08.08.2016. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Пластика операциянын жолу менен сулуу да, кичинесиндеги суроту башкача экен го
08.08.2016. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бул кызды "Мечтатели" сериалынан коргом.Озу да сулуу,рольду да жакшы ойнойт.
08.08.2016. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кызыктуу экен!
08.08.2016. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызык
08.08.2016. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Сюзи бир ичип отурушубуз керек экенда
10.08.2016. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
moskyrsat, от души суйлошуп де )))))
08.08.2016. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Корей менен кытайлардын ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-08-09 10:33:39
08.08.2016. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйлойт десе эле баарынар оттоп жиберипсинер го. Миллионер болуп туруп оозун сасытып журмок беле?! Бир аз ой жугуртсонор боло!
09.08.2016. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козуно сурма жасатканы корунуп турат.
09.08.2016. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Озубуздун татынакай, жакшыынакай Кыргызымдын ыймандуу кыздарына эч ким жетпейт ко чиркин....♥♥♥
09.08.2016. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оозун жыттагандарда бар экенда.))
09.08.2016. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мындан коро алайдын бети анар кыздарына не жетсин
09.08.2016. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Косметиканы коп колдонуп,макияжды коп жасап,жупуну кийимдерге кызыгам дейтко
09.08.2016. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сюзи катышкан бардык кинону коргом жаны чыккан сериалын да коруш керек экен кинодо озунун ролун жеткире ойнойт ишенбесенер кинолорун коргуло айрыкча "Книга семьи Гу" сериалы абдан кызыктуу
12.08.2016. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zinza.girl салам ушул кыздын дагы кинолору бар атын жазып койчу рахмат.
15.08.2016. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulum88, Книга семьи Гу, Большой, Одержимые мечтой же болбосо Мечтатели 1
10.08.2016. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Койчу ушул корейлерге караганда биз кыргыздар супсулуу элебиз! Корйлердин сулуулугу супсак. Биздин балдарыбыз корейдин балдарындай болуп чачын плойкалап, боёп корозго окшошушпайт! Жаратылыштын берген сулуулугу менен чыныгы эркек эле болуп жүрүшөт! Корейлердин көздөрү көбүнчө биздикинен дагы кичине болуп мэйк апты укмуш колдонушат, анан көздү чоң көрсөткөн линзаларды тагынышат кыздары! Ал линзаны алып, боёгун өчүрүп койсо жүрөгүңөр түшүп калат!Кыргыздын эле кыздары менен балдары супсулуу!
Sajakat14 түзөттү 2016-08-10 17:57:50
12.08.2016. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаман тойгозду ушу чукчанар
12.08.2016. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуусун
14.08.2016. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коло кошунан менен тынч бол Сьюзи
14.08.2016. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы админ Lee young Ae тууралууда маалымат жаза кетиниздерчи.Ал деле Сюзиден мурун 4млдр коруучуго ээ болгон актриса ."Жемчужина дворца" аттуу сериялда баш каармандыкты жараткан Тангем тууралуу.сураныч
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо