№718 05-август-11-август, 2016-ж
Күз баштала электе тойлордун сезонун тамашоучу жигиттер ача турган болушту. Дегенибиз, экс-тамашоучу, алпаруучу Нурсултан Майназаров 11-август күнү сүйүктүүсү Жаркын менен мыйзамдуу никеге туруп, элден бата алып үлпөт тоюн бергени турат.
Кезекти улай эле сентябрь айынын башында "Универсал" командасынын капитаны, тамашоучу Калыбек Турдубаев айылдашы Урматжанга баш кошорун, учурда тойго кызуу кам көрүп жатканын айтты. Ал: "Сүйүктүүм Урматжан 20 жашта. 4 жылдан бери сүйлөшүп жүрөбүз. Мурат Жалиевди өкүл ата кылганы жатабыз",- дейт. Турмуш жолуна сапар тартып жаткан түгөйлөрдүн сүйүүлөрү бекем болсун!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |