ЭТЕК КИРДИН КЕЛИШИ ЭМНЕДЕН УЛАМ БУЗУЛАТ?

№719 12-август-18-август, 2016-ж

Көпчүлүк аялдардын айызы белгилүү убакытта кайталанып, келүү мөөнөтү да туруктуу болот, жалпы абалы анча өзгөрбөйт. Айрым аялдарда табарсыктын тушу, бел ооруйт, этек кирдин келүү мөөнөтү бузулат. Кээде аз-аздан, анда-санда же катуу ооруп кан көп кеткен учуру да болот. Этек кирдин келүү убактысынын бузулушу көп учурда гинекологиялык оорунун белгиси. Бул тууралуу Бишкектеги №8-үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун акушер-гинекологу Гүлмира Толубаева жооп берет.

ЭТЕК КИР
(орус тилинде менструация. Менструация латын тилинен алынган, mensis – ай) – аялдын организминин өзгөрүшү менен ай сайын жатындан келген кан.
Менструацияны борбордук нерв системи (баш мээ кыртышы, гипоталамус, гипофиз) тейлейт.
Гипоталамус – ички органдын ишин багыттоочу жана жөнгө салуучу баш мээнин негизги бөлүгү. Ал гипофиздин аракетин тездетүүчү өзгөчө зат – нейрогормондорду бөлүп чыгарат.
Гипофиз – ички секреция бездеринин, анын ичинде жыныс (энелик) бездеринин функциясын активдештирүүчү гормон иштеп чыгарат.



ЭТЕК КИР 3-4 АПТАДА БИР КЕЛИШИ КЕРЕК

Энелик безде гипофиз бөлүп чыгарган гормондордун таасири менен энелик клеткалуу фолликул өсүп-жетилет. Фолликул өсүү мезгилинде жатынга түздөн-түз таасир берүүчү өзгөчө жыныс гормондорун (эстрогендерди) бөлүп чыгарат. Фолликул жетилип жарылат да, андан энелик клетка чыгат (овуляция). Эгер жарылбай калса киста пайда болот. Жарылган фолликулдун ордуна прогестерон гормонун бөлүп чыгаруучу майда бүртүктөр пайда болот. Эстрогендердин жана прогестерондун таасиринен жатындын былжыр катмары калыңдайт, анын кан тамырлары кеңейип, канга толот. Эгер уруктануу жүрбөсө, энелик клетка өлүп, майда бүртүктөрдүн функциясы азайып, акыры токтойт. Жатындын былжырлуу катмарынын канга толгон кан тамырлары жарылып, андагы кан былжыр кабыкка куюлат. Канга толгон былжыр кабык ажырап, кан агуу (этек кир) башталат. Андан кийин былжыр кабык кайра калыбына келе баштайт. Энелик клетканын жетилүү процесси мезгилдүү кайталанып турат. Адатта этек кир дайыма бир мезгилде кайталанып (3-4 аптада бир), 3-7 күнгө (аялдын организминин өзгөчөлүгүнө жараша) созулат.
Биринчи жолу этек кир 14-16 жашта келет. Жаңы келгенде ал бир калыпка түшпөй, баш аламан болушу мүмкүн. Анан бара-бара туруктуу болуп калат.

КАЙСЫ УЧУРДА БУЗУЛАТ?

1 Гормондук бузулуулардан
Аялдардын организминде жыныстык эркек гормон тестостерон менен жыныстык ургаачы гормон эстроген экөө бирдей деңгээлде болушу шарт. Эгерде экөөнүн бирөөсү жогорулап кетсе, гормондордун бузулушу келип чыгат да, жыйынтыгында этек кирдин келүү убактысы бузулат.

2 Сезгенүүдө
Сезгенүү суук тийүүдөн жаралат. Аялдардын жыныстык органы бутту жылуу алып жүрбөгөндөн улам ооруга чалдыгышы мүмкүн. Тердеп туруп суукка кабылганда да оору пайда болушу ыктымал.

3 Жатында инфекция болсо
Баш аламан жыныстык жашоодон улам ар түрдүү инфекция жугат. Жыныстык жактан жугуучу оорулар: уреаплазмоз, микоплазмоз, хламидиоз, гарднереллёз, сифилис, гонорея, трихомониаз.

4 Кан аздуулукта
Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы Ленинград блокадасы баарыбыздын эсибизде. Ошол кезде Ленинград блокадасында калган кыз-келиндердин көбүнүн этек кирдин келүү убактысы бузулган. Буга, албетте, биринчиден кан майдан себеп болсо, экинчиден тамак-аштын начардыгы. Туура, витаминдүү тамак-аштын жоктугу ошондой ооруга алып келет.

5 Жатында миома болсо
Жатында миома пайда болгондо да этек кирдин келүү убактысы бузулат. Миоманын пайда болуу жолдору көп. Тукум куучулук, аборт, аял 30 жашка чейин төрөбөсө, бала эмизбесе, өнөкөт сезгенүү ооруларында, стресс, кара жумушту көп кылуу, эндокриндик бездин оорусу, ашыкча салмак.

6 Депрессия жана стресс
Депрессия жана стресс нерв системине таасирин тийгизгендиктен айыздын келүү туруктуулугу бузулат.

7 Кыска мөөнөттө күнүмдүк рационду өзгөртүү

Канча жылдан бери ичип-жеп келе жаткан тамактарыңызга тыюу салып, рационду кескин өзгөртүп жиберүүдө. Айрыкча белоктуу тамактарды көп жегенде, спорт менен такай машыкканда этек кирдин келүү убактысы бузулат.

8 Кара жумуш
Кара күч жумшап иштесеңиз дагы айыздын келүүсү туруктуулугун жоготот. Организмге туура келбеген күчкө жооп кылып, дароо эле этек кирдин келүү убактысы туруктуулугун жоготот.

Жатындын былжырлуу катмарынын канга толгон кан тамырлары жарылып, андагы кан былжыр кабыкка куюлат. Канга толгон былжыр кабык ажырап, этек кир башталат.


ДАРЫЛОО

30-33 күндөн кийин этек кир келсе, демек, тынчсызданууга негиз бар. Сөзсүз түрдө гинекологго кайрылыңыз. Этек кирдин келүү маалын ар бир кыз-келин так билиши зарыл, андыктан календарга белгилеп жүрүү керек.


Этек кирдин келишинин бузулушун дарыгердин жардамы менен калыпка келтирсе болот. Бирок өз алдынча каалагандай дарыланбаңыз.


Сезгенүү жана инфекция ооруларында антибиотиктер менен дарылоо жүргүзүлөт. Дарылоо аялдын жаш курагына, организмине жараша болот.


Кан аздуулукту жоюп, туура тамактанууга өтүү зарыл. Туура тамактануу үчүн атайын мүнөздөп тамак ичүү сунушталат.


Гормондордун бузулушунда гормондук тең салмактуулукту калыбына келтирүү кажет.


Миоманы дарылоо анын көлөмүнөн, жайгашкан жеринен, түйүндөрдүн санынан, аялдын жаш курагынан көз каранды. Миоманы дары-дармек же операция жолу менен дарылайт.


Катуу капаланса, ал кайгы көпкө созулса да этек кирдин келүү убактысы бузулат. Андыктан стресстен кутулуунун жолдорун ойлонуу зарыл.


Сүйүн Кулматова
densooluk@super.kg


Айыздын келүү мөөнөтүнүн бузулушу илдеттен кабар берет

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(17)
SUPER.KG видео
13.08.2016. 06:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айына 3 кундон жылып турсачы
SUPER.KG видео
13.08.2016. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакшы кенеш экен! Рахмат!
SUPER.KG видео
15.08.2016. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
меники да ар ай сайын жылат,2 кун артына карай.анда менде да бир илдет болушу мункунбу?айыз турукту болушу шартпы.суранам билгендер болсо айтып койгула кечикпейт бирок,убагынан 2-3 кун мурда келет.
15.08.2016. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенеш экен рахмат
16.08.2016. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Меники 6 ,7 кундон артка жылып 23-24 кундо келет, проблема барго анда.
18.08.2016. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meili,сиздики да норма, айыз цикли 22 кундон 30 кунго чейин,баардык патологиясы жок айымдардын цикли ушул топко кирет
16.08.2016. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоок этек кир бирдей убакта келбейт жылып жылып келет телефонунардан женский календарьды скачайт этип алсанар ошол сраз эсептеп канча кун калганын коргозуп турат
16.08.2016. 22:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Меники эки эле кун келет биринчи кунундо аябай коп келет жакшы элеби
16.08.2016. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Меники 2-3 айга чейин келбей калат.
17.08.2016. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meili, этек кир эн азы 21 кундо эн узагы 28 кундо келсе норма деп эсептелет. Сизде баары жакшы.
20.08.2016. 22:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен торогондо эки ай келди, анан уже азыр эки ай отту,келбей жатат.
21.08.2016. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи кун келгенде ичим аябай катуу оооуйт туралбай ыйлап жатып калам беш алты таблетканы ичкенден кийин анан басылат эмне кылса болот айтып койосторбу ((( больницага барсам турмушка чыгып торогондон кийин жоголуп кетет кыз кезде ушундай болот деп койду:(
21.08.2016. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менинда ушинтип ичим ооруучу турмушка чыккандан кийин калды бирок...белим ооруп келет кээде
22.08.2016. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойиий меники дагы жыла берет. Мисалы 2.3 ай айдын 9.10 да келсе кийинки айларда 20 канчаларына..ошондо менде дагы проблема болобу ((( буга конул деле бурбачуу экенмин! Эми жакшылап текшерейинчии...
04.04.2017. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3 кундон аз же 7 кундон коп келсе эмне болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо