АСКЕРГЕ ЧАКЫРЫЛА ТУРГАН ЖАРАНДАР ЧЕТ ЖЕРГЕ ЧЫГА АЛБАЙ КАЛАБЫ?

№719 12-август-18-август, 2016-ж

Аскерге чакырыла турган жарандар өлкөдөн тышка чыгуусуна убактылуу тыюу салынышы мүмкүн. Мындай токтомду Коргоо иштери боюнча комитети сунуштап жатат. Негиздемеге ылайык, республикада түзүлгөн ички жана сырткы миграциялык жагдай каттоодон чыкпай туруп башка аймакка же өлкөдөн чыгып кетип, жарандардын аскердик кызматка чакыруудан качуусуна шарт түзүүдө деп түшүндүрүлөт. Коргоо иштери боюнча комитетинин өкүлү Руслан Абдрахманов бул токтом Конституцияга каршы келбей турганын билдирди. "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө" мыйзамына ылайык, жарандарга аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтүн узартуу чакыруу комиссиясынын чечими үй-бүлөлүк шарттары боюнча, билим алуусун улантуу үчүн жана ден соолугунун абалы боюнча гана берилет. Конституцияда жарандардын укуктарынан тышкары милдеттери да белгиленген. Ата Мекенге кызмат кылуу – негизги милдеттеринин бири",- деди Р.Абдрахманов. Ошондой эле бул токтомдун долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен акча каражаттарын кошумча бөлүүнү талап кылбай тургандыгын кошумчалады.



Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо