АКЫЙКАТТЫКТЫ ДАҢАЗАЛАГАН "КАРАДАЙЫ"

№719 12-август-18-август, 2016-ж

Акыркы жылдары түрк сериалдары популярдуу болууда. Сыналгыдан байма-бай кетип жаткан сериалдар кино сүйүүчүлөр арасында кызуу талкуу жаратып, өз күйөрмандарын кубандырууда. Анда эмесе, криминалдуу окуяларга бай, калыстыкты, сүйүүнү даңазалаган "Карадайы" тасмасы туурасында сөз кылабыз.

Аталышы
– "Карадайы"
Тартылган өлкөсү – Түркия
Жанры – Криминал, драма
Чыккан жылы – 2012-жыл
Сценарийдин автору – Эйлем Жанполат
Режиссёру – Улуч Байрактар
Продюсери – Керем Чатай
Композитору – Тойгар Ышыкли
Башкы каармандар – Кенан Имирзалыоглу (Махир Кара), Бергүзар Корел (Фериде), Четин Текиндор (Назиф Кара), Мелике Ялова (Айтен)

КЫСКАЧА МАЗМУНУ

Тасманын башы чыгыш жомогундай кызыктуу башталат. Стамбул аймагындагы Беязыт өрөөнүндө Назиф Каранын ынтымактуу үй-бүлөсү жашайт. Үйдүн ээси Назиф карапайым өтүкчү, бирок чынчыл, ак көңүл жана даанышман адам. Ал уулу Махирди да өзүндөй күчтүү, калыс жана шайыр кылып тарбиялайт. Ал жигит абдан бактылуу, себеби жакында сүйгөн кызына баш кошот. Бирок үлпөт күнү баары астын-үстүн болот. Кара Назифти уулунун үйлөнүү тоюнда адам өлтүрдү деген жалаа менен түрмөгө алып кетишет. Болгондо да "башкы прокурордун көзүн тазалады" деген айып тагылат. Бирок өтүкчүнү көптөн бери билип жүргөндөр ага жалаа жабылганын анык эле билип турушту. Аны өлүм жазасы күтүп турган. Махир үйлөнүүдөн баш тартып, атасын куткарып калышы керек. Жаш жигит өзүнө жасалма документ жасатып, атасынын ишин карап жаткан соттун, Фериденин жардамчысы болуп ишке орношот. Бул кызмат ага чыныгы кылмышкерди таап, атасын өлүмдөн аман алып калыш үчүн керек болчу. Фериде акылдуу, принципиалдуу, сулуу бийкеч жана жогорку даражадагы үй-бүлөдөн. Көп өтпөй эки жаштын ортосунда баш айланткан сүйүү сезими пайда болот. Бирок алар расмий түрдө никеге тура алышпайт. Себеби 1970-жылдары Түркияда бай менен кедей адамдын үй-бүлө курушу коомчулукта өөн учур катары каралган.

АКТЁРЛОР ТУУРАСЫНДА

Кенан Имирзалыоглу
Махир Каранын образын белгилүү түрк актёру Кенан Имирзалыоглу жараткан. Режиссёрдун башкы каармандын ролуна Кенанды тандоосу чоң ийгилик алып келген десек болот. Анткени ал эр жүрөк, калыс, душмандарынын жүрөк үшүн алган, кашык каны калганча акыйкаттык үчүн күрөшкөн баатыр жигит Махир Каранын образын жогорку деңгээлде ачып берген.


Бергүзар Корел
Атактуу түрк актрисасы жана модель Бергүзар Корел 1982-жылы кесипкөй актёрлордун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Актрисалык карьерасын алгач популярдуу "Ирак – карышкырлар өрөөнү" түрк сериалына тартылуудан баштаган. Бергүзар Корел Түркияда өткөн кинофестивалдарда 8 жолу "Мыкты актриса" наамын алган. Айта кетсек, ал "Даңазалуу доор" сериалындагы баш каарман султан Сулеймандын образын жараткан Халит Эргенчтин жубайы.


ТАСМА ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР

  • 1970-жылдарды чагылдырган тасма болгону менен, жакшылап байкасаңыз, каармандардын кийинүү стили заманбап.
  • "Карадайы" тасмасы жарыкка чыккандан тарта түрк элинин арасында "режиссёр криминалдык эпизоддорду көп колдонгон" деген кептер кызуу талкуу жараткан.
  • Кинонун режиссёру Улуч Байрактар башында криминалдуу триллер жаратууну көздөгөн. Бирок сценарист Эйлем Жанполаттын сунушу менен криминалдык мелодрама тартышкан.
  • Актёр Кенан Имирзалыоглу: "Тасма талаасында мушташуу сценалары көп болду, 24 саат бою уктабай съёмкада жүрүүгө туура келгендиктен, акыркы убакта катуу чарчап калдым",- деп айткан.
  • Бергүзар Корел тасмада "Мен бир адамды сүйдүм" аталышындагы ырды саундтрек катары ырдап күйөрмандарын кубандырган.
  • Кенан Имирзалыоглу тасмадан тапкан каражатына Түркияда дүркүрөгөн той берип, актриса жана модель Синем Кобалга баш кошкон.
  • Сериалдын популярдуулугун ушундан билиңиз, интернет айдыңында "Карадайы" аталышындагы онлайн оюн пайда болгон.

Тазагүл Эмилбек кызы
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(8)
15.08.2016. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Соонун кино ушул мен казакстан каналынан корот элем
15.08.2016. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сонун кино былтыры казакстан каналынан корот элем ушул кинону
15.08.2016. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай болуп которулат орусчасын жазып койгулачы сураныч кинонун аты
15.08.2016. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кинонун аты кандай болуп которулат жазып койгулачы)))))
15.08.2016. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карадайы эле орусчасында деле
16.08.2016. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
НТС каналынан узбой коробуз сонун кино
20.08.2016. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бергюзар Корель мыкты актриса! Кенен Имирзалыоглу уйлондубу)) дагы да кимге? Актриса Синем Кобалга)
21.08.2016. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Назиф Кара да мыкты аткарган
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо