Азиза Анарбаева, Жаныбек Алыкуловдун жубайы: "АТА-ЭНЕМДИН КАРШЫЛЫГЫНА КАРАБАЙ ЖАНЫБЕККЕ ТУРМУШКА ЧЫККАМ"

№720 19-август-25-август, 2016-ж

"Шорпо, шорпо, шорпо, шорпо ичкиле" деп ырдаган Жаныбек Алыкуловдун арабыздан узаганына эки жылдан ашты. 54 жашында жарык дүйнө менен кош айтышкан куудулдун артында пародия, сатира, ырлары калды. Атын өчүрбөс уул-кыздары бар. Куудулдун чыгармачылыгына дем-күч берген жубайы экөөнүн ортосундагы жалындуу махабат, жакшы жашоолору тууралуу бирде жашып, кайра күлүп айтып берди.

"КЫЗ-ЖИГИТ КЕЗДЕ САТЫП БЕРГЕН ӨТҮГҮ АЗЫР ДА БАР"

- Экөөбүз 1988-жылы Ош облустук филармониясында таанышканбыз. Филармониянын жетекчиси Токон Эшпаев баарыбызды чакырып, "Токтогулдан бир жигитти ишке алып жатабыз. Аябай таланттуу экен. Партиянын мүчөсү" деди. Атагын угуп келишин күтүп жүргөн күндөрдүн биринде чачы тармал, толук жигит келди. Жаныбекти "Мыскыл жана тамаша" берүүсүнөн көргөндүктөн, дароо тааныдым. Ачык-айрым мүнөзү менен кесиптештерге бат эле аралашып кетти. Мен ал кезде Эгемберди Талиповдун "Тоонун кечи" аттуу ырын ырдачумун. Ал ошол ырды аткарганымды көрүп, мени жактырып калгандыгын айтып бат-баттан киного чакырып баштады. Ал кезде кафе-ресторанга деле көп кирчү эмеспиз. Экөөбүз Ак-Буура дайрасын бойлоп басып жүрө берчүбүз. Кайталанган көрүнүштөн тажадыбы, бир жолу мени ресторанга чакырды. Барсам жанында Абдылда Иманкулов бар экен. Дасторконду жайнатып аябай сыйлады. Акчасын төлөгөнгө келгенде Абдылда "сыртка чыгып туралы" деп мени ээрчитип чыгып, алаксытыш үчүн бир нерселерди сүйлөп жатты. Жаныбек бир топ убакыттан кийин чыкты. Көрсө, официант туура эмес эсептеп, акчасы жетпей кармалып жаткан экен. Ал окуяны кийин айтып берген.
Бир жолу Ак-Талаа районуна концерт коюп бардык. Дүкөн кыдырып жүрүп Италияда тигилген өтүктү сатып алгым келди. Аябай кызыгып, кармалап көрүп кетип калгам. Мейманканага барсам Абидин Темиров "Азиза, сени Жаныбек чакырып жатат, биздин бөлмөгө барсаң" деп ээрчитип келди. Кирерим менен кол чаап, жагымдуу сөздөрүн айтып өтүктү бергенде аябай сүйүндүм. Ал бут кийим азыр деле сакталып турат.

"КАРШЫЛЫКТАРГА МОЮН СУНБАЙ БАШ КОШТУК"

- Бир жыл сүйлөштүк. Жакемдин акындык жайы бар болчу. Ооруп калып жумушка келбей жүрдү. Ошол учурда мага арнап жазган ырларын Абдылдадан берип жиберчү. Ал "сага ашык болуп ыр жазып, Байдылда Сарногоевди жолдо калтырмай болду" деп тамашалап ырларды алып келип берчү. Үйлөнгөндөн кийин ыр деле арнабай калды. 1989-жылы мени эжесиникине алып барып баш коштук. Башында менин ата-энем, туугандарым "сага бойдок жигит табылбай калдыбы, тийбейсиң!" деп катуу каршылык көрсөтүштү. Алардын каршылыгына моюн сунбай сүйгөнүмө турмушка чыктым. Ал учурда мен 20, жолдошум 29 жашта болчу. Ортобуздагы жаш айырмачылык деле билинген эмес.
Экөөбүз турмуш кургандан кийин борборго көчүп келдик. Жашай турган жерибиз жок, цирктин мейманканасынын бир бөлмөсүндө жашап калдык. Улуу балабыз ошол жерде жарыкка келди. Мен толгоо тартып жатсам, Абдылда уул, Жаныбек кыз төрөлөт деп мелдешип жатышат. "Эгер эркек төрөлсө, костюм-шым алып бересиң" деп Абдылда жолдошумду тамашалап, мени ооруканага жеткиришти. Кыйналып ары-бери басып жүрсөм, дарыгерлер кыраан-каткы түшүп, Михаил Горбачёвдун үнү угулуп калды. Жакшылап тыңшасам, жолдошум дарыгерлерге аны туурап берип жатыптыр. Ошентип мен кыйналып, ал элди күлдүрүп жатып эркек балалуу болуп, Абдылдага костюм-шым сатып бергенбиз.

"КЫЗГАНЫЧТЫН АЙЫНАН КОЛ КӨТӨРГӨН УЧУРУ БОЛДУ"

- «Шорпо" деген ыры чыгып, элге аздыр-көптүр таанылып калган. Ал учурда деле күйөрман кыздар кат жазып, сахнанын артына келип кол тамга алып кетишчү. Күйөрмандарынан келген каттарды көзү өткөнчө сактап жүрдүм. Окуп берсем күлүп эле койчу. Сахнанын артына келип, менин көзүмчө эле сөзгө тарткан кыздар болгон. Андайда кызгансам да билгизбейт элем. Жаныбектин чыгармачылыгын колумдан келишинче колдогонго аракет кылдым. Жаш кезинде ойноктоп 3-4 күн үйгө келбей койгон күндөрү болду. Кайрылып келгенде таарынсам да, жаныма келгенине кубанчумун. Ортобуздагы кызганычтын айынан урушуп, мага кол көтөргөн учурлары болду.

"АКАЕВДИ ТУУРАГАНЫ ҮЧҮН БАШ БАЙГЕДЕН КУРУ КАЛГАН"

- 1992-жылы борбордо куудулдардын сынагы болгон. Аталган концертте Жаныбек мушкердин формасын кийип Аскар Акаевди туурап чыккан. Ал сынакта баш байге Күмөндөр Абыловго ыйгарылып, зал толгон эл Жаныбекти колдоп, баш байгени берүүнү талап кылып жарым саат кол чаап кетпей коюшкан. Айрымдары калыстарга нааразычылык көрсөтүп, сахнага чейин чыгып кетишкен. Толкуган элди маданият министринин орун басары араң токтоткон. Ал окуядан кийин жолдошум катуу сынды. Анан Жалал-Абадга көчүп кеттик. Гезиттерге "Жаныбек, биз сени менен!" деген макалалар чыкканда, эл президент куугунтукка алды деп ойлоп калышты. Бийлик тараптан үй-бүлөбүзгө эч кандай коркутуу болгон эмес. Тескерисинче, эки жолу Аскар Акаев алтын саат белек кылган. Ал жакта 4 жыл жашагандан кийин кайра Бишкекке көчүп келдик. Батирден батирге көчүп, көпчүлүк үй-бүлө кечирген турмушту өткөрдүк. 1998-жылы филармонияга 9 күн концерт бердик. Жарыя бергенде 7 күн дегенбиз. 7 күн тең залга эл батпай, 9 күн коюп, түшкөн акчасына азыр жашап жаткан үйдү алганбыз.

"25 ЖЫЛДЫК ЖАШООБУЗ 25 КҮНДӨЙ ЭЛЕ ТУЮЛАТ"

- Биз аябай бактылуу жашадык. Концерт, гастролдордо эле чогуу ырдабастан, үйдө дагы ырдай берчүбүз. Жаныбек бош болгондо эле аккордеонун ойноп калчу, мен жанына туруп ырдайт элем. Жаныбек аябай камкор болду. "Муздак сууга кол салба" деп жылуу суу киргизип, кир жуугуч машина сатып берип, "от жакпа, электр тогун колдон" дечү жарыктыгым. Балдар ооруп калса дароо ооруканага алып барып же дары алып келип берчү. Балдарына бир да ирет кол көтөргөн жок. Мыкты ата, жолдош болчу. Аны Жаке десем, мени Зюз деп эркелетчү. Урушуп кеткенде эле Азиза дебесе, калган учурда эркелетип кайрылат эле. Азыр бизге Жаныбек ушунчалык жетишпей турат (каарманыбыз жүрөк тушуна колун коюп жашып ийди)...
Тирүүлүктөн күтүүсүз кете берди. Сары-Челекке токтогулдук жердештери менен шеринеге барганга камынып жатканбыз. Күтүүсүздөн кан басымы көтөрүлүп, жандандыруу бөлүмүнө түшүп калды. 6 күн ооруканада жатты. Жанынан чыкпай, аман калышын тилеп үмүтүмдү үзгөн жокмун. Колумду кысып бир нерселерди айтып жатты. Бирок сөзүнө түшүнгөн жокмун. Көрсө, коштошуп жаткан экен. Көзү өткөндөн кийин күндө түшүмө кирчү болду. Андайда эч кимге айтпай көрүстөнүнө барып ыйлап, көкүрөктөгү ызамдан арылып алчумун. Азыр жалгыз барбай калдым, балдарыбыз менен чогуу барып турабыз.



Султан Төрөбеков
star@super.kg


"Жаныбек менен бирге жашаган 25 жыл 25 күндөй эле сезилет" дейт Азиза Анарбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(22)
SUPER.KG видео
20.08.2016. 03:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жаткан жери жайлуу болсун. Сабырлуу кайраттуу болун эже. Жашабай кеткен калган жашын сизге балдарына берсин. Отуп кетти деп телевизордон укканда апам экообуз аябай кайгырдык эле. Андан кийин эле удаа озумун апам отуп кеткен бир жакшына журуп эле. Давления деген оруу жаман экен да. Айлабыз жок экен да ыйлап сыктап журо берет экенбиз. Жакшы адамдын омуру кыска дегенге ишенип калдым. Кайрат кылыныздар башка айлабыз жок
Медиа-портал
20.08.2016. 03:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аябай сонун маек курупсуз оозунузду тосо берип тумчкутуруп таштадыныз бирок
Медиа-портал
20.08.2016. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эххх азиза алыкуловага сабырдуулук каалайм....
22.08.2016. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аялы жакшы адам экен. Бактылуу болунуз. Жашоо улана берет. Гульнур сатылганова сизге окшош той сезилди ,келбет жагынан
22.08.2016. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун аябай таланттуу болчу!
22.08.2016. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коздору Салахидиновага окшош экен.
22.08.2016. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуунун кучу керемет деген ырды ырдайбы?
22.08.2016. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаныбек Алыкулов экоо ырдаган ырын кошуп коюнуздарчы супер суранам.
22.08.2016. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
22.08.2016. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн сонун маек болуптур, жаткан жери жайлуу топурагы торкуу болсун. Эжебизге узун омур ден соолук каалаймын.
22.08.2016. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайым сабыр берсин ото жакшы. Бактылуу кундор откоргон экенсиздер
23.08.2016. 08:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайгынызды тен болушкум келип турат. Сабырдуу болунуз.
23.08.2016. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Албетте, Жаныбек Алыкулов сыяктуу таланттын эрте кеткени өкүнүчтүү, бирок Азиза айымдын чыканактарын столдун үстүнө коюп, оозун тосуп сүйлөгөнү - анын өзүн кыйнап, оюнан чыгарып, жалган айтып атканын билдирет.
27.08.2016. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
asmera,сиздики бир аз так эмес болуп калды окшойт. Эгер байкасаныз, эже башында анан аягында ыйлап жатканда колун алдына тосуп алган, а отук ж.до айтып берип жатканда ачылды. Бул деген, анын колдору кудум "защита", коргонуч, калкан сыяктуу, аларсыз озун "беззащитная" сезгендей. Ал эми оозун аялдар калп айтканда эле эмес, кобунчо коп нерсе, ашыкча нерсе айткысы келбегенде ж б коп жагдайларда деле жабат, албетте, нускасы коп гезитке интервью берип жатканда абайлабай анан эмне,
27.08.2016. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
asmera, балким, жолдошунун козу тируу болгондо минтип тосунбайт беле? Жан шеригинди жоготуу оной эмес, окумуштуулапдын изилдоосу боюнча, бул жоготуу ото оор стресстердин катарында экен.
24.08.2016. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ошондо Манас Алыкуловдун апасыбы Азиза эже?
24.08.2016. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаныбек байкедей адамды ким жакшы көрбөйт? Аялын аябай эле түшүнүп турам... Пендечилик экен, кайрат кылыңыз
Медиа-портал
24.08.2016. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы Азиза эжеке Тоонун кечи ырынызды суперге жуктонузчу жана дагы болгон ырларынызды кутобуз. Супер инфо жардам бериниздерчи.
Медиа-портал
24.08.2016. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lazat,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
24.08.2016. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соонун маек болгон.
24.08.2016. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаныбек Алыкуловдун козу отсо да анын аты эч качан очпойт ырлары дайым эл оозунда айтылып журот.Жаткан жери жайлуу болсун
27.08.2016. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эн мыкты сатирик эле раматылык
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо