АНДРОЛОГ КЕҢЕШ БЕРЕТ

№720 19-август-25-август, 2016-ж

Окурмандардан келген суроолорго медицина илимдеринин кандидаты, уролог-андролог Чыныбек Алимов жооп берет.

"КҮЙӨӨМДҮН УРУКТУГУ СУЮК"

– Жолдошум экөөбүздүн жашаганыбызга беш жыл болду. Бирок балалуу боло албай жатабыз. Жолдошумдун уруктугу суюк, ошондон улам боюмда болбой жатабы деп ойлойм. Жолдошума текшерил десем болбойт. Мен гинекологго барсам баары жайында эле экен.

Акыйкат, Нарын

– Жолдошуңуздун уруктугунун сапатын такташ үчүн лабораториялык анализ тапшыруу керек. Ал анализдин аты спермограмма деп аталат, аны тапшырыш үчүн бир нече шартты аткарыш керек, мисалы, жыныстык тыныгуу 3-5 күн, спирт ичимдик ичпөө, мончого түшпөө. Булардын баарын дарыгер тактап, түшүндүрүп берет. Эгерде сизди гинеколог көрүп баары жайында десе, анда жолдошуңуз сөзсүз түрдө көрүнүшү керек. Азыркы заманда тукумсуздук маселесин чечүүгө болот.

"УРУКТУГУМ БАТ ЭЛЕ ТҮШҮП КАЛАТ"

– Уруктуктун бат эле түшүп калышы эмнеден улам болот?

Асылбек, Ак-Талаа

– Простата безине суук өткөндө ушундай болушу мүмкүн. Дарыгерге көрүнүңүз, простата безин текшериш керек.

"АР КАНДАЙ ООРУЛАРДАН ПРЕЗЕРВАТИВСИЗ САКТАНСА БОЛОБУ?"

– Азыр жыныстык жактан жугуучу ар кандай оорулар көп. Алардан презерватив кийбей эле коргонсо болобу? Мисалы, мазь, таблетка, жууй турган атайын суулар болобу?

Камчы, Каракол

– Эң коопсуз жана колдонуу үчүн оңой презерватив болуп саналат. Мазь, таблетка жана жууй турган суулар презерватив сыяктуу коопсуздукту сактай албайт жана аларды көп колдонгондо ден соолукка зыянын тийгизиши мүмкүн.

"ЖЫНЫСТЫК МҮЧӨМДҮ ЧОҢОЙТСО БОЛОБУ?"

– Мен студентмин. Достор чогулуп калганыбызда кумарга батуу тууралуу сүйлөшүп калабыз. Мен ушул кезге чейин анын даамын татып көрө элекмин. Ошентсе да оюмдан чыгарып бир окуя айтып коём. Анткени менин жыныстык мүчөм кичине, ошондон уялам. Кантип чоңойтсом болот?

Турар, Токтогул

– Турар, албетте, жыныстык мүчөнү чоңойтуу ыкмалары бар, бирок ал ыкмаларды баарына эле колдонууга болбойт. Себеби кээде өзгөчө жаш жигиттер өздөрүнүн норма чегиндеги мүчөсүн деле кичине деп ойлоп, уялып жүрүшү мүмкүн. Маселеңизди чечиш үчүн дарыгерге кайрылыңыз. Ал сиздин жыныстык мүчөңүздү көрүп, анан кеңеш берет.

"УРУКТУКТУ КАНТИП АКТИВДЕШТИРСЕ БОЛОТ?"

– Дарыгерге барып көрүнсөм "кыймылдуу уруктарыңдын саны аз экен" деди. Кантип активдештирсем болот?

Болот, Чолпон-Ата

– Уруктун кыймылдоо касиети – бул бир гана көрсөткүч. Аны менен диагнозду тактоо жана дары жазып берүү туура эмес болуп калат. Спермограмманын 20дан ашык көрсөткүчү бар, ошолорду жалпы карап, андан сырткары дагы бир нече анализдерди берип, анан себебин тактап кеңеш берүү туура болот. Азырынча биз сизге сергек жашоо, туура тамактануу жана ден соолукка зыян болгон адаттардан алыс болуңуз деп кеңеш беребиз.

"БҮТҮРӨ АЛБАЙ КЕЧКЕ КЫЙНАЛАМ"

– Аялым менен жатканда бүтүрө албай кечке кыйналам. Бул эмнеден? Же аялымдын кыны кеңейип кеткендиктенби?

Темир, Бишкек

– Себептери көп, сиз айткандай да болушу мүмкүн. Бирок көпчүлүк учурда бул психологиялык маселе. "Мен көптө бүтөм, аялымдын кыны кеңейип кеткен болуш керек" деген шектенүүлөр сизди кыйнап жатышы мүмкүн. Сексопатолог деген адис ушуга окшогон маселелерди карайт, кайрылыңыз. Сиздин маселеңизде, биринчиден, простата безине суук өткөн жокпу аныкташ керек, андан кийин адистен кеңеш алуу туура болот.

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз. Суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(11)
22.08.2016. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
сонун тема экен издеген суроомо жооп таптым
22.08.2016. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммм даа врачка кайрылыш кк экенда анда,Ж)Абад обл..ишеничтуу адис барбы,корунойун дегем
22.08.2016. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
o.aza,
Эргешов орозмамат деген ьар жалал абадда. 70 жаштан отуп калды. Тажрыйбасы чон.До обеда тубдиспансерде,после обеда медколледждин капталында (микстин жанындагы мед колледж) частный офиси ьар ошол жерде иштейт. Результат болот
22.08.2016. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мм. Паайдалуу кенештер экен.
22.08.2016. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Спермасы суюк деген коюк спермаларды коруп койгон эмеспи
22.08.2016. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
yazem, owondoi go)))))
22.08.2016. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
узаак болсо аялына жагат болуш керек,
бири тез тушот десе, бири узаак деп кыжалат:-):-)
27.08.2016. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Андролог деген андроид адамдарды текшереби.
28.08.2016. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
комментарий жазгандар таппаганынар жок.
07.02.2017. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ томонку номерге чалып кенеш алсада болобу же смс жазуу ккби
08.02.2017. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adhambek, саламатсызбы? Кат аркылуу kenesh@super.kg электрондук дарегине жазсаңыз, ал эми (0312) 32 33 26 номерине чалып, сурооңузду калтырсаңыз болот.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-02-08 10:48:56
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо