КЫРГЫЗСТАН ЕАЭСТЕ 1 ЖЫЛ: МАЙ КӨЛ, СҮТ КӨЛДӨН ДАЙЫН ЖОК...

№720 19-август-25-август, 2016-ж

Кыргызстандын ЕАЭСке киргенине 12-август күнү толук бир жыл болду. Быйыл Орусиянын Сочи шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жолугушуусу дал ушул күнгө туура келди. Аталган жолугушууга Кыргызстан биримдиктин ичинде жаралган өз көйгөйлөрүн көтөрүп барды. Коомчулук көрүп-билип тургандай, кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык көзөмөл алынбай келет, эркин соода алмашуу боюнча убадалар да аткарылган жок.
Бирок Кыргызстанды колдон-буттан байлап турган ветеринардык көзөмөлдү алып салуу маселеси бул ирет да чечилген жок. Керек болсо бул маселе кеңештин жыйынында күн тартибине да коюлбады.
Бул боюнча вице-премьер Олег Панкратов: "Ветеринардык постторду алып салуу маселеси ачык бойдон калууда. Ал посттор качан алынат, азырынча айтуу кыйын",- деп билдирди.
Кезинде ЕАЭСке кирер алдында Кыргызстанды аталган уюмда май көл, сүт көл күтүп турары бийлик тарабынан байма-бай айтылган эле. Азырынча аткаминерлер өлкөбүздө өндүрүлгөн азыктар коопсуз экенин коңшуларга ишендире албай келишүүдө.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо