Бийликти күч менен басып алууга шектелип камакка алынган БЕКТУР АСАНОВ менен КУБАНЫЧБЕК КАДЫРОВДУН иши сотко өткөрүлдү. Аталган иш Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралат.
- Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму жарыялаган ИННОВАЦИЯЛЫК ӨЛКӨЛӨРДҮН рейтингинде Кыргызстан 128 өлкөнүн арасында 103-орунду ээледи. Коңшу Казакстан 75, ал эми Тажикстан 86-орунда.
- Акыркы 5 жыл ичинде кыргыздар тарабынан МОСКВАДА ташталган 58 бала Кыргызстанга алып келинген. Алардын 33үн башка адамдар багып алса, 7син өз үй-бүлөлөрү алып кетишкен. 18и учурда балдар үйлөрүндө.
- 7 ай ичинде №47-АБАКТА 14 адам каза тапкан. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы маалымдайт.
- Калифорния университетинин окумуштуулары 70 жылдан соң глобалдык аба ырайынын өзгөрүүсүнө байланыштуу бир катар шаарлардын катарында Бишкекте да Олимпиада өткөрүүгө мүмкүн болорун айтып чыгышты. Мындан улам 2084-жылкы ЖАЙКЫ ОЛИМПИАДА оюндары Бишкек шаарында өтүшү мүмкүн.
- Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы өлкөнүн аймагындагы абактарга азык-түлүк сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, азык-түлүктүн жалпы баасы 42 МИЛЛИОН сомдон ашат.
- Кыргыз Республикасынын Орусиянын Екатеринбург шаарындагы башкы консулу ТӨЛӨНБАЙ КОЖОБАЕВ кызматынан бошотулду. Ал бул кызматка 2012-жылы дайындалган болчу.
- КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫНЫН ачылышына билеттер 300 сомдон 3800 сомго чейин болот. Ал эми жабылуу аземине билеттер 300 сомдон 2000 сомго чейин бааланмакчы.
- Келечектеги МИГРАНТТАРДЫН абалын жакшыртуу үчүн жогорку класстагы окуучуларга техникалык билим берүү каралууда. Маселен, кыздар мектептен медайымдыкка үйрөнсө, чет жактан бул жумуш үчүн 1500-2000 доллар маяна алуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынан билдиришти.
- Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы БООМ КАПЧЫГАЙЫНДА 16-25-август күндөрү саат 9дан 15:00гө чейин таштар кулатылмакчы. Бул аралыкта жолдун бир тарабы жабылуу болот.
- Бишкек, Ош шаарларындагы 10 МЕКТЕПКЕ "Дин маданиятынын тарыхы" аттуу сабак пилоттук негизде киргизилүүдө. Бул тууралуу Дин иштери боюнча Мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиев билдирди.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg