КАШКА КАМ КӨРҮҮ

№721 26-август-01-сентябрь, 2016-ж

Учурда кыздар арасында табигый көрүнгөн калың каш модада. Бирок ал бардыгына эле жараша бербейт. Кашты формага келтирүү, кам көрүү жана башка кеңештерин косметолог-визажист Жаркынай Касымова айтып берет.

УЧУРДАГЫ ТРЕНД – СКАУС

Бул мырзалардын кашындай жоон, калың, табигый көрүнүшүн сактаган каш. Мындай каш үчүн мурун коррекция жасалган кашты өстүрүп, анан кайра коррекция жасоо керектелет. Башкача айтканда, бир сызыкта кылып тербей, каштын алдынан чындап ашыкча (ар жерде сербейген) делгендерин гана тересиз. Ал эми каштын үстү жагы тегиз болушу шарт. Эгер кашыңыз суюк болуп, жакшы өспөй жатса, анда капаланбаңыз. Тень же карандашты колдонуп, жоонойтуп алсаңыз болот.

КАНДАЙ БЕТКЕ КАНДАЙ ФОРМАДАГЫ КАШ ЖАРАШАТ?


Сүйрү (чап жаак) бетке догоо сымал каш (дугообразный) жакшы жарашат. Мындай бет түзүлүштүн жана каштын ээси – белгилүү америкалык актриса Жессика Альба.


Тегерек формадагы беттерге өйдө көтөрүлүп барып, бурчу чыккан формадагы каштар жарашыктуу болот. Мындай келбеттин ээси – ырчы жана актриса Хайден Панеттьери.


Төрт бурчтуу бетке ай сымал формадагы каш жакшы жарашат. Себеби бетти тегерек кылып көрсөтөт. Буга актриса Сандра Буллок мисал болуп бере алат.


Бети узун, сүйрү формадагы айымдарга жалпагыраак, уч жагы гана бир аз ылдый ийилген каштар сунушталат. Буга театр жана киноактрисасы Натали Портман кирет.

КАРАНДАШ ЖАНА ТЕНДИ ТУУРА ТАНДОО

  • Кургак карандаш тандап алуу шарт.
  • Чач менен каштын өңү окшош болбошу керек. Чач ачык түстө болсо, күрөң түстөгү тень жана карандаш колдонулат.
  • Кара тору кыздарга күрөң менен боз түстөгү карандаш жана тень керектелет.

КАШТЫН ФОРМАСЫН АНЫКТОО


1. Карандашты мурун таноосунан көздүн кычыгына түз коёбуз, кесилишкен жерин каштын башталыш чекити кылып белгилеп алабыз. Демек, 1-чекиттен баштап 2-каштын аралыгында өскөн каштар терилиши керек.
2. Карандаштын мурун таноосу менен көздүн карегин кесип өткөн жерин каштын эң бийик чекити кылып белгилейбиз.
3. Карандашты мурун таноосунан көздүн сырткы кычыгына койсок, каштын узундугунун чекити келип чыгат.
Эми белгилеген чекиттерди карандаш аркылуу бириктиребиз. Ашыкча кашты терип, каштын уч жагы кыска болуп калса, ал жерди тень жана карандаш менен чиебиз. 
Эгерде каштын формасын чыгарып чие албасаныз, эч капаланбаңыз. Сиз каш чийүүчү трафарет аркылуу кашыңыздын формасын чийип, боёп алсаңыз болот.

ТАТУАЖ


1. Текши татуаж. Каштын формасы бетиңиздин формасына жараша жана сиздин каалооңузду эске алуу менен чийилип, каштын өңү тандалат. Анан ичи тегиз текши боёк менен боёлот. Бул арзаныраак.
2. Талча түрүндөгү татуаж. Бул кашты каштын талчаларына окшоштуруп чийүү. Татуаж жасоодо каштын өңү эске алынат. Ошондой эле беттин формасына жана сиздин каалооңузга жараша жасалат. Бул түрү кымбат.
Татуаж 6 айдан 5 жылга чейин кармалат. 20 жаштан баштап жасата берсе болот.

Татуаж кимдерге жана кайсы учурда жасалбайт?

  • Кош бойлууларга;
  • Дарыланып жаткан мезгилде;
  • Этек кир келген кезде;
  • Кант диабети жана гепатити барларга.

КАШКА КАМ КӨРҮҮ

1. Осмонун ширесин сыгып алып кашка сүйкөш керек. Мунун артында каш жок жерлерге каш өсүп, каштын өңү карарат.
2. Кастор майын уктаардан жарым саат мурун сүйкөгөн жакшы. Кастор майы кашты өстүрөт.

Нурайым Өмүрбек кызы
kenesh@super.kg


Кашка кантип туура кам көрүү керек?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(17)
SUPER.KG видео
27.08.2016. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы модель тандабаптыр
SUPER.KG видео
27.08.2016. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чон рахмат
29.08.2016. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эки кашы эки башка форма болуп калдыго.
29.08.2016. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Болбой калдыго
29.08.2016. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
трафарет дегени эмнеси
29.08.2016. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уч бурчтук каш тегерек бетти андан бетер тегерек, кашынын озун кыска кылып корсотуп коет. Бурчу кескин чыккан эмес, башка вариаттарын караштырган эле жакшы.
aijan түзөттү 2016-08-29 14:16:43
29.08.2016. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Татуажды кантип жасайт эмне кылуу керек ценалары жонундо да макала берсениздер соонун болмок жана пайдасы зыяны жонундо.
29.08.2016. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sagyndym90, саламатсызбы? Сунуш-сурооӊуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
29.08.2016. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чала кыргыз!
01.09.2016. 04:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Татуаж мусулмандарга куноо дешет ошол чындыкбы?
01.09.2016. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оа...мусульман аялдар учун куноо кудай берген нерсеге шугур кылбаштык болот.
01.09.2016. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
эркектерге да жазып чыгыныздар
01.09.2016. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшысы осмо
02.09.2016. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
каш м.н чачка тийбегиле
02.09.2016. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каш терген кунооо болот !!!
04.09.2016. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу кыргыздар биз кыргыздардын жети атабыз тегибизге чейин мусулман, биз чыныгы мусулман болуп торолдук Эгер сен бейишке киргин келсе токтот каш маш тергенинди каш теруу арам чочконун эти арамго ошол сыяктуу эле арам, Аллах Берген сулуулука баш ийбей Аллах Берген сулуулукту бузуп кашындын формасын бузуп аласын кашынды терсен Аллах Жана анын элчиси Мухаммад с.а.в мындай деген кимде Ким кашын терсе менин каргыш наалатым болсун деген ал деген менин Мээримимден алыстатылды деген соз, Ойлон?
Chikmai түзөттү 2016-09-04 12:52:19
05.09.2016. 06:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен кашымды терип көргөн эмесмин, бирок "терип ал да" дегендер көп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо