-

Өлкөдөгү балдардын 70 пайызы
ЙОДДУН ЖЕТИШПЕСТИГИНЕН жабыркайт. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, калктын 17-20 пайызы гана тамакка йод кошулган туз пайдаланат.
-
2016-жылдын 7 айында өлкөдө 64 өспүрүм ӨЗ ЖАНЫН КЫЙГАН. Мындай маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.
-
"АЛЬФА" атайын кызматтагы аскер бөлүгүнүн мурунку командири Алмаз Жолдошалиев мунапыс аркылуу эркиндикке чыкты. Ал Апрель окуясы боюнча соттолуп, 6 жылга эркинен ажыратылган болчу.
-
ТӨЛӨНБАЙ КОЖОБАЕВ Мамлекеттик миграция кызматынын Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси болуп дайындалды.
-
Өлкөдө диний ЭКСТРЕМИЗМ ЖАНА ТЕРРОРИЗМГЕ айыпталып 100дөн ашуун адам камакта отурат. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Жапаров билдирди.
-
Депутат Дастан Бекешев мектептерди 6 эмес, 5 КҮНДҮК ОКУУГА өткөрүүнү сунуштап жатат. Аталган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
-
Кыргыз мамлекетинде өлүмгө көп алып барган оорулардын сап башында жүрөк-кан тамыр оорулары болсо, ОНКОЛОГИЯЛЫК ООРУЛАР экинчи орунда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдайт.
-
Жогорку Кеңештин экс-депутаты НУРЛАН ТӨРӨБЕКОВ 25-августта узакка созулган оорудан көз жумду. Ал Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында "Ар-намыс" фракциясынан депутат болгон.
-
Өзбекстандын аймагындагы БАРАК эксклавынын тургундары Кара-Суу районундагы Беш-Үй айылына көчүп отурукташа башташты.
-
Экс-президент РОЗА ОТУНБАЕВА Европа коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун (ЕККУ) улуттар азчылыгы иштери боюнча жогорку комиссары кызматына шайланышы мүмкүн. Анын талапкерлигин учурда таасирдүү Германия колдогону айтылууда.
-
Ак үй менен Бишкектин борборундагы мунара саатынын долбоорлорунун автору АСКАР ИСАЕВ 85 жаш курагында көз жумду.
-
Ички миграциянын өсүшүнөн улам Бишкектин мектептеринде орун тартыштыгы болуп жаткандыктан, борборго дагы 30 МЕКТЕП курулат. Бул тууралуу Бишкек мэри Албек Ибраимов билдирди.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg