ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

№722 02-сентябрь-08-сентябрь, 2016-ж

КООМДО

Эйжизм
– бул саясий термин. Англис тилинен алынган, бизче "age" – "жаш курак" дегенди билдирет. Улуу же жаш муунду дискриминациялоо. Алып айтсак, жаштар кайсы бир иштерди туура ойлоно албайт, туура баа бере албайт жана калыстык кыла албайт, ал эми карылардын күч-кубаты жок деп эсептөө. Башкача айтканда, жаштардын жана улуу муундардын укуктарын кысуу жана сыйлабагандык. Эйжизм терминин АКШнын Улуттук карылык институтунун директору Р.Батлер бир муунду башка муундун дискриминациясы деп белгилеген.

МОДАДА

Тоут
– сумканын бул түрү учурда модада. Tote – англис сөзү, бизче "көтөрүп жүрүү, алып баруу" дегенди билдирет. Сиз кандай гана жумушта иштебеңиз, сумканын бул түрүн көтөрө аласыз. Анткени бул классика түрүнө кирип, чоң жана көтөргөнгө ылайыктуу кармагычтарга ээ. Азыркы тапта сумканын чарчы жана тик бурчтуу жаңы моделдери чыгууда. Ал абдан бышык болгондуктан сиз ага ноутбук жана башка буюмдарыңызды салып, жайында да, кышында да көтөрө берсеңиз болот. Жынсы, жайкы көйнөк жана кедалар менен көтөргөндө абдан жарашыктуу көрүнөт.

ПСИХОЛОГИЯДА

Мультитаскинг
– латын тилинен "multi" – "көп", ал эми англисчеден "task" – "маселе" дегенди түшүндүрөт. Бул психологиялык термин. Бир эле учурда көптөгөн иштер менен алек болуу дегенди түшүндүрөт. Мультитаскинг терминин иш берүүчүлөр "карьералык өсүштүн күрөөсү" деп аташат. Ал эми психологдордун айтымында, адам бир убакта бир канча маселени башына үйүп ала турган болсо, анда ал кылып жаткан ишинен пайда чыкпайт жана эффективдүү болбойт.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(1)
11.09.2016. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыктуу экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо