МОНГОЛДОРДУН КҮЙӨӨ БАЛАСЫ - СТИВЕН СИГАЛ

№723 09-сентябрь-15-сентябрь, 2016-ж

Боевик жанрынын жылдызы, өтө каардуу көрүнгөн Стивен Сигал өзүн бардык жактан сынап келет. Калың журтка актёр катары таанылса, андан башка режиссёр, бир нече альбом чыгарган соло-гитарист, шериф, айкидо чебери... Айта берсе бул мырзанын көп өнөрү бар. Буга чейин Беларусь, Орусияга каттап калган актёрду Көчмөндөр оюнуна келгенде «мурунку совет өлкөлөрүнүн ар кайсы иш-чарасына катышуу ага адатка айланды да» деп басылмалар какшык аралаш жазып чыгышты. Көп жылдан бери полиция кызматында иштеп келаткан шериф же биз көнгөн боевик актёру Стивен Сигалдын жашоосу абдан кызык экен, окуп көрсөңүз.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Туулган жылы, күнү
– 1952-жыл, 10-апрель
Туулган жери – АКШнын Мичиган штаты, Лансинг
Тартылган тасмалары – «Өлүмгө каршы» («Смерти вопреки»), «Жылтыраган» («Мерцающий»), «Адилеттүүлүк үчүн» («Во имя справедливости»), «Өлүү эмес, тирүү эмес» (Ни жив, ни мёртв»), «Курчоодо» («В осаде») жана башкалар

1000ге чукул куралы бар

  • 1998-жылы Стивен будда динин кабыл алган.
  • 2016-жылы январда актёр Сербиянын жарандыгын алган.
  • Кинону хобби, музыканы негизги кесибим деп эсептейт.
  • Учурда ал 1000ге жакын куралды коллекциялайт.
  • Бош убактысында жибек курттарды багып, интернет-дүкөндөр аркылуу сатат.
  • Өзүнүн энергетикалык суусундук чыгарчу компаниясы бар.

АТА-ТЕГИ БЕЛГИСИЗ СИГАЛ

Голливуд жылдызы Стивен Сигалдын кайсы улуттун өкүлү экени дагы деле так айтылбайт. Анткени документте атасы еврей, апасы ирландиялык деп көрсөтүлгөнү менен, апасын көчөгө белгисиз адамдарга таштап кетишкенин актёр көп эскерет. Анан да чоң ата-чоң энеси Санкт-Петербургдан Америкага көчүп барышкан. Стивен өз сөзүндө «сенин чоң атаң монгол болчу» деп көп айтышчу. Чоң атамдын көзү чалыр, монгол баш кийимин кийген адамдар менен түшкөн сүрөттөрү бар» деп айтканы бар. Ага кошумча анын учурдагы жубайы Батсухийн Эрдэнэтуяа «монгол расасына таандык ымыркайдын жамбашындагы көк так биздин балабызда да бар. Бул деле жолдошумдун монгол расасынан экенин далилдейт» деп эксклюзивдүү маегинде айткан. 3 кыздын ортосундагы жалгыз уул Стив 7 жашынан каратэ менен машыгып, айкидо чебери Кёси Исисакинин колунда тарбияланат. Экөө ар кандай фестиваль-көргөзмөлөргө чыгып, Сигал эл оозуна бат эле алынып кетет. Кийинчерээк «чыныгы чеберлерден окуйм» деген болочоктогу актёр Японияга жол тартат. Ал жакка барганы да текке кетпептир, 22 жашында 1-данды (чеберчилик боюнча берилүүчү даража) алган Стивен додзё (медитация кылуучу жай) ачкан алгачкы америкалык болгон. Ошентип атактуу чеберлердин колунда тарбияланып, тез эле 7-данды багындырган.

КҮРӨШ ЧЕБЕРЧИЛИГИ ТАСМАГА АЛЫП КЕЛГЕН

Сигал 30 жашында кинобизнеске аралашат. Алгач тасма талаасына япон күрөш чеберчилигин көрсөтүү үчүн гана чакырылса, акырындан актёрлук жактан да өзүн сынаганга жетишет. Голливудда Стивен Сигал деген ысымдын чыгышына кезинде Брюс Ли менен машыгып жүргөн актёр Жеймс Коберндин салымы чоң. Экөө телеканалдарга конок катары барып, Сигал бычак, кылыч менен чеберчилигин көрсөтүп отуруп режиссёрлордун көзүнө илинет. 1987-жылы жубайы актриса, модель Келли Леброк (жубайлары тууралуу өзүнчө кеп козголот) менен «Мыйзамдын үстүндө» деген алгачкы тасмага тартылышат. 7 миллион долларга тартылган тасма күтпөгөн жерден 30 миллион доллар киреше алып келген. Андан ары тасмалар удаасынан тартылып, ийгилик кушу Стивенге конгондой эле болот.

БУДДИЗМДИ КАБЫЛ АЛАМ ДЕП КИНОДОН КЕТКЕН

Стивен будда динин кабыл алгандан кийин карьераны курмандыкка чаап, 3 жылча кинодон алыстап кетет. 2000-жылы «Борбордук сейил бактын ханзаадасы» тасмасында продюсерлик кылып жандана баштаганда актёрдун айланасында катуу чыр чыкпаспы. Кинобизнестеги өнөктөшү келишимди бузганы үчүн деп актёрго каршы 60 миллион доллар төлөсүн деп доо арыз менен сотко кайрылган. Сигал болсо мафия ар тасмасы үчүн 150 миң доллар өндүрүүнү каалап жатышканын айтып, тосмо доо арыз менен кайрылып, жыйынтыгында мафия кармалып, соттон утуп чыгат. Мындай ызы-чуу териштирүүлөр актёрдун капчыгын бир кыйла эле жукартып койгондуктан кайра көнгөн адаты киного кайтууга туура келет.

ЖУБАЙЫНАН ОЙНОШУН БИЙИК КӨРҮП...

Стивен биринчи жубайы япон кызы Мияко Фудзитани менен бир уул, бир кыздуу болгондо ажырашат. Төрт жылча бойдок статусунда жүргөн актёр Келли Леброк аттуу актриса менен табышып, баш кошушат. Бул жолку сүйүүсүнө да эки перзенттүү болгондо чек коюлат. Анткени ошол эле учурда актёр бала багуучусу 16 жаштагы Арисса Вульф менен көңүлдөш болуп жүргөнү ачыкка чыгат. Бала багуучусу үчүн никелешкен жубайынан кечип, ажырашып тынышкан. «Бирөөнүн көз жашына бакыт кура албайсың» деген анык кеп, Арисса бир уул, бир кыз төрөп бергени менен, алардын да сүйүүсү көпкө созулган эмес. Учурда Стивен жубайы монгол кызы, бийчи Батсухийн Эрдэнэтуяа менен бир уулду тарбиялап келишет.

Голливуд жылдызын мекендештер өзгөчө жылуу кабыл алышты.


Күрөш чебери Стивен дагы деле айкидо боюнча мастер-класс өтүп турат.


Стивен Сигал кезинде боевик тасмаларынын алмашкыс жүзү болгон.


"Жолдошум менин сырткы келбетимди гана эмес, ички дүйнөмдү, талантымды да баалайт",- дейт жубайы Батсухийн.


Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
12.09.2016. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Стивен Сигалга рахмат.
12.09.2016. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
babnik eken da
12.09.2016. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ата теги деле билинбейт тура Чынгызхан деле 350 аялы бар деп айтылат го...
12.09.2016. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jubayi kyrgyzga okwoyt ko
12.09.2016. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кыргыз кыздарды кастингден откоруп аткан, инстадан коруп калгам, кыздар болбой эле стиивен кастинг деп жазышкан болчу, эми эмне болот э а, бизге да жезде куйоо бала болуп кетпесе эле
15.09.2016. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
За то эч кимден кем кылбай багат да,.. Биздикилерге окшоп кор кылбайт
16.09.2016. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аллах кааласа миллярддеринди да кор кылат сенин С.Сигалын ким болуп калыптыр...Баардыгы байлыктан десен жаныласын!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо