УРОЛОГ КЕҢЕШ БЕРЕТ

№723 09-сентябрь-15-сентябрь, 2016-ж

Окурмандардан келген суроолорго медицина илимдеринин кандидаты, уролог Чыныбек Алимов жооп берет.

«БӨЙРӨГҮМ ТАЛЫП ООРУЙТ»

– Чалкаман, көмкөрөмөн жатканда бөйрөгүмдө оорутуу билинбейт. Капталымдан жатканда эле талып, салаңдагансып ооруй баштайт, бул эмнеси?

Акыйкат, Баткен

- Биринчиден, кайсы жери ооруп жатканын такташ керек. Капталынан жатканда ооруса бөйрөк эмес, бел деле оорушу мүмкүн. Андыктан дарыгердин текшерүүсүнөн өтүшүңүз керек. Ал ургулап көрүп, оору белгилерин сурайт. Анан заара, кан тапшырып, УЗИден бөйрөгүңүздү, табарсыгыңызды тарттырасыз. Мына ушулардын жыйынтыгынын негизинде диагноз коюлуп, дарылоо жүргүзүлөт.

«БУТТАРЫМ ШИШИП ЖАТАТ»

– Эки бутум тең шишип, кээде баса албай калам. Азырынча доктурга көрүнө элекмин, бирок билгендер «бөйрөгүң ооруйт болуш керек» деп жатышат.

Асылбек, Кант

- Негизи, бут шишип жатса 1-кезекте жүрөктү текшертиш керек. Бөйрөгүңүз оорушу деле мүмкүн. Бирок бөйрөк ооруса алгач бет, анан бут шишийт.

«БӨЙРӨКТҮ ДАРЫ ЧӨПТӨР МЕНЕН КӨТӨРСӨ БОЛОБУ?»

– Бөйрөк тушум ооругандыктан табыпка барып көрүнгөм. Ал «бөйрөгүң түшүп кетиптир» деп дары чөптөрдү жазып берди. Аларды алып барсам, дары жасап берди. Бөйрөктү дары чөптөр менен көтөрсө болобу?

Адилет, Нарын

-Бөйрөктү дары чөптөр менен көтөрбөйт. УЗИден, рентгенден өтүш керек. Аны диета жана көнүгүүлөр менен ордуна келтирсе болот.

Ар кайсы тармактагы адистерден кеңеш алгыңыз келсе, суроолорду (0312) 32 33 26 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(11)
12.09.2016. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы супер инфо? Краснуха деген оору жонундо да жаза кетиниздерчи...
12.09.2016. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dinajanka, саламатсызбы? Сунуш-сурооӊуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
12.09.2016. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
саламатсынарбы Оттону, мурундагы полип оорусу ж.до жазгылачы, боюнда болсо болобу Отто полип болсо ушулар жонундо
12.09.2016. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jurogumdosun, саламатсызбы? Сунуш-сурооӊуз тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
07.02.2017. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan,Админ сураныч ушул суроомо эле алып берчи Уролоктон.

саламатсызбы простатитке суук тийп чанылган болчум эч арыла албай жатам 3 4 жолу личеня алган болчум кошумча уролок берген даарыларында ичтим . озунон озу тамчылап калат заара ички киймге дагы эле же бираз сексуалдык козголсо суйук ширеге окшогон нерсе келет. Кантип арылсам болот спермада суюк болуп калган.Маструбация кп с бошонгондон кийн бир суюк шириге окшогон нерсе келет артынан ачышкандай болуп сийгим келет
Adhambek түзөттү 2017-02-07 19:44:17
08.02.2017. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adhambek, саламатсызбы? Сурооңузду kenesh@super.kg дарегине жибериңиз.
12.09.2016. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо сураныч диффузно таксический зоб жонундо кенен маалымат берип коюнуздачы. зобдо туз,йод жетишпесе ДТЗ да тескерисинче туз коп болот дейт.
13.09.2016. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
u.n.m, jurogumdosun, саламатсыздарбы? Сунуш-сурооӊор тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
13.09.2016. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы! Мага гидроцефалия плода, спина бифида жонундо маалымат берип коюнуздарчы сураныч?
13.09.2016. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
салпматсыздарбы супер инфо оттун формасын кантип калыбына келтирсе болот ушул жонундо жазгылачы
14.09.2016. 19:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы. Пролапс митрального клапана 1-ст диагнозу боюнча кенеш бересиздерби.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо