ЖАШ КЫЗДАР ҮЧҮН АКТУАЛДУУ LOOK’ТАР

№723 09-сентябрь-15-сентябрь, 2016-ж

Учурда мода дүйнөсүндө лук деген сөз популярдуу. Мода дүйнөсүн мыкты өздөштүрүү менен өзгөчө стили, кийимдердин долбоорун көркөмдөп түзүү жаатында билими бар актриса Эланора Аликова учурдагы актуалдуу луктар туурасында айтып берет.

– Чынында учурда муну менен тигил кийимди гана кийүү керек деген эреже жок. 2-3 стилди аралаштырып кийинүү учурдагы моданын талабы. Эң негизгиси сиз кайсы жакка бара жатасыз, мына ушул суроого так жооп болгону гана жетиштүү. Ошого ылайыктап кийинип аласыз. Бут кийим сатып алууда теринин өңүндөй боз бут кийим сатып алсаңыз ал бардык кийимдер менен жараша берет. Сумка сатып алууда орточо көлөмдүүлөрүнө басым жасасаңыз, аны дагы каалаган жериңизге көтөрүп кете бересиз.

Look-англис сөзү. Бизче "сырткы көрүнүш, образ" деген маанини түшүндүрөт. "Кийимдер топтому" деген да маанини алып жүрөт.

Шарттуу белгилер:

Сунушталат
Сунушталбайт

КӨЧӨГӨ



Жынсы жана кара өңдөгү классикалык шымдар дайыма актуалдуу. Үстүнө ар кандай түстөгү кофта, футболка, майка, блузка кийсеңиз жараша берет.
Көчөгө кийүүдөн сырткары сейилдөөгө, окууга, дресс-коду жок жумушка, киного (курбулары менен).
Жолугушууга, киного (жигити менен), концертке, иш-чараларга, ар түрдүү кечелерге, түнкү клубга.

Сумка

Клатч, классикалык сумкалардан башка бир түстөгү сумкалардын бардык түрү.

Бут кийим

Слипон, босоножка, туфли
Спорттук бут кийимдин бардык түрү

Чач жасалга

Кечелерге жасалган чач жасалгадан башкасынын бардыгы жарашат.

ЖОЛУГУШУУГА



Узундугу тизеден, тизеден бир аз ылдый көйнөктөр көпчүлүк кыздарга жарашчу кийимдер.
Жолугушуудан тышкары жумушка, окууга, иш-чараларга, майрамдык кечелерге, киного, концертке.
Сейилдөөгө, жаратылыш коюнунда эс алууга.

Сумка

Клатч, көлөмү кичине классикалык сумкалар.
Рюкзак.

Бут кийим

Туфли, ичке жана бийик такалуу бут кийим, бийик такалуу босоножка.
Спорттук бут кийимдин бардык түрү, мырзалардыкындай үлгүдөгү бут кийимдер.

Чач жасалга

Чач жасалганын бардык түрү болот.

ИШ-ЧАРАЛАРГА




Элеганттуу көйнөктөр сунушталат жана ашыкча кооздуктар, мисалы, шуру, жалтырактар болбошу керек.
Иш-чаралардан сырткары жолугушууга, киного, концертке.
Сейилдөөгө, жумушка, окууга, жаратылыш коюнунда эс алууга.

Сумка

Клатч, кичинекей классикалык сумкалардын бардык түрү.
Рюкзак, чоң көлөмдөгү сумкалар.

Бут кийим

Ичке жана бийик такалуу бут кийим.
Спорттук бут кийимдин бардык түрү, босоножка, балетка, слипон, танкетка, мокасиндер.

Чач жасалга

Чач жасалганын бардык түрү болот.

ЭС АЛУУГА



Спорттук кийимдин саркечин, жактырган түстөгүсүн сатып алсаңыз болот.
Эс алуудан сырткары сейилдөөгө, спорт менен машыгууга.
Жолугушууга, киного, концертке, иш-чараларга, кеңсе жумуштарына, ар түрдүү кечелерге, түнкү клубга.

Сумка

Спорттук сумканын бардык түрлөрү.
Клатч, классикалык сумканын бардык түрү.

Бут кийим

Спорттук бут кийимдин түрлөрү.
Босоножка, туфли, ичке такалуу бут кийим, балетка, танкетка

Чач жасалга

Жайып алуудан башка чач жасалганын баары жарайт.

ЖУМУШКА



Пиджак менен жынсы шым саркеч гана көрүнбөстөн, адамды таасирдүү да көрсөтө алат.
Жумушка кийүүдөн сырткары окууга, киного, иш-чарага, майрамдык кечеге, жолугушууга.
Жаратылыш коюнунда эс алууга, түнкү клубга.

Сумка

Классикалык сумкалардын бардык түрү жана классикалык рюкзак.
Спорттук сумканын бардык түрү.

Бут кийим

Босоножка, туфли, танкетка, ичке жана бийик такалуу бут кийимдер.
Спорттук бут кийимдин бардык түрү, мокасиндер.

Чач жасалга

Чач жасалганын бардык түрү.

Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(10)
12.09.2016. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бардыгы жакты
13.09.2016. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
«Дарак көркү жалбырак, адам көркү чүпүрөк». Чындыгыгында дене бойго карап кийинсе жарашыктуу көрүнүп калат!
13.09.2016. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Байкашымча сүрөттөрдө бир эле модель кыз жарнама кылгандай, урматтуу супер инфонун админдери, ошол кыз жөнүндө тагыраак маалымат берип койсонуздар эгер мүмкүн болсо.
13.09.2016. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
danilka, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
14.09.2016. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Спортивный костюм жакты аябай, супер инфо Кайсы марка же Кайсы магазинде сатылары жонундо маалымат Бере аласыздарбы?
16.09.2016. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ооба магада эсалууга дегени жакты
16.09.2016. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
жумуштан бологу сойкудан айырмасы жок кийимдер экен
17.09.2016. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эй!!! Кызга деген эркектин назары тушот.... кичине аврат жерлеринерди жабып кийинсенер. Авратын жабып жургон кызга, эркектер жаман оюн ишке ашырбайт.
17.09.2016. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ya by ei vdul...
18.09.2016. 06:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баардыгы жакшынакай экен . Особенно спортив.кийим жакты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо