Тынар Курбаналиев: "120 КОЙ САТИРАСЫНА ТЕКЕБАЕВ ЖОГОРКУ БАА БЕРГЕНИН УКТУМ"

№723 09-сентябрь-15-сентябрь, 2016-ж

Куудул Тынар Курбаналиев 31-август күнү социалдык тармактагы баракчасына "бүгүн "Ала-Тоо" аянтында мен ойногон интермедияны бирөө кайталады дейт, укпадыңарбы?" деп жазды. Сөздүн төркүнү президенттин Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата сүйлөгөн сөзү тууралуу эле. Куудулдун билдирүүсү интернетте кызуу талкуу жаратып, күндүн анекдотуна айланып кетти.

– Тынар мырза, кыргыз жараны катары президенттин Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына карата аянтта сүйлөгөн сөзүн кандай кабыл алдыңыз?
– Ажобуздун аянтта сүйлөгөнүн интернеттен көрдүм. Президент салыштырып айтты окшойт. Анын көз карашы, айтканы мага анчейин жат эмес. Анткени ал окуяны биз мурда интермедия кылып аткарып жүргөнбүз. Анын сөзүн ар ким өз деңгээлине жараша кабылдайт. Мен дагы кабыл алчу жерин алдым. Аянтта катуураак айтып эжесин таарынтып алганы туура эмес болуп калды.

– Бул суроого сизден курч жооп күткөм...
– Бир нерсени кыйкырып айтсаң да, ыйлап айтсаң да, күлүп айтсаң да болот. Мен жай гана айтып койдум. Ажо өзүнүн оюндагысын айтты. Бийликте туугандары барларга бул сөз майдай жакты. Оппозиция тараптагылар анын сөзүн сындап жатат. Биздин 120 кой боюнча сатирабызга айрым депутаттар чычалады эле. Атамбаевдин сөзүнө үн катышкан жок го. Ага да "эмнеге койго салыштырасың?" деп айтышпайбы! Демек, биздин айткан анекдот туура, ага Мискенбаев чычалабай эле койсо болот. Бир нерсени айта кетейин, биз ойногон 120 кой тууралуу сатирага Өмүрбек Текебаев жогорку баа бергенин угуп, куудулдар ыраазы болдук.

– Ажонун сөзү интермедияга айланышы мүмкүнбү?
– Азыр деле концертте Рахман Разыков президенттин сөзүн салыштырып айтып жатат. Ал сөздү интернеттеги баракчама жазганда өзгөчө деле максат көздөгөн жокмун. Интернеттен карап көрсөм биз ойногон интермедия кайталаныптыр. Оюмду башкалар менен бөлүшөйүн деп баракчама илип койдум. Менимче, билдирүү катуу деле талкуу жараткан жок. Жогору жактын деле реакциясын байкабадым.

– Жогорку Кеңештин депутаты Мээрбек Мискенбаев менен тирешүүңүздөрдүн жыйынтыгы кандай аяктады?
– Мен башында эле Мискенбаевдин деңгээлине түшпөйм дегем. Анын мандатына караганда мага элдин берген мандаты өйдөрөөк. Интернеттен карасам анын атасынан баштап туугандарына чейин сөз тийиптир. Кыргызда "артылып камчы салдырба, атаңа наалат айттырба" деген кеп бар. Анын ордунда болсом мандатымды чөнтөгүмө салып отурбайт болчумун. Мен үчүн жигиттик намыс өйдө турмак.
Ал тирешүүдөн кийин Рахман Разыковдун концертин өткөрүүгө имарат бербей кыр көргөзүштү. "Оңдоо иштери жүрүп жатат" деген өңдүү болбогон шылтоолорду айтышты. Алыскы айылдардан келген аксакалдар бийликтегилерге тескери бата беришкенде араң уруксат беришпедиби.

– Жогорку тирешүүдөн кийин сизди сабатып салыптыр деген кептер чыкты эле...
– Ал сөздөр ушак. Андай нерсе болгон жок.

– Сиздер берген концерттерди "саясий митингдей" деп сыпаттагандарга кандай жооп бересиз?
– Ал сөздү айткан депутаттын сатирага болгон деңгээли төмөн.

– Куудулдарды Бакиевдердин буйрутмасын аткарат дешет...
– Бизге андай буйрутма боло элек. Болгон күндө да аткарбайбыз. Атын айтпай эле коёюн, бир депутат бизди "Жаныш Бакиевдин буйрутмасын аткарып жатат" дегенде "Бакиевдин убагында "Ганси" аттуу сатираны ойногондо бул келесоо каякта жүрдү экен?" деп куудулдар аябай күлгөнбүз.

– Куудулдардын арасында атаандаштык барбы? Болсо сиздин атаандашыңыз ким?
– Мен атаандашпайм. Кайра бирөөнүн ийгилигине сүйүнөм.

– Борончу Кудайбергенов маектеринин биринде "Тынарга ишенбей калдым" деп айтты эле, ортоңуздарда чечилбеген нерсе барбы?
– Борончунун маегин окуп Рахман аке "туура эмес интервью бериптир" деп таарынды. "Концертине эл келбесе бирөөдөн көргөн туура эмес да" деп көп эле чыгармачыл чөйрөдөгү кишилер айтып жүрүшөт. Мен Борончуну ишендире тургандай сөз берген эмесмин. Бул окуянын башталышы мындай болгон. Чыгармачылыгымдын 15 жылдыгына карата Ош шаарына концерт берүүгө камынып жатсам, ал борбордо ашар концерт берүүгө киришиптир. Ага келип "ашар концертке караганда 15 жылдык юбилей маанилүү. Жакында сиздин 50 жылдыгыңызды өткөрөбүз" десем, "залды алып койгом, бара албайм" деди.

– Жакында өнөр адамдарына Эл артисти, Эмгек сиңирген артист деген наамдар ыйгарылды. Аталган наамдарга бир дагы куудул кошулбаганынын себеби эмнеде деп ойлойсуз?
– Жакшы суроо болду. Биринчиден бул наамдар казаныбызга аш салып бербейт. Эмне себептен экени белгилүү да. "Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт" демекчи, биз алардын кемчилигин айтып турсак кайдан бермек эле. 40 жылдан ашык кыргыз сатирасына салым кошкон Рахман Разыковдун 60 жылдык юбилейин өткөрүүгө имарат бербейт да, наам бермек беле? Жакында биз Ошто 5 күн концерт бердик. Жалаң аншлаг менен өттү. Ошол эле эмгек сиңиргендердин концертин көрүп жүрөбүз, бир күн эл келсе келет, келбесе токтоп калат. Ушундан эле кимдин элге эмгек сиңиргенин билип алса болот.

– Апаңыз кайтыш болуптур, арты кайрылуу болсун! Эрке балага энесинен ажыроо катуу тийсе керек?
– Апам менен таң атканча сырдашып жаткан күндөрүмдү сагынам. Үйгө барсам короодон караанын издейм. Тирүүсүндө "ушул сатираны айтпай эле койчу, аларга теңелбей эле койчу" деп турчу. Ошондой акыл-кеңештерин уккум келет. Жарыктыгым, төшөк тартып көп деле ооруган жок. 4-5 күн сыркоолоп эле жан берип кетти. Мага айткан акыркы сөзү, башымдан жыттап, "мен сени эл үчүн төрөгөм, зоболоң жогорулай берсин" дегени болду.

"Бир депутаттын бизди Жаныш Бакиевдин буйрутмасын аткарат дегенин угуп, аябай күлдүк".


"Маркум Жаныбек Алыкулов баштаган куудулдар футбол ойночубуз".


"Рамкадан чыкпай сүйлөгүлө деди эле, рамкадан чыкпай концерт койдук".


Султан Төрөбеков
Адилет Бектуров
(Айрым сүрөттөр куудулдун өздүк архивинен алынды)
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  13 
Комментарийлер(49)
12.09.2016. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ушул калыбыңдан жазбай жүрө бер брат.Рахман Разыковду ар дайым сыйлап жүр.
12.09.2016. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
31-август күнү концертине бардым күлө берип жашарып кайттым.
12.09.2016. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Рамкадан чыкпай дегени жакты
12.09.2016. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Борончу костюм шым менен футбол ойнойт окшойт. Же суротто Борончуну фотошоп менен кошуп койгонбу?
12.09.2016. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Meerim9080,фотошоп окшойт
12.09.2016. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жакшы маек болуптур. Чыгармачылык ийгилик каалайм.
Апаңыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
12.09.2016. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
туура айткан
12.09.2016. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ишинизге ийгилик
13.09.2016. 07:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бир эле. Текебаев туура баалаган дейт озу бир эле эркек ушул адам болсо албетте сатираны да туура тушуно билет. Текебаевтей адамдар коп болсо кыргызстан эчак эле онолмок. Жалпы куудулдар чыгармачылыкта ийгиликтер коштоп элге кулку тартуулап бар болгула.
Nurkyz1977 түзөттү 2016-09-13 07:34:42
13.09.2016. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Биздеэмнегедир сыйлоо деген жоголуп бараткандай Атамбаев жаман болсо да президентибиз го катардагы адамдардай эле мамиле кылабыз шылдындайбыз катуу создорду айтабыз минткенибиз туура эмес деп ойлойм
13.09.2016. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Башка мамлекеттерде кандай сыйлашат президенттерин бири бирибизди сыйлап урматтасак анан онолобуз го
13.09.2016. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
куудулдарга келсек кемчмликтерибизди жаап жашыргандын ордуна эл алдына алып чыгып шылдындайбыз мурда сатиралары жакшы болчу азыр бут эле саясат саясат кызыгы деле жок биз коруп билип жургон окуяларды корсотушот
13.09.2016. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
gulnur.narmatova,кемчилигибизди жашырып журо берсек качан кантип онолобуз,анда баары эле кемчилигимди эч ким билбейт деп оюна келген жумушту жасап журуп албайбы?
17.09.2016. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
gulnur.narmatova,РФ Президенти В.В.Путин келерине канча жерди жаап жашырышты,арчалар жашылга боелуп,жолдорду ...!Тынар байке сиз абдан туура жолдосуз.Сизди эл баалайт,бийлик эмес.
13.09.2016. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушундай эл суйгон куудулдар турганда Мирбек Атабековга берген тош белгини эстесем маданият кызмат керинин озуно тош белги ыйгарыш керек экен деп койдум бироо аздык кылат 2ни бериш керек
13.09.2016. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ошол учун Токтогул атабыздай инсандарды куугунтука алып ,уркунго айдаганда .Куудулдар айтпаса ким айтат , карапайым элдин жашоосуна кайдыгер карабай,куйуп айтып жатышат .Азаматсынар Ийгилик!!!
13.09.2016. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ишинизге ийгилик,сабыр берсин аллахым сизге. Апаныздын жайы жаннатта болсун ылайым омиин
13.09.2016. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ооруну жашырсан олум ашкере кылат дегендей азаматсынар куудулдар,баарын айтыш керек антпесе болмок беле,чыгармачылык ийгилик,уйбулолук бакыт каалайм.
13.09.2016. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Тынар Рахма Разыковдун куйругуна кыпчылып алып ошонун жазган пародияларын айтып озун сезип алган А на самом деле. Борончу байке сага караганда адамкерчиликтуу адам. Баягы Россиядагы кыз менен болгон окуя чын эле бетин табак кылып туруп танып койду кудай коркпогон. Бир кун болбосо бир куну кылган иштерине жооп бересин
14.09.2016. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Куудулдар бийликтин кемчилигин сатира катары айтып елге жеткирип келишет.бирок чеги менен болуш керекта.баш оту менен киришивалышты ансыз деле элдер билет кемчиликтерди корувеле жатпайбызвы.чымчык сойсода касап сойсун демекчи ырчылар ырчы куудулдар куудул болсо жакшыда ырчыларда актер болуп кетишти.жаман девейм жакшы ошончолук гуйушсо журналис же депутат болувалышсын.бийлике асылаверсе наамды бербейтта.бийлик оз ишин жакшы аткарбайт.бирок силерда оз кесибинерди елге тартуулагылада.
16.09.2016. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ilgiz2016,Туура айтасын+ Буткон ишке сынчы коп дегендей сындаганды кыйын билебиз, эмне учун жакшы жагын айтпайсынар, корбойсунор? Ажону сынап акылдуу,гений болгондор уялып намыстанып жатсанар иштегиле депутат,башчы болуп. Бир эле нерсени алганда президентибиз мурдагы президенттердей Каримовдон корккон жок, жугунгон да жок. Эркек ушундай намыской болуш керек.
14.09.2016. 06:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Силерди рамкадан чыкпай суйлогуло деген чиновниктер,атка минерлер,Президентибиз не болду кен аянтта кой, теке жонундо айтышып шерменде болушту ошол учун айткан ата бабаларыбыз"молдонун айтканын кыл ,жасаганын кылба"деп...
14.09.2016. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Билбейм,Тынарды Куудул деп айтыш кыйын.Куудул деп мына Кумондорду айтсак болот.Рахмат Разыков деп журушот ал адамды таптакыр куудулдардын катарына киргизууго болбойт.Жон гана интермедия аткарган адам катары тааныйбыз.Озунду Куудул сезсен да созду эби менен суйлош керек.Озбектердин суйлоо манерасына салып суйлогондо уккум келбей которуп салам.
16.09.2016. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саби,чындык
17.09.2016. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Саби,мышык майга жетпей сассык дептир болбочу. Биринчи мен ошондой интермедия аткара аламынбы деп озуно суроо бер, анан башкаларды сында.
14.09.2016. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Тынар бийлик кетеерин билип,Текебаевди көздөй оогон экен.
14.09.2016. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Тынар байке мыкты куудул!
14.09.2016. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы маек болуптур,,,коородон Апамдын каранын издейм деген созуно чындап ыйладым жайы жанатан болсун Ыйманы саламат болсун апаныздын.,,!
15.09.2016. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы
15.09.2016. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Борончу тренер болсо керек да.
15.09.2016. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
биздин кошунабыз Тала Булак айылынын кулуну сиз менен баарыбыз сыймыктанабыз!
15.09.2016. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодес Тынар! Осо бер...Апандын жаны жаннатта болсун!!!
16.09.2016. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-09-16 16:35:46
16.09.2016. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
edem98, аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. 3 күнгө БАН!
19.09.2016. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
edem98,сага окшогон трайбалистерге,менден омур бою бан сага,сендейлерди атууга окум кылуу керек!
17.09.2016. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тынар жакпайт
17.09.2016. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ctul08,сен бироого жагасынбы???
17.09.2016. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жакшы киши, жоготуу жаман болуптур бейиштен оорун берсин.
19.09.2016. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Президентибизди сыйлашыбыз керек,кемчмлигибизди жаап жашыруу керек,эмнеге шылдындаганынар,эмнеге ачышат дейсинер. ХХХ ХХХбизде Бир жакшы макал бар"ооруну жашырсан,олум ашкере"деген!Кичине ХХХ ХХХ терен ой жугурткулочу!
Модератор admin_superstan түзөттү 2016-09-19 09:58:43
19.09.2016. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bekish-kg, этика нормаларын сактап, кимдир-бирөөнү мазактоодон алыс болгула. Эскертүү!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо