КЫРГЫЗДА ЖЕКЕ АДАМГА СЫЙЫНУУ БАШТАЛДЫБЫ?

№723 09-сентябрь-15-сентябрь, 2016-ж

Жаңы окуу жылы билим берүү системиндеги айрым "кызыктуу" учурларды ачыктай баштады. Алсак, учурда 5-класстын окуучулары үчүн кыргыз тили китебиндеги сүрөт талкууга алынууда. Аталган окуу куралы чу дегенде эле президент Атамбаевдин балдардын курчоосунда турган сүрөтү менен башталган. Ата-энелердин бири баласынын окуу китебинин сүрөтүн интернетке жарыялап, "Кыргызстан ушунчалык бай өлкө, ар бир президентке арнап окуу китебин чыгарат. Бул китептин жарамдуу мөөнөтү кийинки жылы аяктайт..." деп какшыктады. Китеп 2015-жылы басылып чыкканы сүрөттөн көрүнүп турат.
Эсиңиздерде болсо, СССР убагында Ленин менен Сталиндин балдардын курчоосундагы сүрөттөрү окуу китептерине басылчу. Фашисттик Германияда Адольф Гитлер, фашисттик Италияда Муссолини ашыкча макталып, даңазаланып турчу. Азыр өзүн дүйнөдөн оолак кармаган Түндүк Кореяда, Түркмөнстанда бир адамды даңазалап, жеке адамга сыйынуу илдети бар. "Борбор Азиядагы демократия аралчасы" аталган Кыргыз мамлекетине эмне болду?Бизде да жеке адамга сыйынуу башталдыбы? Ажонун ырдап чыкканы, анын жубайынын социалдык-жарнамалык роликтерге тартыла баштаганы, окуу китептердин ажонун сүрөтү менен башталуусу мунун далили эмеспи?
2017-жылы башка адам президент болуп келсе, ал дагы өз сүрөтү тартылган китепти чыгарабы деген суроо туулат. Каражаттын баары президенттердин сүрөтүн китептерге басуу үчүн коротулабы?

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо