Текебаев Атамбаевге: "ДАГЫ БИР ЖЫЛЫҢ БАР, ЭРКЕК БОЛСОҢ МАРОДЁРДУ ТАП!"

№723 09-сентябрь-15-сентябрь, 2016-ж

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциянын лидери Өмүрбек Текебаев менен КСДПнын лидери Иса Өмүркулов "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" берүүсүнө катышып, анда "ата мекенчинин" ажого карата айтылган сөзү кайрадан учурдун талкуусуна чыкты.
Президент Алмазбек Атамбаев 31-августта "Ала-Тоо" аянтында "Жаап-жашырган иштериңер эртели-кеч ачыкка чыгат. Мародёрлук да ачылат. Банк ячейкаларын тономой да ачылат. Кадыржан Батыровду ким түрткүлөгөн, ким качырып жиберген, бардыгы ачылат. Качып кеткен Акаев, Бакиевдей болуп, силер да качып кетпегиле" деп айткан. Өмүрбек Текебаев бул сөздөргө төмөндөгүчө жооп берди: "Мародёрду жакшылап издесе, өзүнүн партиясынан таап чыгат. Эгерде таба албаса, мен жетелеп алып барып көргөзөм. Мен Текебаевмин, эч жакка качпайм. Бир жылың бар, тап, таппасаң, мөөнөтүң бүткөндөн кийин өзүм сүйлөшөм. Эркек болсоң тап!"
"Конституцияны 2020-жылга чейин өзгөртпөйбүз деп атайын мыйзам кабыл алганбыз, бүткүл кыргыз колдоп, добуш берген. Убадабыздан тайбашыбыз керек",- деп Баш мыйзамды коргоо аракетинде жүргөн бул адам жана ал жетектеген "Ата Мекен" партиясы бийлик тарабынан куугунтуктоого кабылып баштады. "ResPublica" басылмасы 17-августтан баштап министрликтердин жана мамлекеттик мекемелердин жетекчилик кызматтарынан "Ата Мекендин" өкүлдөрүн бийлик кетирип жатканын жазып чыкты. "Айрым маалыматтарга ылайык, сентябрда ээлеген кызматтарынан дагы эки "ата мекенчи" кетирилет деген сөздөр бар. Алар өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Нурбек Сыдыгалиев жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев",- деп жазат басылма.
Материалдын автору юстиция министринин орун басары Айбермет Кутуеванын кызматтан бошотулушун Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланыштырган. Кутуева Юстиция министрлигинде мыйзамдарга корутунду берүү иштерин жетектеп келген. Маалыматтарга караганда, ал "Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбооруна оң корутунду берүүдөн баш тарткан. Бул министрлик Баш мыйзамды өзгөртүү долбооруна каршы корутунду бербесин деген чочулоодон улам Кутуеваны бийлик кызматтан кетирди деген кептер бекеринен айтылып жаткан жок.
Мындан тышкары Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысынын орун басары кызматынан Марат Таиров бошотулду. Таиров кызматтан бошотулушун өзүнүн "Ата Мекен" партиясына мүчө экендиги менен байланыштуу деп жазды.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо