Укук коргоочулар ТӨЛӨЙКАН ИСМАИЛОВА жана АЗИЗА АБДИРАСУЛОВАНЫН президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн жазган арыздарын 7-сентябрда Бишкек шаардык соту канааттандырган жок. Арыз ээлери эми Жогорку Сотко кайрылышарын билдиришти.
- Оштогу №01525-аскер бөлүгүндө жоокерлер ортосунда мушташ чыгып, келишим менен кызмат өтөп жаткан аскер ЭЛАМАН ТАШБАЛТА уулу кайтыш болду.
- 6-сентябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо КЫРГЫЗСТАН-ФИЛИППИН курамалары достук беттешин өткөрүп, оюн 1:2 эсебинде Филиппиндин пайдасына жыйынтыкталды.
- Рио-де-Жанейродо 7-сентябрда XV ПАРАЛИМПИАДА ОЮНДАРЫ башталды. Оюндарга кыргыз өлкөсүнөн үч спортчу катышат. Алар – пауэрлифтинг боюнча Эсен Калиев, Жыргалбек Орозбаев жана жеңил атлетикадан Арстанбек Базаркулов.
- КУРМАН АЙТКА байланыштуу 12-сентябрь дем алыш күн деп жарыяланды. Борбор шаарда Айт намазы Эски аянтта окулат.
- Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин айтымында, Бишкек, Нарын, Талас жана Ош шаарында 4 жаңы ГЕМОДИАЛИЗ борбору ачылат.
- "Реформа үчүн жана жыйынтык" жарандык бирикмеси Кыргызстандын бардык аймактарында иликтөө жүргүзүп, өлкөдө ар түркүн кылмыштардан ЖАБЫР ТАРТКАНДАРДЫН 63 пайызы укук коргоо органдарына кайрылбайт деген жыйынтык чыгарды.
- Жогорку Кеңештин депутаты ДАСТАН БЕКЕШЕВ коомдук жайларда кальян чегүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун сунуштады.
- Азиздер жана дүлөйлөр коомунун төрагалыгына МАРАТ ТАШБАЕВ шайланды. Аталган коомдун мурунку төрагасы Калык Мамбетакунов 17-июлда ден-соолугуна байланыштуу отставкага кеткенин билдирген.
- Бишкектиктердин 45 пайызы ТҮНҮ үйүнөн чыгуудан коркушат. Мындай маалымат атайын сурамжылоолордун жыйынтыгында белгилүү болгон.
- 7-сентябрда Бишкек шаарында 1 жаштагы наристе АЖАТКАНА үчүн казылган чуңкурга түшүп кетип каза болду.
- "Манас" аэропортунан 7-сентябрь күнү Душанбе шаарына учкан TAJIK AIR авиакомпаниясынын Boeing 757 жарандык учагы авариялык абалдан улам Бишкектин үстүнөн учуп өтүп, кайра "Манас" аэропортуна келип конду.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg