МАКСИМ БАКИЕВДИН БИР КЕЗДЕГИ ЖЕР ТИЛКЕСИНЕ ПРЕЗИДЕНТ ТАМ САЛЫП ЖАТАБЫ?

№724 16-сентябрь-22-сентябрь, 2016-ж

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев 15-сентябрда маалымат жыйын өткөрүп, президент Алмазбек Атамбаевдин Бишкек шаарынын четине Кой-Таш айылына салдырып жаткан үйүнүн тек-жайы тууралуу маалыматтар менен бөлүштү. Депутат азырынча бул маалыматтын расмий эместигин эскертти. Эл өкүлүнүн айтымында, Кой-Таш айылында "Дастан" заводуна таандык болгон 27,5 гектар жер тилкеси бар. Кезинде аны Данияр Үсөнов, Алексей Ширшов жана Максим Бакиев өз карамагына өткөрүп алышканын жергиликтүү тургундар айтып келишкен. Ошол жер тилкеси 2015-жылы Бишкек мэри Албек Ибраимовдун аялы Айнура Ибраимовага катталат да, ушул эле жылы президент Алмазбек Атамбаевдин наамына өткөрүлгөнүн Текебаев билдирди.
"Ширшов, Бакиев, Үсөновдун жерин Албек Ибраимов Алмазбек Атамбаевге бергенден кийин эле ал Бишкек шаарына мэр болуп келген. Бул коррупциянын классикалык түрү. Айтылган маалыматтар жок кылынган күндө да президенттин там салып жатканын бардыгы билет",- деди Өмүрбек Текебаев. Буга катар ал бул иш боюнча фракция жыйын өткөрөрүн, тийиштүү мекемелерден жооп күтүп жатканын айтты.
2010-жылы Апрель окуясынан кийин Максим Бакиевге таандык мүлктөр Убактылуу өкмөттүн декреттери менен улутташтырылуучу тизмеге кириши керек эле. Бирок кандайча жогорудагы жер тилке улутташтырылбай калгандыгы суроо бойдон калууда.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо