БИР БҮРКҮМ

№724 16-сентябрь-22-сентябрь, 2016-ж

  • Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн маалыматына ылайык, облус аймагында жыл башынан бери ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМГЕ байланыштуу 40ка жакын кылмыш иши козголгон.

  • Дүйнөнүн 198 өлкөсүн кыдырып чыккан белгилүү саякатчы Гуннар Гарфорс түзгөн рейтинг британиялык "The Independent" гезитине чыкты. Рейтингде КЫРГЫЗСТАНДЫ САЯКАТТООГО ЫҢГАЙЛУУ деген 12 өлкөнүн катарына киргизген.

  • Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Азамат Үсөновдун берген маалыматына караганда, кыргызстандык 300дөй студент Бишкектеги Кытай элчилигинде болгон жардыруудан кийин окуусун улантуу үчүн КЫТАЙГА КИРЕ АЛБАЙ турат.

  • 12-сентябрда Жалал-Абад шаарынын Токтогул сейил багында адабий жана илимий багыттагы китептерден турган КӨЧӨ КИТЕПКАНАСЫ ачылды.

  • Мигранттар үстүбүздөгү жылдын 7 айынын аралыгында Кыргызстанга 1 МИЛЛИАРД 25,6 МИЛЛИОН ДОЛЛАР которгон. Мындай маалыматты Улуттук банктын расмий сайты кабарлады. Бул былтыркыга караганда 60 миллион долларга көп.

  • Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына таянсак, автоунаалардын мамлекеттик сандары окшош, кооз номерлер 19-сентябрдан тарта сатыла баштайт. Ал эми ӨЗГӨЧӨ НОМЕРЛЕРДИ онлайн-аукцион аркылуу сатуу боюнча жакын арада кошумча маалымат берилет.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо