№724 16-сентябрь-22-сентябрь, 2016-ж
Режиссёр Сүйүн Откеевдин "Көпөлөк" тасмасындагы Айтолкун аттуу башкы каармандын образын жараткан Малика Абдыразакова тасма талаасында кайрадан өзүн сынап көрүүнү чечти. Жаңы ролу тууралуу Малика: "Азырынча тасманын аталышы тактала элек. Мен анда нарындык кыздын ролун аткарам. Каарманым экөөбүздүн мүнөзүбүз окшош болгондуктан роль жаратууда кыйналган жокмун. Тасмада жаш актёрлордон тышкары Альбина Имашова, Камчы Сарыбаев жана башка артисттер роль жаратышты. "Көпөлөк" тасмасында Альбина Имашова менин таежем болсо, бул кинодо апам болуп аткарат",- дейт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |