Руслан Жаныбеков: «КӨПЧҮЛҮК МЕНИ ЖЕЙКОБ ДЕП АТАШАТ»

№725 23-сентябрь-29-сентябрь, 2016-ж

Клиптерден, тасмадан «Күүгүм» тасмасындагы актёр Тэйлор Лотнерге түспөлдөш кең далылуу жигитти көрүп Жейкоббу деп таң калган болсоңуз керек? Ал жигит Голливуд актёру эмес эле кадимки кыргыз жигити Руслан.

Туулган жылы, күнү
– 1991-жыл, 11-октябрь
Туулган жери – Чүй облусу
Үй-бүлөдө – Жалгыз уул
Билими – Туризм академиясынын уюштуруу иштерин башкаруу факультетин бүтүргөн
Бою – 187 сантиметр
Салмагы – 100 килограмм
Тартылган тасмасы – «Бишкек, мен сени сүйөм!»
Тартылган клиптери – Бактыгүл Бадыева «Жалгызым», Эркин Мукашев «Журавли», Нурлан Насип «Сауле»
Учурда – Жеке бизнес менен алектенет

"СҮЙҮҮ КЕЛИП КЕТҮҮЧҮ НЕРСЕ"

Эң жакын адамы
– Өзү
Ишенгени – Апасы
Билген тилдери – Кыргыз, казак, орус, түрк, англис
Хоббиси – Мергенчилик, балык уулоо
Адамдагы баалаган сапаты – Сөзүнө, ишине жооп бере алгандык
Сүйүү – «Азыр 21-кылым, ошондуктан сүйүү келип кетүүчү эле нерсе»
Бакыт – «Жакындарыңдын амандыгы, эч кимге карыз болбой жашаганың»
Байлык – «Эгерде жан дүйнөң бай болсо, сен материалдык жактан да бай болосуң»

– Cаламатсызбы, Руслан? Акыркы жолу сизди Нурлан Насиптин «Сауле» аттуу клибинен көрдүк. Бул клипке кимдин сунушу менен тартылып калдыңыз?
– Саламатчылык! Клипке кокусунан келип калган жокмун. Омар, Арсен, Нурлан Насип менин досторум. Буга чейин да көптөгөн клиптерге, жарнамалык роликтерге тартылып жүрдүм. Канча клип, жарнамага тартылбайын менин гонорарым мынча болушу керек деп ставкамды койбойм.

– Интернет баракчаңызга машыгуу залында жүргөн сүрөттөрдү көп жүктөйсүз. Залга эмне максатта барасыз?
– Мен сергек жашоо образы менен жашайм. Ичпейм, чекпейм. Спорт менен машыга баштаганыма 3-4 жыл болду. Фитнести жактырам. Мурда күрөш, каратэ, айкидо менен машыкчу элем, азыр таштап койгом. Машыгуу залында жүрүп стресстен арылгам. Бир кезде бизнес менен алектенип жүргөндө өнөктөштөрүм мени 150 миң долларга алдап кетишкен эле. 1 жылдай депрессияда жүрүп, өзүмдү колго ала баштагам. Ошондон кийин күчүмдүн баарын машыгууга арнап койдум. Себеби машыгып, өзүңдү алаксытсаң болот. Андыктан топтолгон стрессти темирлерден чыгарып алам.

– Сиз чын эле «Күүгүм» тасмасындагы Жейкобго окшош экенсиз...
– Ооба, мени көбү Тэйлор Лотнерге окшоштурушат. Ал тасма чыкканда мен 18 жашта элем. Ошондон кийин Жейкоб атка кондум. Тааныштарым мени Жейкоб дешет. Мени менен сүрөткө түшүп, кол тамга алгандар да болуп калат.

– Кандай жанрдагы клипке же тасмага тартылган жагат?
– Негизи мага башкы ролду жараткан жагат. Бирок бир да жолу роль тандоо мүмкүнчүлүгү бериле элек. Буга чейин жараткан образдарымды алдын ала мен үчүн тандап коюшчу. Бирок мен образ тандабайм. Кайсы роль туш келбесин аткарып кете алам.

– Сизди тапкан ата-энеңиз жана балалыгыңыз туурасында кеп салып берсеңиз...
– Үйдө жалгыз уулмун. Ата-энем 5 жашымда ажырашып кетишкен. Андыктан апам мени жалгыз тарбиялап, эрезеге жеткирди. Азыр 56 жашка келгенине карабай күүлүү-күчтүү, гүл өстүрүү менен алектенет. Атамды 6 жашымдан бери такыр көргөн жокмун. Эсимде, андан көп каттар келчү, апам аны мага окуп берет эле.

– «25 жаш сүйүү багы бышкан кез» дешет эмеспи. Сиздей жигитти жандаган селкилер көп болсо керек?
– Балким, менин интернеттеги кыздар менен түшкөн сүрөттөрүмдү көрүп ошентип ойлоп жаткандырсыз. Бул кадимки эле фотосессиялар. Учурда жүрөгүм бош. Ооба, буга чейин сүйлөшкөн кызым бар болчу. Бирок мамилебиз көпкө созулган жок. Мага шыңга бойлуу, узун кара чачтуу кыздар жагат. «Иштебейсиң, үйдө отур, тамак жаса» деп талап кылгандарга кирбейм. Ал жумуштун баарын өзүм деле кылып коё алам. Кулинария курсун бүткөндүктөн ашкананын чеберимин деп айтсам болот.

«Болгон күчүмдү темирлерден чыгарам».


Руслан көптөгөн жарнамалык роликтерге да тартылып келет.


"Сауле" клибинде образ жаратуу мага кыйын болгон жок".


Жазгүл Кенжеева
star@super.kg


Кыргыздын Жейкобу Руслан Жаныбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(18)
SUPER.KG видео
23.09.2016. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башталось де
SUPER.KG видео
24.09.2016. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай жонокой, ичинде кири жок, жан дуйносу таза адам экени билинип турат, жылмайып эле отурдум буткончо.Кыргызча суйлогон создору окшошпой, кулкулуу суйлоп койуптур)))Ийгилик.
SUPER.KG видео
24.09.2016. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Красавчик, келечеги кен жигит турбайбы.Жейкоб менин суйуктуу актерум болчу. Окшош экен.
SUPER.KG видео
24.09.2016. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кийими кантет?Башын коруп эле очуруп салдым
SUPER.KG видео
24.09.2016. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы киши экен озу айткандай красавчик
SUPER.KG видео
24.09.2016. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жейкоб дейт жейкобтун Ж сына да окшобойтко дейм и ещё коп мактанба мактанганын менен эл сындайт сени видеонун акыры только мактануу менен аяктаптыр доске бирок ийгилик
SUPER.KG видео
26.09.2016. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Базар жок братан экен. Менин орусча суйлогондо орусчам тугоно баштайт мунуку наоборот кыргызчасы тугонотго)
Медиа-портал
26.09.2016. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эң негизгиси ичпей, чекпей түз жүрөт экен. Ачык жагы жакты. келбети "грозный" болгону менен өзү уялчаак, жөнөкөй жигит тура.
26.09.2016. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жейкобко бир да окшоштугу жок. Бул Тэйлор Лотнерге окшош болсо анда мен Анжелина Джолимин десем болот го...
SUPER.KG видео
26.09.2016. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суйуп калдым кантейин ай кантейин
SUPER.KG видео
27.09.2016. 02:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мыкты эле адам
SUPER.KG видео
27.09.2016. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Футболкан эмне мынча кыска деп суроо бербептирсинер. Кыймылдаган сайын курсагы ачылып кечке кулдум го. Жуугандкн сон кирип кеткен окшойт.
Жакшына бала экен антпесе.
Медиа-портал
27.09.2016. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргызча маанисиз суйлойт экен, ийгилик каалайм .
27.09.2016. 20:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Красавчик мага жакты
27.09.2016. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ийгилик!!!
28.09.2016. 08:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кыргыз тилин билбеген элин суйуп жарытпайт онгону коюп. Манасты айт дегендей биринчи орунга оз тилини кой эн мыкты билишин керек,жашоодо бактылуу бол иштерине ийгилик каалайм.
Nurkyz1977 түзөттү 2016-09-28 08:10:15
28.09.2016. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ой бул ким эле деги биринчи корушум, анан дагы Жейкобго окшош дейсинер боорду эзбегилечи, бир жери окшошпойт
29.09.2016. 07:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сонун бала экен жонокой кыргыз тилди уйронуп кетесин кызыгып уйронсон ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо