№725 23-сентябрь-29-сентябрь, 2016-ж
Былтыр Голливуд актёру Жим Керринин мурдагы сүйлөшкөн кызы Катриона Уайттын жансыз денеси үйүнөн табылган эле. Анын өлүмүнө дарыны өлчөмүнөн ашык ичкени себеп болгон. Маалыматтарга ылайык, Катриона актёр менен мамилесин үзгөндөн 1 жума өткөндөн кийин өз жанына кол салган. Маркумдун жолдошу Марк Бертон жубайынын өлүмүнө Жим Керринин катыштыгы бар экенин айтып, 19-сентябрда сот органдарына доо-арыз менен кайрылды. Анын айтымында, актёр Катрионага күчтүү дарыларды берип турчу. Ал эми Жим Керри "менин атымды каралап жатышат. Бул жөн гана жалаа" деп расмий билдирүү жасады.
Бактыгүл Момбекова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |