Токторбек Бекбоев, куудул: "МУРУН МЫНДАЙ СҮЙҮҮГӨ КАБЫЛГАН ЭМЕСМИН"

№725 23-сентябрь-29-сентябрь, 2016-ж

Белгилүү куудул Токторбек Бекбоев жубайы Жаңыл Бекбоева менен ажырашып, жаңы үй-бүлө куруп жашап жатканын ачыктап маек куруп берди. 50 жашка чыкканда сүйүүгө кабылган куудул "азыр мен бактылуумун, 2 кызыма эне боло турган жар таптым" дейт.

– Токторбек мырза, куш боо бек болсун!
– Рахмат. Жашоодо өйдө-ылдый болот экен, 5 жыл келинчеги жок жашадым. Эркек кишиге жалгыз жүргөн оор экен. Анын үстүнө кыздарым бойго жетип, "биз турмушка чыксак сизди ким карайт? Апам сиз менен жашагысы келбегенден кийин өзүңүзгө жакшы жар таап алыңыз" дешти. Жаңыл экөөбүз расмий түрдө ажырашып, көңүлүмө жаккан жар таап, үйлөнгөнүмө 3 ай болуп калды.

– Жубайыңыз менен каяктан таанышып калдыңыз?
– Менин мурунку жашоомду түшүнгөн жар издеп жүрдүм. Буйрук экен, аны тойдон кезиктирдим. Тойдо тамада болуп, жегиле-ичкиле деп тейлеп жүргөм. Ал келин болсо "мен дин жолундамын" деп койду. Ошол жерден сөздөн сөз уланып, жакшы сүйлөшүп калдык. Ал кишинин жашоосу да меникине окшош экен. Жылдызыбыз келишип, көңүлүмө жаккандыктан жакшы көргөн адамымды таптым окшойт деген ой келди. Аны жолугушууга чакырып бир аз кыз-жигиттей сүйлөшүп жүрдүк, киного барып дегендей (күлүп). Кийин мен кыздарым, ал уулдары менен кеңешти. Балдары туура кабыл алышты, анткени апасынын бактылуу болушун каалашат да. Алар менен таанышып, акылдашып анан үйлөндүк.

– Жубайыңыз жөнүндө айта кетсеңиз...
– Жубайымдын жерлиги Баткенден, менден 2 жаш кичүү, токтолуп калган адам. Кесиби боюнча дарыгер, учурда чакан ишкерлик менен алектенет. 3 уулу бар. Менин кыздарым ага кыз болуп, мен анын балдарына ата болдум. Аны сүйүп алдым, ал дагы мени жакшы көрөт. Бүт баары жакшы, бири-бирибизден эч нерсе талап кылбайбыз. 50 жаштан өттүк, эң башкысы жетелешип, балдарыбыздын сый-урматын көрүп, жакшы жашап өтүшүбүз керек деп турабыз.

– 50 жашка чыкканда да сүйүү сезими келет экен да, ээ?
– 50гө чыкканда "ещё как" сүйүү келет экен, жүрөк карыбайт тура. Жаш кезимде мындай сүйүүгө кабылган эмесмин. Азыр мен бактылуумун. Биринчи никемде сүйүү болгондо аягы ажырашуу менен бүтпөсө керек. Негизи ажырашайын деген оюм жок болчу. Мен аны сабап же көзүнө чөп салган эмесмин.
Өз алдынча жашаганды каалап, Москвага кетип калды.

– Кеп нугун чыгармачылыкка буралы. Сизди сахнадан такыр көрбөй калдык...
– Чоң сахнага көптөн бери чыга элекмин. Бегимай "ата, чарчадыңыз, гастролдогон сизге кыйын болуп калат экен. Мен эле ырдап турайын" деген. Бирок мурунку репертуарымды жаңылап, элге көрсөтүү ниетим бар. Бала кезимден бери чыгармачылыкта жүргөндүктөн андан башка колумдан келбейт. Ошондуктан тойлордо тамадалык кылып, ырдайм. Операторлукту да үйрөнүп алгам, тойлорду тартып, видеосун монтаждап иштеп жүрөм.

– Маегиңизге рахмат, бактылуу болуңуздар!

"Менин кыздарым жубайыма кыз болуп, мен анын балдарына ата болдум".


Жубайлар Токторбек менен Жаңыл Бекбоевдер кезинде сахнада мыкты өнөктөш болчу.


Динара Абдыкадырова
Алишер Алиев
star@super.kg


50 жашында сүйүүгө кабылган Токторбек Бекбоев: "Учурда үйлөнүп, бактылуумун"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(29)
SUPER.KG видео
23.09.2016. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бактылуу болунуз байке!!!Болгону кайран убакыттын текке кеткени окундурот!башка тушсо байтал жорго экен да (((((((((
SUPER.KG видео
24.09.2016. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бактылуу болун ылайым кыздарыныздын жакшылыгын корун, сый урматында болун
SUPER.KG видео
24.09.2016. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бактылуу болунуз! Оорубаныз!
SUPER.KG видео
24.09.2016. 04:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Токторбек мырза бактылуу болунуз! Эркек киши деле бактылуулука татыктуу! Келинчегиниз менен уул кыздарыныздардын торундо жакшылыктарда кубо болуп журунуз, менин атам дагы жалгыз сизди аябай тушуном!
SUPER.KG видео
24.09.2016. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болунуз. Кыздарыныздын сыйын коруп журо берин .
SUPER.KG видео
24.09.2016. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Чуства деп суйлоонун кереги жок анткени 24жыл деген оной эмес ошончо жыл кантип жашадыныз анда эгер аялыныз сизди таштап кетпегенде дагы деле чуствасы жок жашай бермексизби? Кеткен аялга антип айта бериштин кереги жок андан коро жон эле насибибиз бир эмес экен деп коюнуз,азыркы алган аялынызга жагынбай эле. Сиз жакшы адамсыз бирок ушу чуства деген соз ашыкча болуп калгандай.
SUPER.KG видео
24.09.2016. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Чуства деп суйлоонун кереги жок анткени 24жыл деген оной эмес ошончо жыл кантип жашадыныз анда эгер аялыныз сизди таштап кетпегенде дагы деле чуствасы жок жашай бермексизби? Кеткен аялга антип айта бериштин кереги жок андан коро жон эле насибибиз бир эмес экен деп коюнуз,азыркы алган аялынызга жагынбай эле. Сиз жакшы адамсыз бирок ушу чуства деген соз ашыкча болуп калгандай.
SUPER.KG видео
24.09.2016. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маек куруп бериптирсин. Бактылуу болгула!
SUPER.KG видео
24.09.2016. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жанылбас жаак.мудурулбос туяк болбойт.бактылуу карылык корунуз
SUPER.KG видео
24.09.2016. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Кааап такыр эле аша чааптыр чувство деп антип айтуунун кажети жок. Азыркы келиндер ушинтип азгырат. Аябай жакшы көрөм деп айтасыз да уялбай. Жаңыл эжени деле жакшы көрүп үйлөнгөнсүз. Антип айтуунун кереги не тагдыр ажыратты дең.
SUPER.KG видео
25.09.2016. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
50гө чыкканда чуства дейт уялбай,жөн келишпей калдык деп койбой.
SUPER.KG видео
25.09.2016. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Комент жазгандар эмне эле чычалап атасыңар дейм да?!))
Сүйүү каалаган убакта келет.)))
SUPER.KG видео
26.09.2016. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Байкебиз кызып алганго яя!!! Кечинде той-пойго барып ошол жактан кобуроок уруп алса керек. Тарабай калган экен.☺☺
26.09.2016. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ар бир адам бактылуу болууга укуктуу,сиз дагы бактылуу болунуз.
26.09.2016. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйдум-куйдум деген создорду кошпой эле суйлосонуз, эр ортону 50го келип неберелерд жыттаар маалда суйуу жонундо суйлосо, бияктагы адамга кызыктай туюлат экен. Турмуш жолумдун калган болугун ушул айымга байлаптыр деп кой эркектей болуп. Же кеткен катындын ичин куйгузойюн дегенинизби?
Бирок бакыт каалайбыз, ар бир адам тени мн бактылуу болцга акысы бар.Бак-доолоттуу каарылыкка жетелешип жетинизлер!
26.09.2016. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эркектердин абройун тушурбон ака!Суйууго кабылдым деп.Антсениз бизге эч ким ишенбей калат.Даанышмандар айткандай кеткен катынды ким жакшы десин.Неси болсо да бешенеге жазгандан эч кайда качып бара албайс.Ажырашкым келчу эмес деп мурунку женемди суйоорунузду айтып коюпсуз.Кайда болбон аман болуп бактылуу болун.
29.09.2016. 08:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ilgis1991,эн туура, бир аялды бактылуу кыла албаган эркек, биринчи аял таштап кеткен болсо алсыз эркек. Эми кулагынызга жакшымын деп шыбыраган аялды бактылуу кылын. Бегимайга эле жалко.
Медиа-портал
26.09.2016. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Админ интервью алган кыз аты жону ким Татынакай кыз экен
26.09.2016. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Каримова менен Бурхановага жезде экен да.
30.09.2016. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
papanstan, Каримова менен Бурхановага жезде эмес куйоо бала болуп палат.Экоонун тен куйоосу Токтор байкеден сон. Так что
27.09.2016. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бактылуу болунуз суйсо суйуптурда эмне кыжаалат болуп атасынар ага
27.09.2016. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эркектердин ушунусу жакпайт тим эле суйгон эмесмин деп алышат озунчо болбосо жалдырап журуп алганын унутуп калышат.
27.09.2016. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бактылуу болунуз кыздарыныз тушунуктуу экен.
28.09.2016. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эми жакшы жашап кетсениз эле болду... кеткен катынды ким жакшы демек эле,,,
28.09.2016. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Батылуу болунуз
50келгенде деле чувство болотда,небирелер болсо эмне бллуптур
28.09.2016. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул Бегимай Бекбоеванын атасыбы, суротто ошол кызбы
29.09.2016. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болунуз, чындап эле суйууго кезиккениниз корунуп турат. Кыздарыныздын, балдарыныздын мандайында бар болунуздар. Ар бир адам бактылуу болууга тийиш жана татыктуу!!! Бир келебиз бул жашоого татыктуу жашашыбыз керек. Ден соолук эн бириничи, бар болунуз, жузунуздон жылмайуу кетпесин.
29.09.2016. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албек Ибраимов менен окшош го, катарлаш жайгашып да калыптыр, эмнеси болсо да бактылуу болунуз!
SUPER.KG видео
20.10.2016. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ажырашпай жашагылачы аталар апалар силерден сураныч
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо