АЙЫЛ ТУРГУНУ ЧӨП ЧАБУУЧУ ТРАКТОР ЖАСАДЫ

№725 23-сентябрь-29-сентябрь, 2016-ж

"Эл ичи – өнөр кенчи" демекчи, айрым тургундар илимге ачылыш жасашпаса да, эл керегине жараган, дыйкандардын түйшүгүн жеңилдеткен шаймандарды жасап, пайдаланып жүрүшөт. Мисалга алсак, Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Маданият айылынын 49 жаштагы тургуну Акун Салиев өз колу менен чөп оруучу чакан трактор жасаган. Биз каарманыбыздын үйүнө барып, анын эмгеги менен таанышып кайттык.

"ТРАКТОРДУ ЖАСООГО 100 МИҢ СОМДОЙ КАРАЖАТ САРПТАЛДЫ"

Каарманыбыз бул тракторду жасоого 3 жыл убакыт коротконун айтат:

– Өзүм бала кезимден эле техникага жакынмын. Трактор айдаганды агамдан үйрөнгөм. Көп жылдан бери трактор айдайм. Бир жолу темир кабыл алуучу жерге барып, бирөөлөр металлга өткөрүп салган чакан комбайндын 2 чөп чапкычын (жатка) көрүп калдым. Бирөөсү жаңы, бирөөсү эски болчу. Жеңил, чөп орууга ыңгайлуу, кыскасы, керектүү буюм экен. Кожоюнунан "мага сат же ордуна башка темир берейин" деп сурасам макул болбой койду. Ортого тааныштарды салып, бир топ убакыттан кийин араң көндүрдүм. Барсам жаңысынын үстүнө темирлерди таштап салышып, ал жалпайып калыптыр. Анан айла жок эскисин алып баса бердим.
Үйдө ДВШ үлгүсүндөгү эски трактор бар болчу. Шаймандарын башка тракторлорго колдоном деп сатып алган элем. Аны кесип, артындагы чоң дөңгөлөктөрүн алды жагына, ал эми алды жагындагы кичинекей дөңгөлөктөрүн арт жагына котордум. Ошентип алды жагына чөп оргучту уладым. Бир караган адам чөп оргучу артына уланган деп ойлойт, бирок трактордун чоң дөңгөлөк тарабы алдыга жүрөт. Мындайча айтканда, тескеридей көрүнүп калганы менен, чөп кандай орулуп жаткандыгын көрүп турууга оңой болот. Трактордун өзүнө эле кошуп салсам ортодо аралык болуп, алды көрүнбөй калмак. Бошогондо эле алек болуп жүрүп баш-аягы бул тракторду курап чыгууга 3 жылдай убакыт жана 100 миң сомдой каражат сарпталды.

"МУРДА БАКТАРДЫН АРАСЫНДАГЫ ЧӨПТӨРДҮ ЧАБУУДА КЫЙНАЛЧУБУЗ"

– Бул трактор башка тракторлордон айырмаланып бактардын арасына да кирип, чөптөрдү оро алат. Ал эми бак арасында чөп көп өсөт да, ошол себептен элдин муктаждыгына жарап, "чөп чаптырам" дегендер көбөйдү. Себеби мурда эл чөп чабык маалында бир топ эле кыйналчу.
Биздин айылда бак көп. Анын арасына эгилген жерлерди чалгы менен чабышчу, эми тракторум ал түйшүктү бир топ азайтты. Былтыр бир аз иштеткем, быйыл тынган жок. Өзүнө кеткен чыгымды 1 жылда эле актап койду. Күнүнө 2 гектарга жакын жерди чаба алат. Гектарын 2 миң сомго чабам. Чыгымы да аз. Мисалы, берки тракторлор 1 гектарга 6-7 литр солярка ичсе, бул 3 литр ичет. 25 аттын күчү бар. 2 метр 30 сантиметр аралыктагы чөптү чаап, чабылган чөптү ортого сол-сол кылып таштап кетет. Адырларга чыга албайт, тегиз жерлерге гана ыңгайлуу.
Өтө эски тетиктерден куралгандыктан тез-тез бузула берет. Азыр да бир жери бузулуп, ошону оңдоп жаткан чагым. Тракторума документ жасатып алайын деп тиешелүү жерлерге кайрылгам. "Киши отурган жерге кабина жасаңыз" дешкен, аны да жакын арада жасайм го. Мындан башка да 2 тракторум бар. Аларды да иштетем.
3 кыз, 1 уулум бар. Кыздарымдын экөөсү турмушка чыккан, бирөөсү тигүүчү болуп иштеп жатат. Уулум мага жардамдашып жүрчү, быйыл мектепти аяктап, медициналык колледжге тапшырды. Тапкан каражатым үй-бүлөмдү багууга жетет.

Акун мырза жасап чыккан трактор.


Каарманыбыз ушул үлгүдөгү тракторду кыскартып, алдына комбайндын чөп оргучун кошуп койгон.


Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
26.09.2016. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат.
Биздин айылда да бирөө чоп чапкан комбайн жасап чыкты. Гектарын 4000ден чабат
26.09.2016. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Паталок го силерде бизде максимум 1100 чабышат Германский комбайндар
29.09.2016. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын братан.Ишине ийгилик!!!
02.10.2016. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда ондуруш жок болсо завод фабрика иштебесе баарын сатып тоноп салышса жанагы чондор деген шумшуктор анан байкуш дыйкандар жоктон бар кылат да.
24.11.2016. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз жок маладец.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо