Салтанат Саматова, ди-джей, телеалпаруучу: "РАКТЫ ӨЗҮНӨ ИШЕНГЕН АДАМ ГАНА ЖЕҢЕ АЛАТ"

№725 23-сентябрь-29-сентябрь, 2016-ж

Салтанат айым рак илдетине кабылганын 5 жыл мурун билген. Аты жаман бул дарт аны чөктүрө алган жок. Тагдырдын сыноосуна моюн сунбай, дартты сасык тумоо оорусундай эле кабыл алып күрөшүп келе жатканы мактоого арзыйт. Ананчы, сүйүктүү жолдошу, кубат берген жумушу, эки канаты болгон уул-кызы турганда бул оору аны багындыра алмак беле? Тескерисинче оору бул инсанга багынсын!

Туулган жылы, күнү –
1972-жыл, 1-март
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун музыкалык факультетин бүтүргөн
Учурда – телеалпаруучу, ди-джей, тамада
Үй-бүлөлүү, уул-кыздын апасы

– Салтанат эже, сиз кичинекей кезимде көргөн Салтанат Саматова боюнча элесиз. Жаш көрүнөсүз, мунун сыры барбы?
– Сыры деле жок. Мен мурдагы Салтанатмын деп айта албайм. Жыл өткөн сайын токтолуп, көп нерсени башкача кабыл алып калдым. Илгерки Салтанат эмоциясы ашып-ташкан, бат эле тутанып кеткен оттой болчу. Азыр болсо "мейли, боло берсинчи, аман болсунчу" деген көз караштамын. Анан кичине акылдуураак да болуп калдым. Келбетим да кадимкидей өзгөрдү. Боёнгонум, кийингеним башкача, сулуураак болуп калдым деп коёюнчу (күлүп).

– Рак илдети менен күрөшүп келе жатканыңызды жашырбайсыз. Бул ооруга кабылган адамдарга кеңешиңизди берип, моралдык колдоо көрсөтүп келесиз...
– Бул илдет менен күрөшүп келе жатканыма 5 жыл болду. Жыйынтыгы да ийгиликтүү болуп жатат. Башым дайыма ооруй берчү. Томографияга текшерткени барсак "жубайыңыз рак экен" деп ошол күнү эле дарыгер жолдошума айтыптыр. Ал болсо мага айткан эмес. Анда кызыбыз 5 айлык эле болчу. Жолдошум баланы мага көтөртпөй колумдан ала калып, мээримдүү болуп калды. Өзү эле камкор болчу, бирок ордумдан турсам тура калып, отурайын десем орун бошотуп, мамилесин кадимкидей өзгөрттү. 3 жума жашырып айтпай жүрдү. Өзү байкуш ичинен сызып, түн ичинде мага көрсөтпөй ыйлачу экен. Мени ээрчитип алып рентгенге, томографияга алып барып "дарыгерлер билбей жатат, таппай жатат" деп койду. Ооруга чалдыкканымды укканда "дарыланам, айыгам!" дегем. Себеби ракты өзүнө ишенген адам гана жеңе алат.

– Химиотерапия менен дарыланып жатасызбы?
– Айына бир жолу химиотерапия алам. Албетте, аябай кыйын болот. Бул талгак сыяктуу, жүрөгүм айланып, кускум келип 2-3 күн кыйналып жүрүп өзүмө келем. Жумуш мага аябай дем берет. Той-топур, салтанаттарга барганда чоң энергия алам. Башында жолдошум "болду, үйдө отур, иштебе" деген. 2 ай үйдө отуруп аябай чөгүп кеттим. Ар кайсыны ойлойсуң, эч нерсе жасабайсың. Жолдошума "минтип отура берсем абалым мындан да начарлап кетчүдөй, мен иштейинчи" дедим. Укмуш жасанып алып, "артист көйнөгүмдү" кийип тойго барып жакшы тилектерди, комплименттерди уктум. Элдердин "ай-ий, Салтанат, сулуу болуп калыптырсың, арыктап кетиптирсиң" деген сөздөрү дем берди. Ошол күнү кубанычым коюнума батпай, кудуңдап алып үйгө келип "жумушка чыкканда энергия алат экенмин, мен иштейм дагы, жашайм дагы" деген тыянак чыгардым. Ошондуктан ушундай ооруга кабылгандарга "рак дагы дарыга баш ийе турган оору, чөкпөш керек" деген кеңеш берип кетем.
Бул ооруга кабылганда 2 жолу эле ыйладым. Ай сайын химиотерапия алып, анализ тапшырып, дары ичкенден тажап кетесиң. Анан таарынчаак да болуп калат экенсиң. Бир жолу "мен өлөм, башка жакшы аял алып ал" деп жолдошума таарынып ыйласам, ал бооруна кысып "жиндисиңби, баары жакшы болот, чогуу жеңебиз" деп соороткон. Өмүрлүк жарымдын, тууган-уруктун тилеги, элдин батасы, Жараткандын колдоосу менен бул илдетке каршы туруп келе жатам. Ракты айыктырса болот, бирок буга каражат керек. Акчасы жок адамдарга аябай эле кыйын. Себеби дары-дармектер абдан кымбат. Бир айда миң доллардын тегерегинде жумшалат.

– Жакында Фейсбукта чыгармачыл инсандар "Салтанат эжени колдойлу, каражат чогулталы" деп жазып чыгышты...
– Бир жолу Динара Аляева деген курбума "тажадым, көп каражат кетип жатат. Балдарыма бербей, өзүмө коротуп жатам, дарыланбайм" дегем. Ал сөзүмө таасирленип кечке ойлонуп "акча тартыш болуп жатат, Салтанатты колдоого алалы" деген билдирүү жазыптыр. Жолдошум аны көрүп алып "жок, антпегиле, Кудайга шүгүр, азыр акчабыз бар" деди. Бардык кесиптештерим, тааныбаган адамдар да сөзсүз колдойбуз деп каражат чогулта баштаптыр. Мен аларга аябай ыраазы болдум.

– Келиңиз эми, маегибизди позитивдүү маанайга буралы. Сизди элге ди-джейлик таанытты десек болот...
– Курбумдун чакыруусу менен радиого барып, бир программада үн коштоп берсем, жетекчиликке жагып иштеп калдым. Кийин орусиялык радионун филиалы бул жакта да ачылып, кастингден өтүп кеттим. 2 жакта тең иштеп жатсам мени жетекчилик чакырып, "бул жакты же тигил жакты танда, үтүктү сайсак да сенин үнүң угулуп жатат" деген талап койду. Мен экинчи радиону тандап, москвалык радиодо кыргыз кыздарынан биринчи болуп иштеп калгам. Кийин кечелерди, тойлорду алып барып жүрүп бул жаатта да тажрыйба топтодум. Быйыл сахнада, радиодо жүргөнүмө 20 жыл болот.

– Жолдошуңуз менен чыгармачылык чөйрө тааныштырдыбы?
– 27 жашымда турмушка чыктым. Элдер "качан турмушка чыгасың?" деп эле тажатып сурай беришчү. Жолдошумду көргөндө эле ушул жигитти кармаш керек дегем (күлүп). Азыр кыздарга "жакшы көргөн жигитти коё бербей кармап калгыла, өзүңөр биринчи кадам жасай бергиле" деп айта берем. Менин курбу кызым жолдошумдун досуна турмушка чыккан. Тойдо мен кыздын курбусу, ал күйөө жолдош болгон. Алардын планы экөөбүздү табыштыруу болчу. Таанышканда аябай толкунданган болушум керек, көп сүйлөп, каткыра бергем. Кетип баратсам ал телефон номеримди сурабайт. Анда чөнтөк телефон жок болчу да. Анан мен "сенин телефонуңдун номуру кандай эле?" деп сурап алдым (күлүп). Ага чалып "эмне кылып жатасың? Чыкпайсыңбы, ары-бери басып келели" деп жолугушууга өзүм чакыргам. 1 жылдай сүйлөшүп жүрүп баш коштук. 17 жылдан бери чогуу түтүн булатып, уул-кызыбызды тарбиялап келе жатабыз. Балдарым да чыгармачылыкка жакын. Кызым "мамочка, мен сендей алпаруучу болгум келет" дейт. Кыз эмеспи, көйнөктөрүмө, сөйкө, шакектериме кызыгат. "Чоңойсоң булардын баары сеники болот" десем, элестетип алып кубанып калат.

– Маегиңизге рахмат, сакайып кетишиңизге тилектешмин!

"Ушул даражага жеткирген ата-энеме ыраазымын. Сөз баккан, китепти көп окуган атам Орозобек, мээримдүү, ар дайым жардамын аябаган апам Жүмабүбү – булар жашоомдун уюткусу".


"Уул-кызым да чыгармачылыкка жакын. Кызым "мамочка, мен сендей алпаруучу болгум келет" дейт".


"Турмушка 27 жашымда чыктым. Жолдошумдун бою узун, сымбаттуу жигит. Аны биринчи жолугушууга өзүм чакыргам".


"Жумуш мага аябай дем берет. Той-топур, салтанаттарга барганда чоң энергия алам".


Динара Абдыкадырова
Алишер Алиев
(Айрым сүрөттөр Салтанат Саматованын өздүк архивинен алынды)
star@super.kg


"Рак менен ооруганымды жашыргым келбейт" дейт Салтанат Саматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  17 
Комментарийлер(51)
SUPER.KG видео
01.08.2016. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Оорудан эртерээк айыгып кетиниз эжеке. Балдарыныздын жакшылыгын корунуз. Кыргыз элине керек адамсыз.
26.09.2016. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Айыгып кетиниз балдарыныздын бактына аман болунуз эч кимди бири биринен ажыратпасын.
26.09.2016. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аман болунуз, балдарыныздын жанында.
26.09.2016. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Салтан эже баарын женет мен ишенем
26.09.2016. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Аллахым сизге болгон жакшылыктарын аябасын айыгып кетиңиз ар дайым үй бүлөөңүздүн бактысына бар болунуз!!!
26.09.2016. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Салтанатка ден соолук каалайм,аябай эрктуу, сакайып кетсин. Рак десе эле журогум ооруйт
26.09.2016. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ayabay pozitivnaya eje go. oorugany da bilinbeyt. oorubanyz, dayima ele uwintip suluu bolup juro beriniz
26.09.2016. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бул эже бардык нерсени жене турган баатыр аял
26.09.2016. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айыгып кетиниз ылайым. Мен да сизге окшош жанмын ыйлагандан пайда жок андан коро беш маал намаз окуп. Аллахка сыйынуу керек балдарындын амандыгын тилейсин албетте жанында дем куч берген жолдошун болот,сизди жан дуйнонузду эн жакшы тушунуп турам бул тагдыр. Эч пенденин журогу ооруп кыжаалат омур суруусун каалабайм.
Nurkyz1977 түзөттү 2016-09-26 12:16:20
26.09.2016. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен сизди сыйлайм.Сиздей кыйын,билимдуу энергичная, адам болгум келет.Башкалардан айырманыз эки тилде так,даана суйлойсуз.Ден-солук,чексиз бакыт каалайм!!!
26.09.2016. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азамат эжебиз!!
26.09.2016. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айыгып кетиниз.
26.09.2016. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудайым оорунуздан айыктырсын ,Бактылуу турмушунуз узагынан болсун
26.09.2016. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахым шыпаа берсин! Мен сизди жакшы кором эжеке!
26.09.2016. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айыгып кетиниз аты жаман оорудан.
27.09.2016. 08:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чон корунот экен го мен элуудо деп журо бериптирмин
27.09.2016. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен ушул алып баруучуну аябай сыйлай жакшы алып барат бут жерде .Оруудан айыгып кетишин каалайм.
28.09.2016. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эч качан оорудум дебениз кыргыздын мыкты айымы сизсиз.
29.09.2016. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
еее бул менин эжем болотко Эжеке АЛЛАХЫМ оорусун берсе Шыпаасында кошо берет ИШИНИЗГЕ ИЙГИЛИК
29.09.2016. 08:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чын, чын журоктон ден соолук каалайм, Салтанат Саматова. Уй булоонуз менен бакубат омур сурун. Куйоонузго номеринди бербейсинби дегениниз жакты. Бактылуу болуу учун кадамды биринчи сиз баскан экенсиз. Сиз лидер аялсыз. Сизге уууууууууууууууууууууууууууузак омур тилейм
30.09.2016. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла шыпаасын берсин,сакайып кетиниз.
01.10.2016. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай эркек куйоону коройун десем суротун чыгарбаптырлар да
01.10.2016. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз эже,сиздин кайратыңызга тан бердим!!!алып баруучу жаштарга эскертүү- айым,мырза дегенди орду менен колдонсоңор...эже,аябай сыйласаң эжей деп койгула.
01.10.2016. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз бар болунуз!
02.10.2016. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун маек.Дарттын артында дабасы да бар деген ишеничке токтолгонунуз башкаларга улгу болсун
02.10.2016. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым шыпаасын берсин, айыгып кетиниз
02.10.2016. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
БАР БОЛУНУЗ
14.10.2016. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айыгып кетиниз биз сизди жакшы коробуз
Медиа-портал
02.11.2016. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба, Европа+ та унун укканда мен да орус дечум. Кийин теледен кыргызча суйлоп журсо ушундай таза суйлогон ведущийлер бар экен да деген элем.Тилинен чан чыгат да тимеле чуурутуп суйлоп. Кээде англисче да суйлоп жиберет. Балдарыма айтып калам алыска тил уйроном деп кетпей эле ушээрдеги Салтанаттай эле суйлоп алгылачы деп.Салтанат кинолорго да тартылып койсон жарашат эле.Анан ооруйт деп сени эч ким ойлобойт, ушул турушун кандай болсо ошонундан жазбай айыгып кет.
Медиа-портал
02.11.2016. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аягына чейин кордум. Биринчи корушум ушундай интервью берген адамды теледе жургондордун ичинен.Башкалар сенден сабак алса болмок.Коруп озумо энергия алдым, рахмат сага Салтанат. Бар бол, коп жаша,балдарындын торундо балпайып отуруп чайын ич. Кийинкилер сенден коп сабак,тарбия алышсын. Анан жанындагы алып барган кыз да жагат, жакшы алып журот озун дайыма жасалмасы жок.Но сендей шустрый эмес. Салтанат только вперед, баары алдыда молодец!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо