АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВДИН АБАЛЫ ЖАКШЫ

№725 23-сентябрь-29-сентябрь, 2016-ж

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 19-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын жыйынына катышуу үчүн АКШга бара жатып, орто жолдо ден соолугунун начарлашына байланыштуу Түркиянын Стамбул шаарында ага "Тез жардам" кызматы чакыртылды. Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусовдун айтымында, анализдердин жыйынтыгы чыга элек, азырынча жүрөк оорусунун белгилери аныкталган. Президент Кыргыз мамлекетине дарыгерлердин уруксатынан кийин гана кайта алат дешүүдө. Андыктан өлкө башчысы 1-октябрга чейин эмгек өргүүсүнө чыкты. Түркиялык ЖМКлардын маалыматына ылайык, Алмазбек Атамбаев Стамбулдан ары Измирге карай учуп, андагы мейманканалардын бирине жайгашкан.
Президентти "Тез жардам" унаасына салып жатышкан кезде видеого тартылып, интернетке жайылуусу бир канча суроолорду жаратты. Мамлекет башчы катардагы жаран эмес. Видеодо мурун жан сакчысы болуп, азыр УКМКга караштуу 9-кызматтын башчысы болуп дайындалган Дамир Мусакеев жанында жүргөнү көрүнөт. Аталган кызмат мамлекеттин жогорку бийлик өкүлдөрүнүн коопсуздугун камсыздайт. Президенттин эс-учун жоготкон абалдагы көрүнүшүн камерага тартып алууга алар тоскоолдук жаратып, же уруксат бербей коюшу да толук мүмкүн эле. Андыктан интернетке жайылган видео коомчулуктагы нааразычылыктан улам элдин аёо сезимин жаратуу үчүн жасалган аракет эмес деп үмүт кылабыз.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо