КАДЫРЖАН БАТЫРОВ ЭСЕН-СОО ЕВРОПАДА ЖҮРӨТ

№725 23-сентябрь-29-сентябрь, 2016-ж

Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги Кадыржан Батыровдун сөз сүйлөө үчүн Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмун аянтча катары пайдаланганына нааразы. Ал акыркы 5 жыл ичинде Швецияда жашап жатканын айтып, 20-сентябрь күнү Польшада ЕККУнун жыйынында өзүнө карата жаңы кылмыш иши козголгондугу боюнча бийликтин аракеттерине нааразы экенин билдирген. Эске салсак, Кадыржан Батыров 2010-жылдагы Ош коогалаңына байланыштуу этностор аралык кагылышууну уюштурууга айыпталып сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган жана издөөгө жарыяланган.
31-августта президент Алмазбек Атамбаев аянтта сүйлөп жатып "Кадыржан Батыровду ким качырганы да ачылат" деген эле. 14-сентябрда мамлекет башчы Башкы прокуратурага Батыровдун чет өлкөгө чыгып кетүүсүнө Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн тийиштиги бар-жогун иликтөө максатында комиссия түзүүнү тапшырган.
Өмүрбек Текебаев 19-сентябрда Убактылуу өкмөттө өлкөдөгү тынчтык үчүн Алмазбек Атамбаев жооптуу болгонун, ал декретти расмий булактардан бирөөлөр атайын алып салышканын айтты. Кийинчерээк депутат биздин редакцияга ошол токтомдун көчүрмөсүн берди. Андан 2010-жылдын 23-апрелинде кабыл алынган документке ылайык, Кыргыз Республикасындагы коопсуздук жана тартипти сактоо боюнча түзүлгөн комиссияга Алмазбек Атамбаев төрага болгонун көрүүгө болот. "Ага ошол убакта бардык ыйгарым укуктар берилген, финансылык да, кадрдык да... Эгерде өлкөдө бир окуя болсо, анда Атамбаев башы менен жооп бериши керек эле",- дейт башкы "ата мекенчи".



Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо