ПАВЕЛ ВОЛЯНЫН ОРДУН БАСКАН АЗАМАТ МУСАГАЛИЕВ

№726 30-сентябрь-04-октябрь, 2016-ж

Орусияда көпчүлүк юмор жанрындагы берүүлөрдүн рейтинги жогору. Аны менен бирге КВНчи, куудулдарга болгон талап да жогору болот эмеспи. Бүгүн сөз кыла турган каарманыбыз алыскы Камызяк шаарынан келип, Москваны багындырган карапайым казак жигити Азамат Мусагалиев. «Орусиянын эли оңою менен барбаган жерде чоңоюп өстүм. Борбордон алыс болгонубуз үчүн кыялдарды орундатуу айга кол сунгандай туюлчу. Ошол биз жашаган боз катмардын ичинен суурулуп чыгып, ийгилик жылмайып чоң шаарда иштеп, таланттуу адамдардын арасында жүргөнүм түштөй сезилет»,- дейт ал.

Толук аты-жөнү – Мусагалиев Азамат Тахирович
Туулган жылы, күнү – 1984-жыл, 25-октябрь
Туулган жери – Орусия, Астрахань облусу, Камызяк шаары
Кесиби – Актёр, телеалпаруучу, куудул
Учурда – ТНТ телеканалында «Где логика?» берүүсүн алып барат, «Однажды в России» юмордук шоусунун актёру
Кошумча өнөрү – Гитарада мыкты ойнойт

ДАРЫГЕР, ИНЖЕНЕР, АНАН КУУДУЛ

Таланттуу, куйкум сөздүү куудул Азамат Мусагалиев Камызяк шаарында отурукташып калган этникалык казактардын үй-бүлөсүндө туулган. Ал азыркыга чейин чоң апасы менен казак тилинде сүйлөшүп, эне тилинде эркин ой жүгүртө алат. Кесип тандоодо ата-энесинин кыялын орундатам деп бир топ түйшөлгөн. Ал: «Апам мени кеңседе, ак көйнөк кийип, колума дипломат көтөрүп жүргөн жумушта көргүсү келчү. Ал эми атам дарыгер болосуң дээр эле. Атам каза болгондон кийин анын тилегин аткарып медициналык институтка тапшырдым. Бирок апамдын сунушу менен медицина тармагындагы окуумду таштап, инженердин окуусун бүтүргөм. Ошентсе да өз кесибим менен бир күн да иштеген жокмун. Кийин «Интерны» сериалында дарыгердин ролун аткарып, өзүмдүн, атамдын кыялын орундаттым»,- дейт.

БААРЫ КВНДЕН БАШТАЛГАН

Мусагалиевдин КВНге болгон кызыгуусу 10-классында башталган. КВНде ойногон досу «номер аткарганда артыбызда гитара ойноп берип турасың» деп аны командага кошуп алат. Алгач каарманыбыз жергиликтүү Камызяк шаарында КВН командасын түзүп, Орусиянын шаарларын кыдырып гастролго чыгып акча таап жүрчү. 2007-жылы күчтүү харизмасы, тапкычтыгы менен көзгө көрүнүп калган куудул Астрахань облусунун «Альтернатива» КВН курама командасына кабыл алынат. Көп өтпөй «Сборная Камызякского края» командасынын капитаны болуп шайланат. Аталган команда менен Мусагалиевдин жылдызы жанып, Масляковдун Жогорку Лигасында бир нече жолу ийгилик жаратат. 2015-жылы аталган команда КВНдин Жогорку Лигасынын чемпиондугун утуп алышкан. Азамат Мусагалиевди Кыргызстанда аймактык «Ала-Тоо» Лигасынын Эльдияр Кененсаров менен биргеликте негиздөөчүсү жана редактору катары жакшы таанышат.

ПАВЕЛ ВОЛЯНЫН ОРДУН БАСАРЫНА ИШЕНИШКЕН

Азамат Мусагалиев ТНТ каналындагы учурда алып барып жаткан «Где логика?» берүүсүн башында Павел Воля алып бармак. Тагдыр ташы кокусунан Мусагалиев тарапка ооп, берүү башталарга эки жума калганда редакторлор алпаруучулукту каарманыбызга сунуштайт. Анткени канал жетекчилери Азамат Мусагалиевдин Павел Волянын ордун баса аларына бөркүндөй ишенишкен.

«МЕН АЯЛЫМДЫН ҮЧҮНЧҮ БАЛАСЫМЫН»

«Күлгөндү билген адам эң бактылуу» деп эсептеген Азамат Мусагалиев жеке жашоосунда сахнадагыдай, кинодогудай эле бактылуу. 2008-жылы жубайы Викторияга баш кошуп, учурда Ляйсан жана Милана деген кыздарын тарбиялап келишет. Кыздарын тарбиялоо менен көбүнчө аялы алек болорун айткан Азамат: «Үй-бүлөм менен көп убакытка көрүшпөй жашаган күндөр болду. Бирок былтыр Москва шаарына көчүп келгенден бери сейилдөөгө, театрга, киного чогуу барып калдык. Жубайым кыздардын «каприздерин» мага караганда жакшы билет, мен эркелеткенди гана билем. Аялымдын үчүнчү баласы болуп калгам, ал кааласа мени кошуп тарбиялап коёт»,- дейт.

Күлкү жаратуучу үйдө камкор ата, эрке күйөө.


Мусагалиев "Сборная Камызякского края" командасынын толук курамда сакталып калганына абдан кубанат.


Азамат Мусагалиевдин учурда интернетте популярдуу болуп жаткан «*** ты ноешь?» ырынан үзүндү:
Жашообузда жай иштеген интернет, улуттук кураманын утулушу деген сыяктуу болбогон нерселерге көңүлүбүздү чөктүрө беребиз. Бирок дүйнөдө сиз менен бизди түшүнбөгөн адамдар бар...

«*** ТЫ НОЕШЬ?»

Где-то в китайской провинции есть под землей заводы.
Там дети шьют сумки и джинсы, собирают айпэды, айфоны.
Там единственный света источник – фотография Мао Цзэдуна.
Поэтому такие косые строчки на поддельных спортивных костюмах!
Эти дети солнца не видели, все чумазые, полуголодные.
Их на свет рожали родители, чтобы ты в Воронеже модным был!

Кайырма:

*** ты ноешь, а?
*** ты ноешь, а?

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(10)
03.10.2016. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат
03.10.2016. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен ойлогом бул хакас макас болсо керек деп. Корсо казак экен да. Молодец точно куудул, юморист.
04.10.2016. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Nur1k, керек болсо тек жагынан бизге эн жакын эл хакастар эсептелинет, антип мазактап айтпа! Керек болсо кытай тилинде, тарыхында хакас да кыргыз да Кыргыз деп бир эл катары таанылат!
04.10.2016. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nur1k, керек болсо тек жагынан бизге эн жакын эл хакастар эсептелинет, антип мазактап айтпа! Керек болсо кытай тилинде, тарыхында хакас да кыргыз да Кыргыз деп бир эл катары таанылат!
04.10.2016. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nur1k, керек болсо тек жагынан бизге эн жакын эл хакастар эсептелинет, антип мазактап айтпа! Керек болсо кытай тилинде, тарыхында хакас да кыргыз да Кыргыз деп бир эл катары таанылат!
03.10.2016. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чынында жакшы алып барат где логика деген берууну.
03.10.2016. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын,Азамат!!!
04.10.2016. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Хули ты ноешь? А!! Сонун аткарган, мага абдан жакты. Азаматсың! Азамат.
Kuban-95 түзөттү 2016-10-04 01:07:30
04.10.2016. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Импровизациясы кучтуу, Павел Волядан ашып кетет го...казакмын деп коп айтат молодец тегин унутпай жургон!
08.10.2016. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оооов моладец.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо