"400 ЖЕЛИМ ЖАШИК МЕНЕН ОЧОККАНА ТУРГУЗДУМ"

№726 30-сентябрь-04-октябрь, 2016-ж

Сиз жайы менен колуңуз бошобой очоккана, времянка, гараж же сарай салууга жетишпей калдыңыз дейли. Бирок алар зарыл болууда. Кантип аны батыраак тургузууга болот? Бул жаатта бат бүтүүчү жана арзанга туруучу курулуш түрү бар. Ал өлкөбүзгө жаңыдан жайылып жаткан кадимки жашылча-жемиштер салынуучу жашиктер менен тургузулуучу курулуш. Мына ушундай курулуштун ээлеринин бирине жолугуп, маалымат алдык.

"9-10 КҮНДӨ ТУРГУЗУУГА БОЛОТ"

Нурлан Токтокожоев, Бишкектин Ак-Ордо конушунун тургуну, 47 жашта:
– Мен учурда очокканамдын үстүн жаап бүттүм. Анын дубалы үчүн желим жашиктерди колдондум. Мындай курулушту өзүм жашаган конуштагы бир адамдын үйүнөн көргөм. Көрүп, эмнеге мен очоккананы ушинтип тургузсам болбосун деп ойлогом. Анан жашиктерди чогултуп, кум-цемент дегендерди алып ишке кириштим. Негизи мындай курулуш өтө бекемдиги, дубалынын сыртынын көчпөстүгү, кышта жылуу, жайында салкын болуп, бат бүткөнү жана арзанга турушу менен айырмаланат экен. Пайдубал кургагандан кийин ылай ачытып алып, жашиктерди коюп, ичин ылай менен толтуруп кете бересиң. Ылай кургасын деп күтүп отуруунун зарылдыгы жок. Анткени дубалдын бети жашиктердин кырларынан улам цементтей бекем болуп, дубалдын формасы бузулбайт. Узуну 5, туурасы 3, бийиктиги 2 метр келген очоккананы 2 адам тынбай иштесе 9-10 күндө бүтүрүп коёт. Мисалы, бизге, 2 адамга пайдубалын тургузганга 3 күн, дубалын койгонго 2 күн, чатырын жапканга 2 күн кетти. Эми кум шыбакка дагы 1-2 күн керек. Анан терезе-эшигин орнотууга, пол салууга киришем.

ОЧОККАНАГА 28 МИҢ СОМ КЕРЕКТЕЛДИ

Узуну 5, туурасы 3, бийиктиги 2 метр келген очоккана үчүн кеткен чыгымдар:

1. Пайдубал үчүн

  • Цемент – 5 мүшөк. 1 мүшөгү – 300 сом. 300x5=1500 сом
  • Таш – 1000 сом
  • Кум – 1000 сом

2. Дубалы үчүн

  • Желим жашик – 400 даана. 1 даанасы – 10 сом. 400 x10=4000 сом
  • Топурак – 2000 сом (15 тонна )
  • Саман – 3 түк. 1 түгү – 80 сом. 80x3=240 сом

3. Шыбы үчүн

  • Гипсокартон – 5 даана.1 даанасы – 260 сом. 260x5 сом=1300 сом
  • Пенопласт – 5 даана. 1 даанасы – 115 сом. 115x5 сом=575 сом

4. Чатыры үчүн

  • Торсун (балка), чатыр устун, ичке тактай (рейка) – 3500 сом
  • Шифер – 13 даана. 1 даанасы – 280 сом. 280x13=3640 сом

5. Ичи-тышына кум шыбак үчүн

  • Кум – 4000 сом (7 тонна)
  • Цемент – 2 мүшөк. 300x2=600 сом

6. Терезе, эшик үчүн

  • Мурунку колдонгону – болжол менен 5000 сом
  • Жаңылары – 8000-9000 сом

Жалпы чыгым – 28 355 сом (эшик-терезеси мурун колдонулганы)

Эгер өзүңүз үйдөгүлөр менен тургузсаңыз, албетте, устанын акысына төлөнчү акча өзүңүздө калат.
Эгер 2 адамды акыга жалдасаңыз, анда 40 000-45 000 сом кетет. Полун кааласаңыз цементтеп же башкадан жасап ала бересиз.

Желим жашик менен тургузулган очоккананын көрүнүшү.


Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  15 
Комментарийлер(21)
03.10.2016. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кум менен таш миң сомдон эмес зил таш 2500 кум 2000 семент деле 10 мүшөк кетет
05.10.2016. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буткон ишке сынчы коп дейт беле?
Соонун болуптур
03.10.2016. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы идея экен.
03.10.2016. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Пескоболоктон эле салса кымбат болуп калабы?? 28 мин кетсе буга???
03.10.2016. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
сейсмичность жокко
03.10.2016. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Там салганга ынгайлуу окшойт
03.10.2016. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Очоккананыда саман менен курабы бир куйсо пай пай
04.10.2016. 04:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ZHYRGAl141 ылайына саман кошот ошону билбейсинби омурундо ылай шыбак кылганын кордун беле
03.10.2016. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Адамдан амал качып кутулбайт.
04.10.2016. 06:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
kudai saktasyn, eger ot alyp ketse bar ele kuiup tushup kalsa kerek
04.10.2016. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Очоккана орттун очогу го пластик, саман ото эле коркунучтуу, тан калдырам деп ар нерсени кыла берет экен да, кеткен 400ящикти сатып пескоблок менен эле салса орттон алыс болмок!
04.10.2016. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
песко блоктон очок кана жакшы корунот.
04.10.2016. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аны муну койгула кам гыштан ( кирпич ) эле эң соонун болот ушул убакка чейин ошондон эле тургузуп келебизго очок кана эмес үйлөрдү деле. А бул Кудай сактасын го эгер күйүп кетсе дубалыда кошо күйсө керек.
04.10.2016. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тообо туптуз кургана сонун чыкмак,дагы бираз башты иштеткенде ээ, андан коро чечен бубал койсо бышык болмок и урувин иштетпеген го я
05.10.2016. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Эн сонун идея экен.жер титирегенде кулабайт жаракада кетпейт уйду да ушундай салыш керек экен.уй куйсо эч нерсе болбойт тышынан шыбалат
08.10.2016. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
primus,Анда уй салда кийин коробуз уйсуз калдым деп журбо
05.10.2016. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азаматсыз байке
06.10.2016. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мунунар эртен кулап калсачы?
06.10.2016. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ящике ылай толтуруш азапта пайпай пай эгер билсененер ящиктин акчасына пескоблок алып эле тургузуп койсо кайра арзан болот
07.10.2016. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде арзан корсотулуп калыптыр андан ашат.
19.06.2017. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пескоблок эле оңго дейм бирок мал канага боло берет экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо