Милан Жанибекова, модель: "СУЛУУЛУК – БУЛ БЕТИҢЕ СЫЙПАЛГАН "DIOR`ДУН" КРЕМИ ЭМЕС"

№726 30-сентябрь-04-октябрь, 2016-ж

Милан Жанибекованын модель чөйрөсүнө аралашканына 2 гана жыл болду. Аны келишкен келбети, ажарлуу жүзү аз убакыт ичинде таанымал моделге айлантты. Каарманым сулуулугуна манчыркап керсейген кыздардан эмес, жөнөкөй, ачык-айрым, позитивдүү бийкеч экен.

Туулган жылы, күнү
– Сыр тутат
Туулган жери – Бишкек шаары
Бою – 175 сантиметр
Параметри – 85-64-90
Билими – Медиа жана дизайн мектебинде окуйт.
Бойдок, үй-бүлөдө эжеси жана иниси бар
Жетишкендиктери – "Бишкек сулуусу-2015", "Кыргызстан сулуусу-2016" сулуулар сынагынын жеңүүчүсү
Тартылган клиби – Омардын "Сен" аттуу клиби
Кызыгуусу – Сүрөт тартуу, ди-джейлик

– Милан, балет мектебин бүтүргөнүң менен, моделдикке ооп кетиптирсиң...
– Мен 5 жашымдан баштап балет дүйнөсүнө аралаштым. Бий искусствосу мага өзгөчө керемет көрүнүп, дасыккан балерина болгум келчү. Бирок балет мектебин бүтүргөндөн кийин бул жаатта өсүп, уланткым келген жок. Себеби бой жетип, токтолуп калгандан кийин балерина кесиби меники эместигин түшүндүм.

– Моделдик чөйрө эмнеси менен кызыктырды?
– Модель болом деген деле ой жок болчу. Болгону мага кызыккан фотографтар, моделдик агенттиктер интернет аркылуу чакыра башташты. Башында "менден кайдагы модель чыкмак эле?" деп баш тартып жүрдүм (күлүп). Бир жолу макул болуп фотосессияга катышкандан кийин бул дүйнө мени өзүнө тартып алды.

– Мода көргөзмөсүнө чыгуу үчүн канча төлөшөт?
– Негизи 500 сомдон 1,5 миң сомго чейин төлөшөт. Аябай чоң гонорар алып көрө элекмин, буюрса, баары алдыда деген ойдомун (күлүп). Ал эми фотосессия үчүн 5 миң сом алам.

– Фотосессиялар, мода көргөзмөлөрү көп убакытты алат да. Окууңа кантип жетишип жатасың?
– "Каалооң күч болсо баарына жетишесиң" деген сөз бекеринен айтылбаптыр. Менин оюмча, мындан да көп нерсени жасай алмакмын. Убакытты туура пайдалануу менен баарына жетишип келем. Казакстанда моделдик чөйрө жакшы өнүккөн. Ал жактан фотосессияларга чакыруулар түшкөндө барып турам. Моделдик мен үчүн азырынча хобби. Дасыккан модель болуу үчүн чет өлкөгө кетиш керек.

– Көпчүлүк моделдер "мода көргөзмөлөрдө көрө албаган кыздар кыянаттык кылып туфлиңе тикенек салып, көйнөгүңдү тытып коюшат" дешет....
– Кыздар мага кандай жардам бергенин өзүңүз көрдүңүз го. Биз бири-бирибизге жардамдашабыз. Балким, башка модель кыздарда ошондой болсо керек. Менин айланамдагылардын баары боорукер, кең пейил кыздар.

– Чет өлкөдөн сунуштар түшүп жатабы?
– Казакстан, Украина, Орусия, Түркиянын моделдик агенттиктеринен сунуштар түшүүдө. Дубайдан да стажировкадан өтүү боюнча чакыруу келди, буюрса, кышында барып келем.

– Келбетиңе кантип кам көрөсүң?
– Азырынча спорт залга бара элекмин, жакында барам (күлүп). Мен өзүн караган кызды сулуу деп эсептейм. Сулуулук бетиңе сыйпалган "Dior" фирмасынын тоналдык креми эмес. Менин көз карашым боюнча сулуулук – биринчи кезекте тазалык, тыкандык, ден соолуктун саламаттыгы.

– Ата-энең бул жаатта иштегениңе каршы эмеспи?
– Ата-энем заманбап адамдар. Алар эмне менен алектенгим келсе каршы чыкпай, дайыма колдоп турушат.

– Сулуу кыздын күйөрман жигиттери көп болсо керек?
– Көптүгүн байкай элекмин. Себеби жүрөгүмдүн ээси бар, аны аябай жакшы көрөм.







Динара Абдыкадырова
star@super.kg


(Сүрөттөр каармандын өздүк архивинен алынды)


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(27)
03.10.2016. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
заманбап деп эле ушинтип чыккан жакшыбы эми, лично биздин менталитетке да, карманган динибизге да туура келбейт минтип модель болуу. Модель болгула кыздар бирок мынчалык деңгээлде эмес, подиумга чыккыла узун көйнөктөрдү кийип, фотосессияга баргыла анда да кыргыз көйнөктөрүн жарнамалап, мынчалык жарым-жылаңач болбой эле койгулачы
omka100514 түзөттү 2016-10-03 09:42:35
03.10.2016. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Койгулачы ай ушул кантип болсун !
03.10.2016. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Жоолук оронуп хиджаб кийбесемда жыланач денемди элеге жарыялоо мен учун уят.
03.10.2016. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ич кийимчен ото эле уят ко.ата энеси жигити каякты карап журушот.5000 сом эмес 5000$ га макул болмок эмесмин ич кийимчен суротко тушконго
03.10.2016. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мынтип чыккан туура емес туура! Бирок азыркы чыккан кийимдердин кобу ушундайго ич кийими, анын свети да билинет. Адамдар кийинген бирок жыланач.
03.10.2016. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
жарым жыланач сулуулукка караганда Diorдун креми жакшы эмеспи
03.10.2016. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Андай деле эстен тангыдай сулуу эмес го,капкара болуп,моделдин натуральный без макияжа сулуулугу болуш керек:-):-):-)
03.10.2016. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-15
Милан аябай сулуу кыз экен. Показдан коргом жанынан макияжы жок эле сулуу болчу. Кийингене карап жыйынтык чыгарбаш керек. Хиджаб кийген кыздардын чаламандын чак тушундо вась-вась болуп жатканын коруп эле журобуз го. Менин фигурам ушунукундай болсо жыланач болуп суротко тушмокмун. Жаштыгы, сулуулугу, фигурасы барында билгенин кылсын да. Молодец.
03.10.2016. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Менин ушундай боюм фигурам болсо тушот эле болчум. Сынчылар сындай бергенден коро озунорго кам коргуло.
03.10.2016. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ич кийимдин сыртынан щуба кийген Модель экенда
03.10.2016. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мылтык такаса да мынтип суротко тушпойт болчум! Жигити да ото заманбап мужик окшойт. Кийин уйлонуп калса, любой эркек айтат "аялындын жыланач денесин коргом" деп. Ошондо эмне дээр экен?!
04.10.2016. 05:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
сулуу кыз екен
04.10.2016. 07:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
клипте сулуу болчу.Уят,намыс жок болсо,сулуулугун не пайда?Атасы,байкеси жок бекен ия?!Бирок жонокойлугу жакты...
04.10.2016. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Denendi but erkeke korsotup aram akcha tapkancha 1 kuioono korsotup ishtep adal akcha tapkyla.
04.10.2016. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Суйлогон созуно карап акылдуу, токтоо кыз экен деп ойлоп, башкалар да байкашса керек деген ой менен комментарийлерди окусам жалан эле жамандап салыпсынар го?... Эн негизгиси АДАМ болсо болду да, кандай кийинсе оз укугу, светтик мамлекетте жашап жаткандан кийин.
04.10.2016. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
модель,, искусство аялдарды туура жолдон адаштырган жол,, не болсо да ынсап берсин
04.10.2016. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кайран элим кайда баратабыз
04.10.2016. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айланайын кыздар биз жон эле кыздар эмес мусулман кыздарыбыз АЛЛАНЫН парзын аткарып хиджаб кийбесенер да мынчалыка барбагылачы суранам ...канчалаган куноо кылып жатканынт 3 уктаса да тушуно кирбесе керек.Астагфиралла
05.10.2016. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен унчукпайтэле койоюнчу
05.10.2016. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Албетте туура эмес, бирок Силердин ушундай он келбетинер болсо мындан ашып тушмоксунор балким !!!!!
05.10.2016. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай көп сөз жазгым келди,,,,,, ынсап берсин балким бир күндөрдө хижааб кийип ороонуп калаар бул кызда ....
05.10.2016. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай кыздар алигархтардан ашпайт
06.10.2016. 07:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
беш мин берем мен дагы...
06.10.2016. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуу корунгондуку бп калыпыр да.Азыр мындай коз караштар эки талкууга алынат.Бирок акыретте бул кыз учун силер жооп бербейсинер,озу жооп берет.Маа десе бору жесин деген ой го бул корунуш.
08.10.2016. 08:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Клипте татынакай чыккан болчу....озу деле жонокой жакшы кыздай корунот, бирок жыланач суротко тушкону чатак экен.....кантсе да мусулманбыз, эртенки акыретти ойлойлу туугандар
09.10.2016. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билбейм сулуу экен бирок озуно тартып турбайт экен то есть жылдыздуу эмес экен.
23.12.2016. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай, мына "жарым жыланач" дегендер кайсы аймакта жашайсынар? Колдо баардык адамдар эле ушинтип журбойбу? Же эмне, силер Колдо да хиджап кийип аласынарбы?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо