Маданият, маалымат жана туризм министрлиги "ЭҢ МЫКТЫ КЛУБ" жана "Эң начар клуб" сынагын жарыялады. Сынактын максаты – маданият мекемелеринин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу.
- 26-сентябрда премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ПЕНСИЯНЫ ЖОГОРУЛАТУУ боюнча токтомго кол койду. Буга чейин пенсиянын орточо көлөмү 4753 сом болсо, 1-октябрдан тарта орточо 5173 сомго жетет. Азыркы учурда өлкөдө 605 миңге
чукул киши пенсия алат.
- Жогорку Кеңештин депутаты Альфия Самигуллинанын айтымында, Кыргыз мамлекетинде илимдердин кандидаты 300 сом, ИЛИМДЕРДИН ДОКТОРУ 600 сом кошумча төлөм алат.
- БИОМЕТРИКАЛЫК ПАСПОРТТОР жыл аягында бериле баштайт. Бул боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев парламентте билдирди.
- 2017-жылдын бюджетинин долбооруна ылайык, ОКУУЧУЛАРДЫН ЫСЫК ТАМАГЫНА 450 миллион сом, ал эми китептерине 120 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу билдирген депутат Дастан Бекешев тамакка коротулуучу акчаны китептерге коротууну сунуштады.
- Орусияда жүргөн МИГРАНТТАРДЫН ар бир онунчусу депрессиядан жабыркайт. Мындай жыйынтык Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан, Казакстан өлкөлөрүнөн келген мигранттар катышкан сурамжылоодон келип чыккан.
- Кыргызстан 2016-2017-жылдар үчүн ГЛОБАЛДЫК АТААНДАШТЫК боюнча 138 мамлекеттин ичинен 111-орунга ээ болду. Бул тууралуу Дүйнөлүк экономикалык форум жазып чыкты. Рейтингди түзгөн уюм Кыргызстанда бизнес жүргүзүүнүн негизги тоскоолдуктары катары салык ченемдери, инфляция, коррупция жана саясий туруксуздукту атаган.
- Коомдук жайларда, көп кабаттуу үйлөрдүн короолорунда СПИРТ ИЧИМДИГИН ИЧКЕНДЕРГЕ айып пулду жогорулатуу боюнча мыйзам долбоору тийиштүү комитетте колдоо тапты. Ага ылайык буга чейин 100-300 сомду түзгөн айып пул 1000-3000 сомго чейин жогорулайт.
- "Өлкөдөгү МУГАЛИМДЕРДИН эң аз маянасы 6 миң сом, эң жогоркусу 19 миң сом",- деп билдирди Финансы министрлигинин статс-катчысы Зуура Баяманова.
- "Электр станциялары" ААКсынын маалымат катчысы Тагжана Айдаралиеванын билдиришинче, Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 17 МИЛЛИАРД 356 МИЛЛИОН метр кубга жетти. Мындай чоң көрсөткүч 2012-жылы катталган.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg