ЧАЧТЫН ТҮШҮҮСҮН ТОКТОТОБУЗ

№727 07-октябрь-13-октябрь, 2016-ж

Чач таза жана кайраттуу болсо, ал сөзсүз түрдө жагымдуу көрүнөт. Туура эмес кам көрүүдөн улам чач өз сапатын жоготуп, түшө баштайт. Чачтын түшүү себептерин, ага кам көрүү тууралуу врач-косметолог Айсулуу Бабаева кеңеш берет.

ЧАЧТЫН ТҮШҮҮ СЕБЕПТЕРИ

Чачтын көп түшүшү ооругандан, анын ичинде жугуштуу, көпкө созулган өнөкөт оорулар, ошондой эле чач түбүндөгү май безинин функциясы бузулгандан болот.

Чачтын бузулушуна ачык тийген күн жана катуу суук да терс таасирин тийгизет. Ысыкта чач кургап сынат жана түшөт, ал эми төмөнкү температурада теринин үстүнкү кан тамырлары кысылып, чачка керектүү азык-заттын келиши азаят.



Мындан тышкары организмдеги микро­-элементтердин төмөндөп кетишине да байланыштуу. Эгер чач түшө баштаса, демек, организмге темир жана B витаминдери, белок жетишпейт.


Айымдар кош бойлуу кезинде витаминдер жетишпей баштайт, ошол мезгилде чачтын түшүшү күчөйт. Ошондуктан бул учурда чочулоонун кажети жок.


Көп ачууланганда нерв системи бузулат. Мындай адамдардын чачынын түшүшү өнөкөткө айланып калат да, 13 күн ичинде чачы агарып баштайт.


Оорулардан башка ар түрдүү дарыларды колдонуу да себепчи болот. Мисалы, кан басымдын көтөрүлүшүнө каршы, бойго бүтүүдөн сактоочу жана ооруну басаңдатуучу дарылар.



Чачты бат-бат боёо, түзөө, кайруу, тармалдатуу, чач кургаткычты дайыма колдонуу – мунун баары чачтын көп өлчөмдө түшүп, жукарып, сапатынын начарлашына алып келет.


Алкоголь жана кофеинди көп колдонуу да чоң таасирин тийгизет.



ҮЙ ШАРТЫНДА ЧАЧТЫН ТҮШҮҮСҮН АЛДЫН АЛУУ 

Жаңы жашылчалар, мөмө-жемиштер, ошонун ичинен С жана B витаминине бай жемиштер менен азыктануу кажет.


Тамактануу рационунда дан өсүмдүктөрдүн, буурчак (курамында В тобундагы витаминдер бар), эт, балык (андагы кычкыл белоктун сиңишине жардам берсе, белок чачтын кайраттуу болушуна жооп берет), күрүчтүн көп болушу шарт.


Чачтын түбүн бекемдөөчү каражаттарды, шампунь, бальзамдарды колдонуу керек.


Майдын жардамы менен чачты чыңдаса болот. Кастор, зайтун, кокос жана уйгак майлары чачтын чың болушун камсыздайт.


ДАРЫЛОО

Эгер бир суткада 50-100 тал чач түшсө, мунун коркунучу жок. Андан да көп түшүп баштаса, анда чара көрүү керек. Биринчи кезекте медициналык текшерүү жасаткан туура. Анткени ким кандай оору менен ооруп жатканын же кайсы микроэлементтердин жетишпегенин такташыбыз кажет. Жыйынтыкка жараша медициналык ыкмалар менен дарыланууну сунуштайбыз. Бизде дарылоо мезококтейль (курамында өсүмдүк, жаныбар майы, витаминдер бар) жана плазмолифтинг (дарылануучудан кан алынып, кайра өзүнө куюлат) аркылуу жүргүзүлөт. Мезококтейль керектүү микроэлементтер менен азыктандырса, плазмолифтинг терини жашартып, кан айланууну жөнгө салат. Мүмкүнчүлүк жок болсо, анда үй шартында элдик ыкмаларды колдонуп, чачтын түшүшүн көзөмөлгө алыңыз.

АТАЙЫН МАСКАЛАР

Чалкандын кургатылганын алып, чай демдегендей эле демдеп, жакшылап тундуруп алып, башыңызды жууп бүткөндөн кийин ошол демделген чалкан менен башыңызды 2-3 сыйра чайкап коюңуз. Бул маска чачтын түшүшүнүн алдын алат.

2 аш кашык шампунь же бальзам, B1, B2, B3, B6, B12 витаминдеринен 1 ампула жана 1 чай кашык алоэ ширесин алабыз. Баарын жакшылап аралаштырып, даяр болгон маска менен башты жууш керек. B тобундагы витаминдер чачтын түбүн бекемдейт.

1 стакан ысытылган сырага төө жалбырактын тамырын кошуп демдейбиз. 2 сааттан кийин даяр болгон масканы чачтын түбүнө сүйкөйбүз. Кечинде жасап, эртең менен жууса, жакшы жыйынтык берет. Сырадан жасалган маска чачтын түшүшүнүн алдын алып, бекемдеп, көлөм берип, бат өстүрөт.

Кокос майын башыбызга сүйкөп, целлофан баштык кийип, жылуу оройбуз. Бул масканы кечинде жасап, эртең менен жууп салабыз. Кокос майы кургак жана бат сынган чачтар үчүн сунушталат.

2 чийки жумурткага 3 аш кашык жылытылган бал жана 1 аш кашык зайтун майын кошуп аралаштырабыз. 30 мүнөт кармагандан кийин таза жууйбуз. Бул маска нормалдуу типтеги чачтын түптөрүн бекемдейт.


Майлуу чачтар үчүн 200 грамм ысытылган сырага чалкан, шалфейден 1 аш кашык кошуп, 1 сааттан ашык демдейбиз. Чачка тегиз сүйкөп, башыбызды жоолук менен бекем байлап, түнү бою кармайбыз да, эртең менен жууп салабыз. Жумасына эки ирет колдонсо, чачтын майлуулугун азайтат.

Бактыгүл Момбекова
kenesh@super.kg


Чачка табигый азыктардан маска жасап, кам көрүңүз

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(19)
10.10.2016. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кана эми ушул маскаларды ээринбей жасасам
10.10.2016. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эркектер үчүн кандай кеңеш бар.?
10.10.2016. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эрте жашта агара баштаган чачка кандай кенеш бере аласыздар?
10.10.2016. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Саламатсыздарбы? Бетим кургай берет кандай кылсам болот кенеш берип коюнуздарчы
11.10.2016. 05:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurasel,Betti kundo samyndap juubaw kerek eken. Menikida suxoi bolup tuloi berchu aiylga baryp suunun ozunole juusam sonun boldu jakwy kremden koldonu kerek.
10.10.2016. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бойго бутурбоочу каражат дейби, ошондо менин чачым спиралдан тушушу мумкунбу?
14.10.2016. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AtbawyKadamjai, они имеют в виду таблетки противозачаточные....

11.10.2016. 04:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сураныч эркектер учун да айта кетсенер эмне үчүн чач эрте агарат жана кандай дарылоого болот
14.10.2016. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Usow, когда витаминов не хватает, влияние различных отрицательных факторов. и гены тоже влияют, если в вашей семье есть, люди у кого рано появились седые волосы. то и у вас поэтому могут быть, так. чесноком мазать надо, или употреблять, сделав настой из меда, чеснока и лимона. также на многие болезни полезен этот настой, также и иммунитет повышает.
11.10.2016. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Топ топ болуп тушкон чачка кандай кенеш бераластар
12.10.2016. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
менин чачым торогондон кийин тушо берди эле кырып салдым мына сага
13.10.2016. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эркектер учун кенеш чачтын тушушуно жана агарышынан кутулуу жолу лезива менен жалтырата кырып салыш керек
Ыкмалары чачты кырардан алдын жылуу суу менен 2 же 5 мунот жибитиш керек анан аялдар эмес сакал алып жургон эркектер гана кырышы шарт. Ато аялдар бут башын кесмелеп салат
13.10.2016. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комменттер хахаа го. Мен да эринбестен кылсам кана ушул маскаларды
13.10.2016. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чачтын учундагы ачакейдин кантип алдын алса жана эмнеден пайда болот? Боебойм, түздөбөйм, фен, үтүк колдонбогонума көп жыл болду. Улам чачымды чабыкка бере берип, кыскарып кетти. Бир жылда мына бешинчи чабык.
14.10.2016. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркектерге деле анча мынча сулуулуктун сырларынан кенеш берип койгулачы алар деле биз сыяктуу сулуу болгусу келет
14.10.2016. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чачтын ачакей болбошу учун,жалтырап турушу учун,тушпосу учун даарат алуу жетиштуу!!!
16.10.2016. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чачты эн жакшы шампундар менен жууп бальзамды да дайыма пайдаланыш керек. Сатып аларда сапатына конул буруу кажет. Химиялык боектор менен боебой хна кана пайдалансанар чач ар убак ойундагыдай болот.
Nurkyz1977 түзөттү 2016-10-16 17:32:23
16.10.2016. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенештер... рахмат
22.12.2016. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сырга төө жалбырактын тамырын дейт ким билет биринчи жолу угуп жатам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо