Назбек Кенчинбаев, Нурайым Азыкбаеванын жолдошу: "АНЫ ЭМНЕ КЫЛАСЫҢ, ЖАШ КЫЗГА ҮЙЛӨН" ДЕГЕНДЕР БОЛДУ"

№727 07-октябрь-13-октябрь, 2016-ж

Белгилүү скрипкачы, ырчы Нурайым Азыкбаева 19-августта комузчу Назбек Кенчинбаевге башын байлап, турмуш жолуна аттанган. Ортодогу 3 жаш айырмачылык, Нурайымдын мурунку турмушу, кичинекей кызы сүйүүгө жолтоо болгон жок. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда комуз менен скрипканы айкалыштырып элдин эсинде калган чыгарма тартуулаган жан шериктер сүйүү тарыхын өздөрү баяндап берсин.

– Нурайым, "кыялымдагы мырзага жолуксам турмуш курууга даярмын" деген элең. Күтүп жүргөн адам Назбек мырза экенин кантип билдиң?
Нурайым:
– Назбек экөөбүз көптөн бери таанышпыз, Кыргыз улуттук консерваториясында чогуу окуганбыз. Бири-бирибизди сыйлаган жакын достордон болчубуз. Ошондо эле ал "комуз менен скрипканы айкалыштырып дуэт жаздырсак кандай болот?" деп айтып жүрчү. Бирок убактысын чечише албай жүргөнбүз.
Назбек "Каганат" деген жалаң мырзалардан куралган комузчулар ансамблин ачкандан кийин концерттерден кезигишип баштадык. Мамлекеттик деңгээлдеги мааракелерге, чет өлкөлөргө чогуу барып калып жаттык. Ал "эмнеге турмушуңуз ушундай болуп калды?" деп көп сурай берчү. Ага дароо эле ачылып сырымды айткан эмесмин. Бир жолу чай ичип отуруп калганда "жашоодо ушундай болот экен, түшүнбөстүктөр болуп калды" дегем.
Мен биринчи кезекте Назбектин адамгерчилигин, жан дүйнөсүн жактырдым. Жолдошуң түшүнүктүү болсо аял катары бактылуу болот экенсиң.
Назбек: – Айылда телевизордон Нурайымды көрүп талантына суктана берчүмүн. Келечекте жубайым болуп каларын ойлогон эмесмин. Шаарга келип консерваторияга тапшырсам, ал жакта Нурайым да окуйт экен. Концерттерде жолугушуп калганда аябай сүйүнчүмүн. Анда Нурайымды эже дечүмүн, анткени менден 3 жашка улуу. Чыгармачыл адамды чыгармачыл адам гана түшүнө алат. Ал өзүнүн сырларын айтып бергенде баарын угуп, туура чечим чыгардым. Адамгерчилиги, жөнөкөйлүгү менен жүрөгүмдү ээлеп алды. Азыр карап туруп "чын эле менин жубайым барбы?" деп ишене албай кетем (күлүп). Кудай буюрса, заманбап тоюбузду кеч күздө же кийинки жылы берели деп пландап жатабыз.

– Нурайымды "сиз" деп жүрүп "сен" дегенде кыйналган жоксуңбу?
Назбек:
– Негизи кыздарга улуу, кичүү болсо да сыйлап "сиз" деп кайрылам. Нурайымга да "сиз" деп кайрылсам "антип айтпачы, сен эле деп айт" дечү. Көпкө чейин "сен" деп айта албай кыйналып жүрдүм.
Нурайым: – "Сиз" деп келе жатып эле "сен, сиз, сен" деп адаша берчү (күлүп).

– "Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет" дейт эмеспи, Назбектин үйлөнүү тууралуу сунушун көпкө ойлондуңбу?
Нурайым:
– Мурда "кийинки турмушум кандай болот экен, ушундай сунуш болуп калса көпкө ойлонот болушум керек" деген ойго батчумун. Бирок Назбек колумду сураганда корккон жокмун. "Ушул адам менен жашагым келет, аны менен бактылуу болом" дедим. Себеби Назбек репетицияга келбей калганда башкача болуп, көңүлүм чөгүп калчу. Ошондо эле жан дүйнөмө жакын адам турбайбы деп сезип баштагам.

– Ата-энеңер кандай кабыл алды?
Нурайым:
– Эң биринчи атама айттым. Сөздү алыстан баштаганда эле түшүнө баштады. "Аябай жакшы бала, келечеги кең, акылдуу, кичи пейил, үй-бүлөгө туруктуу, жан дүйнөсү таза адам" деди. Себеби ал Назбекти жакшы таанычу да.
Назбек: – Менин ата-энем Москвада жашап, иштешет. Апам Бишкекке келгенде Нурайка менен таа­­ныштырдым. Би­рок сүйлө­шүп жатам деп айткан эмесмин. Кийинки жолу келгенде чоң жаңылык кылдым. Орусча айтканда, апам "шок" болуп калды. Таенем болсо "ал таланттуу кыз, маңдайы жарык жакшы келин болот, көзүнөн көрүнүп турат" деп көйгөйүмдү чечип кетти. Апам дагы түшүнүктүү адам, туура кабыл алды.

– Нурайымдын кызы сага ким деп кайрылат?
Назбек:
– Арууке мени "ата" дейт. Мен дагы аны өз кызымдай жакшы көрөм. Көзү бүтүк, сапсары болгон кебетеси менен адамды өзүнө тартып алат.

– Ортого чок салган бузуку адамдар болдубу ?
Назбек:
"Аны эмне кыласың, жаш кызга үйлөн" дегендер көп болду. Мен болсо өзүмдүн сезимиме ишендим.

– Ортодогу 3 жаш айырмачылык сезилеби?
Нурайым:
– Тескерисинче, Назбек менден улуудай туюлат. Себеби аял катары артымдагы жөлөктү сезем.

– Пикир келишпестиктер болуп турабы?
Назбек:
– Көбүнчө талаш-тартыштар чыгармачылыкка байланыштуу болот. Мен "мындай кыл" десем, Нурайка "жок, мен мындай эле кылып коё алам" деп көгөрө берет. Ал таарынса бат эле жазылат, мен болсо көпкө чейин тырышып жүрө берем. Бирок азыр мени кантип жибитүүнүн ыгын таап алды (күлүп).

– Жашооңордо романтикага орун барбы?
Нурайым:
– Той, концерттерге барып, түнкү 12де чарчап келебиз. Назбек "кечке така кийип жүрдүң" деп бутума массаж жасап берсе, мен "кечке унаа айдадың" деп далысын укалап берем (күлүп). Биз үчүн мунун баары романтика. Бири-бирибизге каймана ат коюп алып каткырабыз. Мени ал "коён, чоң башым" деп шылдыңдай берет. "Күлгөндө эки тишиң алдыга чыгып, башың тоголок, бою кодо, толук, үйдө зуу-зуу коюп чуркап жүргөн шамдагай коёнсуң" дейт (күлүп). Мен болсо аны үнүмдү эркектикиндей кылып "эй, Назба, келсең бери" деп калам.

– Алдыда кандай пландар бар?
Назбек:
– Дуэт катары элге таанылып, иштеп алалы деп жатабыз. Жаңы чыгармалар жазылып жатат, сынактарга катышалы деген ойлор бар.

– Маегиңерге рахмат, бактылуу болгула!

"Арууке мени "ата" дейт. Мен дагы аны өз кызымдай жакшы көрөм."


"Дуэт катары элге таанылгыбыз келет".


Таланттуу түгөйлөр апалары менен.


Динара Абдыкадырова
Алишер Алиев
star@super.kg


Назбек Кенчинбаев: "Нурайым менден 3 жаш улуу экенин жашырбайм"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  13 
Комментарийлер(46)
SUPER.KG видео
08.10.2016. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Экөө чогуу ойногон маш ботойду кайдан тапсам болот,мр3син
Медиа-портал
08.10.2016. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жашоодода, сахнада да кадыр барктуу, бири бирин сыйлаган жубайлардан, талантуу, атактуу дует аткарган комуз скрипкада кол ойноткон музаканттардан болгула!!!
SUPER.KG видео
08.10.2016. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Бала жолко ээ)))
Медиа-портал
08.10.2016. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бактылуу болгула! Эн туура суйуу жашка карабайт деген. Сонун дуеттерди кутобуз.
Медиа-портал
08.10.2016. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бактылуу болгула! азамат Назбек сендей кыргызымдын сендей жигиттери кобойсун! суктандым!
Медиа-портал
09.10.2016. 08:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
бактылуу болсун экоодо татынакай бири бирине аябай тен тугойлор экен.ар бир адам бактылуу болгонго тийиш да,ага козун жетпесе башкасын коруш кк,чыдап журо бербей.
Медиа-портал
09.10.2016. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Омур бактылуу болгула Супер пары
Медиа-портал
10.10.2016. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
озу негизи аял киши озунон кичууго а чалдар жаш кыздарга уйлонгонуу туура экен
Медиа-портал
14.10.2016. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
krem, Эмне учун андай ойлойсун?
10.10.2016. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактылуу болгула!
10.10.2016. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ар бир кыргыздын уулу кызы бактылуу болсун оооомииин.
10.10.2016. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эки дуйнонун бактылуулугун кааалайм!!!ылайым ар бир уй було бузулбасын кичинекейлер тируулой жетим болбосун!!!
10.10.2016. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
шуригим деп эркелетчу биринчи куйоосун.окугам гезиттен
10.10.2016. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула
10.10.2016. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Шурик чачын жулуп ататко
10.10.2016. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
KYRGYZJERI,
Шурик уйлонуп алган...Суперден окудум эле...
10.10.2016. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула!!!
10.10.2016. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ар бир аял заты бактылуу болууга тийиш.Бактылуу болуп кошогосу когорсун)))
10.10.2016. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Шурикти эмне айтып атасынар Эми бул жерде ал жонундо соз болгон жок го
10.10.2016. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула!
Медиа-портал
10.10.2016. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Бактылуу болушсун!
Бирок аял деген чыдамдуу болушу керек, уй-булону бир эле жолу куруп аны сакташ керек болчу куйоодон куйоого тийе бербей. Эми кызы эки аталуу болуп ортодо башкача болуп чоноет.
Негизи эле баарыбыз бир эле жолу уйлонушубуз керек да, ажыраша бербей. Уйлоноордо жакшылап ойлонуп анан уйлонсок. Анан "Мунозубуз келишпей" дегенди шылтоо кылбай. Жашоо оюн эмес.
Armada100 түзөттү 2016-10-10 15:11:51
Медиа-портал
10.10.2016. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Armada100,
Койчу ай
ушул эле ажырашып аткансып тан калыштуу оюнду айтыпсын.
Уй було курсан билесин.
Ага чейин бары эле жакшы болот деп тиет да.
Ким ле уй булом бузулуп калсын леп тилесин,
албетте эки тарап тен бактылуу болгусу келет.

Медиа-портал
11.10.2016. 07:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Armada100,чыдамкайлыктын да чеги болот был Аля чыдайт деп эле эркек билгенин кылыш керекби
10.10.2016. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болушсун ай
10.10.2016. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бактылуу болгула!
10.10.2016. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
кызык Нурайым канча жашта болду экен?!
12.10.2016. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aitieva-0000,18жаш баланча ай тукунчо кун
11.10.2016. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурайка молодец рада за тя

.бактылуу болгула...интервью ссссупер...айзат обожаю тебя...
11.10.2016. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыргызда "кызга бергис жубан бар" дейт эмеспи. Ушул соз Нурайымга жарашат. Нурайымдай айымга жеткен бар, жетпеген бар. Бактылуу болгула!!!
11.10.2016. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодцы!! Экоосу тен таланттуу Адамдар,таланттуу кыргызды дуйного таанылткан наристелерди жаратышсын...бактылуу болгула!!
11.10.2016. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бактылуу болгула!!!!!!
11.10.2016. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула коз тийбесин!!!
11.10.2016. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Суйу жашка карабайт. Бактылуу болгула.
12.10.2016. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коз тийбесин тфу тфу тфу
13.10.2016. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир адам бактылуу болууга укугу бар.Андыктан Нурайымга бактылуулук каалайм.Керемет чыгармаларды кутобуз.Коз тийбесин,бар болгула!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо