ЗАМАНБАП СӨЗДҮК

№727 07-октябрь-13-октябрь, 2016-ж

МОДАДА

Винклпикер
– бул башы өтө учтуулугу менен айырмаланган бут кийим. Челси бут кийиминин "бир тууганы" деп койсок да жарашат. Винклпикерлер 1960-жылдарда рок-н-ролл менен "ооруган" жаштар арасында алмашкыс атрибутка айланган. 1980-жылдары модадан калган бут кийимге күтүлбөгөн жерден эми кайрадан талап жогору боло баштады. Мындай формадагы бут кийимдер мырзалардын гардеробуна караганда айымдардыкында көбүрөөк кездешет.

АШКАНАДА

Фреш – жалгыз же бир нече мөмө-жемиш, жашылчалардан жасалган шире. Англис тилинен которгондо "накта, жаңы" деп түшүндүрүлөт. Бул ширени шире сыккычтын жардамы менен ар ким табитине жараша каалаган мөмө-жемиш менен айкалыштырып жасап алса болот. "Фреш барларда" фрештин түрлөрүн, смузи, коктейлдерди сатып алып ичсеңиз болот.


САЯКАТТА

Хостел
– англис тилинен келип чыккан сөз. Бул "жатакана" же "европа мейманканасы" деп түшүндүрүлөт. Хостелдин бир номерине 2-10 туристке чейин жайгашат. Баасына жараша ал жерде сейф, тумбочка, стол сыяктуу буюмдар болот. Бул мекеменин кардарлары көп учурда студенттер менен спортчулар. Хостелдин тарыхы ХХ кылымдын башына келип такалат. Ширманн аттуу мугалим окуучуларын шаар четине саякатка алып чыгып, кеч киргенде түнөгөнгө жай таппай калышкан. Кийинки саякат учурунда Ширманн бир нече баланы батырууга мүмкүн болгон атайын бөлмөнү ойлоп тапкан.

Жазгүл Кенжеева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
10.10.2016. 09:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"болмону ойлоп тапканы" жакшы экен. Бирок мага ушул тема жагат. Коп создорду билип алдым.
11.10.2016. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен канча соз окусам,сразу мээден чыгып кетет.Унутуп калам.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо