Брэд Питт: «АНЖЕЛИНА ТОЗОККО ЖОЛ АЧТЫ»

№727 07-октябрь-13-октябрь, 2016-ж

Голливуд тарыхындагы «көркөм роман» соңуна чыкты. 12 жыл тутанган мамиле жалп өчүп, дүйнө эли үчүн бир бүтүнгө айланып калган, «Бранжелина» деген атка конгон түгөйлөр Брэд Питт менен Анжелина Жоли ажырашып жатышат.

«Бранжелинанын» никеси тууралуу:

  • 2004-жылы түгөйлөрдү «Мистер жана миссис Смит» тасмасы табыштырган.
  • Питт Жолиден 11 жашка улуу.
  • Жубайлар 12 жыл чогуу жашашкан.
  • 6 баласы бар (алардын үчөөсүн асырап алышкан).
  • 10 жыл жарандык никеден кийин 2014-жылы мамилелерин расмий түрдө каттоодон өткөрүшкөн.
  • Түгөйлөрдүн ушул күнгө чейин чогуу тапкан кирешеси 400 миллион доллар.

СҮЙҮҮНҮ РАСМИЙ НИКЕ САКТАЙ АЛГАН ЖОК

«Мистер жана миссис Смит» тасмасы Брэд Питт менен Анжелина Жолинин сүйүү романына жол ачат. Жоли үчүн Питт 5 жыл жашаган жубайы Женнифер Энистон менен ажырашып, коомчулукта резонанс жараткан эле. Көп өтпөй чуулгандуу ажырашуу унутулуп, Брэд Питт менен Анжелина Жоли Голливуддун эң жылдыздуу түгөйлөрүнө айланышып, журналисттер аларга «Бранжелина» деген ысым ыйгарышат. Ал арада түгөйлөр 6 баланын ата-энеси болушат. Бул үй-бүлөгө «бактылуулар», «таттуу түгөйлөр» деп дүйнө жүзү суктанып турган кезде Анжелинанын депрессияга кабылгандыгы тууралуу маалыматтар тарайт. Буга энесинин көзү өткөнү, жолдошунун сүйүүсүнөн күмөн санаганы себеп болгон. Жыйынтыгы Жолини бир топ арыктатып, 35 килограмм болуп калганда тезинен ооруканага жаткырылган. "Актёр жубайынын бүтпөс сындарынан тажап үйүнө токтобой калгандыктан түгөйлөрдүн ажырашып кеткендиги тууралуу алгачкы кептер тарай баштаган" деп жазат чет элдик маалымат каражаттары. Жалпыга маалымдоо каражаттарында мындай жаңылыктар ай сайын чыгып жатканда 10 жыл чогуу жашаган жубайлар айың кептерди четке кагып, 2014-жылы жакындарынын курчоосунда никесин расмий каттоодон өткөрүп үлпөт той беришкен. Тилекке каршы, жылдыздардын никесин бул той сактай алган жок, ушул жылдын 19-сентябрь күнү актрисанын адвокаты жубайлардын ажырашып жаткандыгы тууралуу маалымат таратты.

БАЛДАР АНЖЕЛИНА ЖОЛИНИН КАРАМАГЫНДА КАЛДЫ

Жоли-Питтин ажырашуусуна алгач Брэддин «Союздаштар» тасмасындагы өнөктөшү Марион Котийяр менен ала жипти аттаганы түрткү болгон деген маалымат чыгып, ал төгүндөлгөн. Кийин Брэд Питт марихуана, спирт ичимдиктерин көп колдонуп, балдарына зомбулук көрсөткөнү себеп деген маалымат тарап, полиция кызматкерлери тарабынан актёр текшерилип, ал айып алынып салынган.
Жолинин ажырашууга тымызын даярданып, коомчулукка жар салганы Брэд Питтке чоң сокку болду. Жубайынан мындайды күтпөгөн актёр «ал акылынан азып, тозокко жол ачты, эми журналисттер жанды коюшпайт, балдар үчүн бул оор болот» деген. Чынында эле репортёрлор, фотографтар хан сарайынын алдында сагаалап турушкандыктан аларды көзөмөлдөө үчүн полиция кызматкерлери тартылган. Жылдыздардын кол үзүшкөнү кесиптештерин да санаага салды. Алсак, ырчы Адэль концертин Питт менен Жолиге арнап, «алардын ажырашуусу доордун бүткөнү» деген. Кезинде борт сыртында калган Женнифер Энистон болсо «Брэддин Анжелинага болгон сүйүүсүнөн күмөн санабайм, бирок акыры ушундай болорун сезчүмүн. Анжелинанын мүнөзү Брэд үчүн оор болчу» деген оюн билдирди.
Анжелина Жоли менен Брэд Питт балдарына кам көрүү боюнча убактылуу келишим түзүштү. Келишим Питтин пайдасына чечилген жок. Балдар Анжелина Жолинин карамагында калып, Брэд Питт балдарын тиешелүү убакта гана көрө алат. Бул келишим 3 жумага гана созулганына карабастан Жоли жыйынтыгына бактылуу. Анжелина Жоли учурда тынчтыкка муктаж. Ушак-айың, тажаткан папараццичилерден алыс болуу үчүн балдары менен Лос-Анжелестин аймагындагы эң жабык шаар болуп саналган Хидден-Хилске көчүп кеткен. Эң бай, дыкат кайтарууга алынган шаардан жылдыздын тынчын фотографтар да, балдарын сагынган Брэд Питт да буза албайт. Маалыматтарга караганда, Жоли жашап жаткан хан сарайды айына 30 миң доллар төлөп ижарага алууда. Брэд Питт болсо Голливуддагы үйүндө жашап жатканы белгилүү болду. Актриса жолдошу менен байланышты толугу менен үзүп, анын телефон номурун блокко салып, каттарга жооп бербей жатканын жылдыздардын жакындары айтышууда. Азыркы тапта дүйнө коомчулугу Брэд Питт менен Анжелина Жолинин «үй-бүлөлүк драмасы» кандай уланарына көз салып турган кези.

Брэд Питт менен француз актрисасы Марион Котийяр "Союздаштар" тасмасында жубайлардын ролун ойногон.


Жубайлардын үлпөт тою Францияда өткөн. Балдарынын эң улуусу Мэддокс 15 жашта, ал эми эң кичүү эгиздери Нокс менен Вивьен 8 жашта.


Жоли-Питтин Улуу Британия, Италия, Франция, АКШ жана башка мамлекеттерде бир нече кыймылсыз мүлктөрү бар. Бул хан сарайды жылдыздар жакында гана Испаниянын Майорка шаарынан 3,5 миллион еврого сатып алышкан.


Динара Абдыкадырова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(22)
10.10.2016. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Укмуш экен.
10.10.2016. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+31
Суйуу,бакыт,ишеним...ушунча байлык менен деле сактап кала албайсын ээ
10.10.2016. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бактылуу болушсун.
10.10.2016. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Буга Жоли эле кунолуу болсо керек
10.10.2016. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Укмуш экен...
10.10.2016. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жашоо деп ушуну айт
10.10.2016. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Эркекти акча копто,аялды акча жокто сына
10.10.2016. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушунча байлык болуптуруп бакыттын, суйуунун, ишенимдин жоктугу жаман тура эми анжелина балдарын аман эсен чонойтуп атанында апанында ордун басып жакшы тарбия берип бойго жеткирип алсын мындан ары жашосунда экоо тен бактылуу болушсун
yoona96 түзөттү 2016-10-10 15:09:34
10.10.2016. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жолиге ичим ачышат
Менин жакшы коргон актрисам
11.10.2016. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мм кимиси куноолу кимиси куноосуз,аял деген кечиримдуу болуш керек
11.10.2016. 07:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
измена деген жаман да...
11.10.2016. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ажырашуу деген жаман, дегеле эч ким ажырашпасынчы....
11.10.2016. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай жаман болуптур. Сабыр берсин экоонотен.
11.10.2016. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
жарашып кетишсин
11.10.2016. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен булардын суйуусун туболук дер келгем
11.10.2016. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бирин кайын бирин тал.бирин олуп бирин кал.эми оздорун кино кылып чыгарышсын
chon.alai. түзөттү 2016-10-11 23:14:39
12.10.2016. 05:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жоли рак оорускна чалдыгыптыр деп укккам,мумкун суйуктуусунун ага кайгырып кыйналуусун каалабай ажырашуу чечимин кабыл алгандыр Жоли
Экоо тен бири бирин катуу суйот деп ойлойм
12.10.2016. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
чыныгы жылдыздардын жашоосу
12.10.2016. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыскасы аман эле болушсун да
15.10.2016. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ии жаман болуптур
15.10.2016. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар дайым ар нерсеге даяр болуш керек. суйуу бул алсыздык
16.10.2016. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоолору уламыш го суйуу байлыка карабаганын тастыктадым $ € бир тыйын бакыт табуу эн кыйын
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо