ТҮПКҮ МААНИСИНЕН АЛЫСТАП КЕТКЕН КААДА-САЛТТАР

№727 07-октябрь-13-октябрь, 2016-ж

Көчмөн кыргыз калкы өзүнүн каада-салтын, улуттук баалуулуктарын бекем сактап келген эл. Бүгүн биз заман талабына жараша толукталып, ылайык келбегендерден арылып отуруп ушул күнгө чейин сакталган салттарыбыз тууралуу кеп козгоону чечтик. Кенен иликтөө жүргүзүүгө белгилүү тарыхчы, этнографтар жардамга келишти.

"ЖАР-ЖАР" АЙТУУ УНУТУЛУП, ТОЙ МЕНДЕЛЬСОНДУН МУЗЫКАСЫНДА ӨТҮП КАЛГАН"

Октябрь Капалбаев, тарых илимдеринин кандидаты, этнограф:
– Мурун көчмөн кыргыз калкында жарчылар деген түшүнүк болгон. Жарчылар көбүнчө төкмө акындардан турган. Алар жар айтып элди тойго чакырып, үйлөнгөн эки жашты мактап-алкап турушкан. Жар айткан төкмө акынга той ээси ат мингизип, колуна комуз карматып, үстүнө тон жаап, тебетей кийгизген. Ал кезде аял кишинин жар айтканы уят болчу. Тойлордун баарын эркек адамдар башкарган. Ошол кездеги жарчылык кызматты азыркы күндө биздин тамадалар аткарып жатышат.
"Жар-жар" айтуу – бул элди тойго чакыруу гана. Ал эми жаңы келген келинди боз үйгө алып кирип, кайын журтуна көрсөтүп көрүндүк алган кызмат кыздын жеңелерине жүктөлгөн. Бирок мунун баары шаан-шөкөтсүз өткөн. Ал эми азыр жеңелердин да, төкмө акындардын да милдетин бир эле "Жар-жар" айткан ырчы эжекелерибиз аткарып калбадыбы. "Жар-жар" ыры кадимки сүйүү тууралуу ыр болбошу керек. "Жар-жар" ырында эки жаштын башын кошкон, акыл-насаат айтылган сөздөр камтылышы зарыл. Учурда ырчы айымдардын айтып жатканына каршы эмесмин, болгону ырдап жаткан ырынын сөзү "Жар-жар" ырын айтууга ылайыктуу болсо дегеним.
"Көч бара-бара түзөлөт" дейт. Мына, 70 жылдык тарыхыбызда башка өлкөнүн кучагында жашап көп эле салттарыбыз унутулуп калды. Ошолор жанданып, айрым каадаларыбыз азыркы заманга ылайыкташып толукталып жатканына сүйүнүшүбүз керек. Биз "Жар-жарды" унутуп, Мендельсондун "Үлпөт маршынын" коштоосунда тойго кирип калган учур деле болгон.

"ЖИГИТ ДА, КЫЗ ДА ӨЗ КАЙЫНДАРЫНА ГАНА ЖҮГҮНҮШҮ КЕРЕК"

– Жүгүнүүнүн тарыхы тээ "Манас" эпосуна барып такалат. Негизи биз "Манас" эпосун чоң этнографиялык тарыхый булак катары пайдалансак болот. Эпосто Кайыптын кызы Карабөрк мергенчи болгон. Манас кыргыздын жерлерин бошотуп баарын талкалап жатканда Карабөрк жаа менен атып Бакайды жарадар кылып коёт. Бакай да ал убакта жаш экен, аты менен буйтап кетип жебе санына тийиптир. Кийин Манас баарын багынтып баатыр болгондо Акбалта "хан баланын бойдок жүргөнү уят" деп, 15 жашында Карабөрккө никелейт. Карабөрк ошондо Бакайдан уялып каччу экен. Келиндин кайнагадан качып калганы ошондон калган. Кээде качканга мүмкүн болбой калганда жүгүнүп өтчү экен. "Ага, мени кечирип коюңуз" деп кечке айта бербейт да. Ошондон баштап келиндер кайнагаларына жүгүнүп калган дешет. Бүгүнкү күндө ысык-көлдүк туугандар бул салтты дагы деле өзгөртүүсүз сактап келишет. 90го чыккан кемпир деле жеңелерине, кайнагаларына күндө жүгүнөт. Биз көп салттарыбызды бузуп алдык, азыр тойдо эки жашты баарына алып кирип эле катарынан жүгүнтүп коюшат, жок, андай болбойт. Кыз барып өз кайын журтуна, жигит өзүнүкүнө жүгүнүшү керек. Мен баламды үйлөнтүп жатсам, ал мага эмнеге жүгүнүшү керек?!

Мындан сырткары:

Унутулуп бараткан салттарыбыз көп, мисалы, учурда кинодонбу, көчөдөнбү, башына жоолук байланган мырзаларды көрүп калабыз. Ал эми салт боюнча мырзалар бойдок кезинде "өзүмө колукту издеп жүрөм" деген белги менен жоолук байлашкан. Бул нерсе алардын сыпайы ишараты, орусча айтканда, "намёк" катары эсептелинген.
Кызга сөйкө салуу салтында да айрым учурда келинине сөйкөнү кайненеси салып коёт. Салт боюнча үйлөнө турган жигиттин жеңеси сөйкө салып, кайненеси жоолук салышы керек.
Тамак-аш маданиятына байланышкан боорсок бышыруу салты болгон. Кыргызда боорсок жакшылыкта, анан жамандыкта жасалып, экөөндө эки башка формада бышырылган. Жамандыкка жасалган боорсок төрт бурчтук формасында болгон. Бул өлгөн адам өлдү, төрт тарабы кыбыла, түбөлүк жашоого кетти деген маанини түшүндүрөт. Ал эми жакшылыкка ромб формасында, кыйгачынан кесилип жасалган. Ромб – көбөйүү деген маанини түшүндүрөт.

Тамашоучу Самат Эркинбековдун үйлөнүү тоюнда Нурлан Насип, Гүлжигит Калыков, Роза Шакирова "Жар-жар" айтышкан.


Ырчы Айгерим Расул кызына кайненеси сөйкө салып жаткан кез.


«Супердин» сурак бурчу

КААДА-САЛТТЫН ЗАМАНГА ЖАРАША ӨЗГӨРҮП ТУРУШУН КОЛДОЙСУЗБУ?


Ширин Сарыгулова, манасчы:
– Салт коомго ылайыктуу болуш керек.Андыктан заман талабы менен кошумчалап, толуктап турсак ашыкча болбойт. Бирок түп орду менен алмаштырып, өзгөртүүгө макул эмесмин. Түпкү тегибизди, кайдан келип чыкканыбызды, ата-бабаларыбыз туу туткан баалуулуктарды унутпай жүрсөк.


Шааникан Апазакова, үй кожойкеси:
– Салт – бул жашообузду кайсы бир эрежелер менен тартипке салып турган күч. Замандын өзгөрүшү менен өзгөртө берсек, анын түпкү тамыры алыстап жок болуп кетиши мүмкүн. Өзүбүз каалагандай өзгөртө бергенге каршымын. Аны сактап калуу улуттан көз каранды, биз канчалык өз баалуулуктарыбызга бекем турсак, ошончо жакшы.


Сагынбек Маматов, жумушчу:
– Демократия келгенден бери каада-салт, ырым-жырым деген түшүнүктөрдү сыртка чыгарып салып жатат. Өз улутунун салт-санаасын билбей туруп урпактарыбыз кантип өсөт?! Ошондуктан мен каадаларыбыздын өзгөрбөшүн каалайт элем. Урпактарга ата-бабалардан калган салт-санааны өткөрүп берүүчүлөр бизбиз. Дүйнөдө салт эмес, бүтүндөй улут жок болуп кетип жатпайбы.


Ырыс Окенова, режиссёр:
– Каада-салтыбыздын өзгөрүүсүнө каршымын. Кыргызды жок кылгысы келгендер салтыбызга кол салышууда. Аны өзгөртүп душмандарга оңой мүмкүнчүлүк түзүп берип жатабыз. Мисалы, кытайлык кыргыздар салтты ушундай бекем кармашкандыктан, кыздарын дунган, уйгурга күйөөгө такыр беришпейт экен. Биз деле ошолордой бекем турсак эмнеге болбосун?!


Аблабек Асанканов, тарых илимдеринин доктору, профессор:
– Каада-салттын эволюциялык жол менен өзгөрүшүнө каршы болбошубуз керек. 19-кылымдагы кыргыздардын салты менен жашасак, анда эт, беш бармак жеп эле отура беришибиз керек. Коом өнүккөн жерде сөзсүз салт-санаа да өзгөрөт. Ата-энеге болгон сый-урмат сыяктуу салттарыбыз бар, булар түбөлүктүү, өзгөрбөс салтка кирет.


Гүлзат Байзакова, ырчы:
– Салт – муундан муунга, укумдан тукумга өтүп сакталып келген маданий мурастын элементи. Ал сөзсүз кайталанат. Кайталанбаган жосун салт болуп эсептелбейт. Бирок кайталангандын бардыгы эле салт эмес. Ал – каада. Каада заманга жараша салттын чегинде өзгөрүп турат.

Лунара Бекиева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(9)
10.10.2016. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ысык-Колдо чын эле ошондой ☺кундо коргон сайын улууларга, кайын атага-энеге жугуну керек. 70-80ге чыксан деле
11.10.2016. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
hayley,чын эле ошондой экен жездеме чон эле аял салам салганда тан калгам.
10.10.2016. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салт деп эле ашыраа чаап баратышат.
10.10.2016. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жон эле ой келдиле суйлой бербегилечи ай..70.90 чыккан кемпир жугунгонун кордунор беле? Азыркы заманда 70ке 90го чыккан кемпирлердин кайнагалары жок. Ооба жугунот жугунгонду сыйлоо деп эсептейм..тастандап жакшысынарбы дегиче ийилип кой белин сынып деле кылбайт андан наоборот алкоо,каало угасын эмне бактылуу бол!коп балалуу бол! Омурлуу бол деген создорду уксан жаманбы
sessa түзөттү 2016-10-10 21:45:16
11.10.2016. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sessa,менин чон энем 76да ооба кайнагасы жок болсо да улуу абысындарын коргондо созсуз жугунот.
11.10.2016. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Колдун келини болом..мурда ойлочумун ош жактан кундо жугунушот го деп...жаны келин болуп барганда тан калгам кундо жугуносун десе..же таныбайм эч кимди ..кочодон кичу абысыным жугунсо мен да жугуно берчумун..оказывается кичулорго да жугуно берчу экенмин
11.10.2016. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дааа...колдо кунуго жугунмой...кочодон тууган урук корсон дагы...
11.10.2016. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
каада салт мн емес ан-сезим мн жашайлы ошондо алга жылабыз
13.10.2016. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Салт десе эле ашыра чаап салгандары бар салтты дагы салттай баалай билиш керек мисалы кее бир жерлерде кемпир өлдү деген салт бар канчалаган кыздардын тагдырын ошо кемпир өлдү талкалады
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо