Таалайкан Абазова, актриса: "3 БАЛАБЫЗ МЕНЕН 2 БӨЛМӨЛҮҮ БАТИРДЕ ТУРАБЫЗ"

№727 07-октябрь-13-октябрь, 2016-ж

Бул актриса айымды "Апамдын махабаты", "Свет аке", "Айыл өкмөтү" тасмаларынан көрүп жүрөбүз. Ырчы Нуриса Абазованын бир тууган эжеси, экс-министр Алтынбек Максүтовдун сүйүктүү жубайы Таалайкан Абазова менен болжошкон убакта жолуктук

Туулган жылы, күнү
– 1971-жыл, 16-февраль
Туулган жери – Токтогул району, Торкен айылы
Билими – Москвадагы М.С.Щепкин атындагы театралдык училищенин актёрдук бөлүмүн аяктаган
Кесиби – Актриса
Тартылган кинолору – "Апамдын махабаты", "Айыл өкмөтү", "Свет аке", "Таранчы", "Үзүлбөгөн үзөңгү", "Сүтак", "Асман алдында", "Карт бойдок" жана башка
Үй-бүлөлүү, 2 кыз, 1 уулдун апасы.

– Таалайкан айым, сизди өз ишине так айым катары тааныйбыз, кичинекей кезиңизден эле ушундай тың белеңиз?

– Ооба, кичинекей кезимде көп сүйлөп оозум тынбаган, бир орунда турбаган кыз элем. Ошондуктан үйдөгүлөр мага "Сайгак" деп ат коюп алышкан. Апам, "ай, оозуң иштегендей колу-бутуң иштесе кана, сайгактабай отурчу" деп урушуп калчу. Үйдөгүлөрдүн ат койгону аз келгенсип айылдагылар "көк көз" деп алышканычы. 4-класска чейин апам чачымды эркек баланыкындай кылып кырып салчу. Балдардай кийинип алып, чоң апама үнүмдү өзгөртүп атайын тийишчүмүн. "Кандайсыз?" десем, ал тааныбай "ии, айланайын, Бишкектен келдиңби, кимдин баласы болосуң?" десе, ой бир жыргачу элем.

– Демек, ошол кезде эле актрисалык жөндөмүңүз болгон турбайбы?
– Негизи тентек болчумун. Урматкан деген кошуна кыз экөөбүз ырдап, бийлеп конкурстарга катышып тынчу эмеспиз. Балалыгым айылдын Маданият үйүндө өттү. Бир ирет райондор аралык конкурска катышып жеңип алып, Таласка, анан Бишкекке чейин келгенбиз. Анда "Ысык-Көл" мейманканасы кычырап турган кез. Ошол жерден орун алдык. Шахра Талипова, Чубак Сатаев менен жүрөбүз, күнүгө шейшептерибизди алмаштырып кетишсе, өзүбүздү чоң жылдыз сезгенибиз эсимде.

– Анан бул өнөрүңүздү кесип катары тандаганда ата-энеңиз каршы болгон жокпу?
– Атам "калем кармаган киши болсоң эле өз оокатыңды кылып кетесиң" десе, апам "артист болбо" дей берчү. Бирок атамдын иниси мага "эч коркпо, сени артисттин окуусуна өзүм алып барам" деп колдоп койчу. Бир күнү сиңдим Айзада гезиттен бир жарыяны кесип келиптир. Окусак Ленинграддагы Черкасов атындагы окуу жайга абитуриенттерди кабыл алып жатканы жазылган экен. Урматкан экөөбүз үйдөгүлөргө айтпай документтерибизди, кийим-кечебизди даярдап баштадык. Акыры кетерибизге аз убакыт калганда айттык, ата-энебиз шашкалактап өздөрү узатып калышты. Коштошуп жатып апам мени кучактап ыйласа "апам мени деле жакшы көрөт турбайбы" деп ойлоп коём. Анткени ал артист болбойсуң деп урушуп, улуу эжем окууга кеткендиктен үй иштерин жасатып, бөбөктөрүмдү бактырып, айтор, тындырчу эмес. Узатып жатып "артист болсоң эми ойсоңдоп кашыңды терип, чачыңды кыркат турбайсыңбы" дейт. "Апа, көрөсүз го, мен чачыма кайчы тийгизбейм" деп сөз берип кеткем. Сөзүмө туруп 13 жыл чачымды кыркпай өстүрдүм.

– Ата-энеңиз тууралуу да айта кетсеңиз?
– Атамдын аты Касымаалы, кесиби фельдшер. Өзгөчө касиетке да ээ болгондуктан тамыр кармап кишинин оорусун билип, дарылачу. Апамдын аты Шааркан, шаңкылдаган, шайыр аял. Үйдө 8 бир туугандын үчүнчүсүмүн. Менден улуу эжем, агам, менден кичүү 2 сиңдим, 3 иним бар.

– "Артист болбо" деген апаңызга "мына сизге" деп артист күйөө бала таап келдиңизби анан?
– Жогоруда айткан окууга курбум өтүп кетип, мен өтпөй калдым. Кыргыз драма театрынын алдындагы студияда бир жыл окуп, Москвага Щепкин атындагы окуу жайга тапшырдым. Эми бир жыл болсо да шаарды көрүп калганбыз да. Айылдан окууга тапшырганы келген бир бала "мама" деп апасынын моюнуна асыла кучактаса, "ой, айылдык эле бала экен, апа деп эле айтпайбы" деп жактырбайм өзүмчө. Анан Москвага жөнөгөндө аны апасы, мени атам узатып барышты. Карасам жанагы айылдык бала апасы экөө комуз чертип аэропортту жаңыртып ырдап жатышат. Таң калып "булар элден уялбайбы?" деп карап койгом. Анан апасы менин жаныма келип "айланайын, кызым, бул шаарды жаңы эле көрүп жатат, өзүң көз салып карай жүр" дебеспи. "Эч ойлонбоңуз, өзүм карайм" деп койдум. Ошол айылдык бала жолдошум болуп каларын ким билиптир?

– Экс-министр сүйүүсүн кантип билдирди эле?
– Ал башынан эле мени жактырганын айтат. Мен кичүү бала экен деп көңүл бурбасам керек. Бир курсташ балабыз "Таалайкан, сен алыстан издебей эле бул жигитти карачы" дейт. Ошондо көңүл коюп байкасам чын эле тың, романтик жигит экен. Өзгөчө белектерди тартуулачу. Ал кезде стипендиябыз 40 рубль. Бир жолу магнитофон белекке берген. Ошентип экөөбүз 2-курсту бүткөндөн кийин сүйлөшүп баштаганбыз.

– Анан качан баш коштуңуздар?
– 1995-жылы үйлөндүк. Ал кезде Арсен Өмүралиев атындагы Жаштар театрында иштечүбүз. 3 күнгө суранып Тогуз-Торого учак менен барып үйлөнүп, кайра эле жумушка чыгып кеттик. Азыр, Кудайга шүгүр, улуу кызыбыз Айжан 11-класста окуп жатат. Андан кийинки уулубуз Байэл 10 жашта, кенжетайым Мөлмөл 6 жашта. Артисттин балдары артист эле болот окшойт, үчөө тең чыгармачылыкка жакын.

– Албетте, министр болуу оңой эмес, министрдин жубайы болуу кандай экен?
– Министрдин жубайы болуу өтө жоопкерчиликтүү экен. Жалгыз эле мен эмес, үй-бүлөбүз этият болуп калдык. Анткени эл "бул министрдин жубайы, бул балдары" деп башкача көз менен карап калды. Мурун шарактап жыргап жүрө берсем, азыр бир аз олуттуу болуп калдым. Алтыша (ред. Алтынбек Максүтов) бул кызматты аркалап калгандан кийин балдарымдын сабагына каралашайын деп жумуштан чыгып алгам. Ал министр болгонго чейинки жашообуз кандай болсо, ошол эле бойдонбуз. Театрда иштеп жүргөндө шаардан 1 бөлмөлүү батир берилген. Ал жерде 15 жылдай жашап, анан сатып, Кант шаарынын тегерегиндеги айылдардын биринен жер там алганбыз. Ал жакта жашап жүрүп балдардын окуусуна байланыштуу кайра Бишкекке көчүп келгенге туура келди. Эл ишенбейт болуш керек, учурда 2 бөлмөлүү батирди ижарага алып 3 балабыз менен турабыз. Мамлекеттен үй берилет деген сөздөр болгон. Алтышага "профсоюзга барбайсыңбы" десем, "алар көрүп турат баарын, өздөрү билип берсе алам, сурап барбайм" деп койду. Жолдошум табиятынан ушундай, алайын-жулайын дебейт, ушунусуна деле шүгүр.
Учурда мамлекеттик кызматтардан алыс эле болуп чыгармачылык, режиссёрлук менен алектенүүдө. Бирок үй-бүлөбүздө ар дайым министр, президент. Балдарына өтө жакын, мен үчүн идеалдуу күйөө. Дайыма менин чыгармачылыгымды колдоп келет. "Театрдан кеткени формаңдан чыгып кеттиң, арыкта" деп көз салып турат.

"Жолдошум экөөбүз 2 кыз, 1 уулду тарбиялап келебиз".


"Жолдошум аябай романтик, студент кезден бери майрамдарда өзгөчө белектерди тартуулап келет".


"Бул кинону жолдошум көрүп "Свет акени жуунтуп жатканыңда бир аз тартынганың билинип калыптыр, майын чыгара аткарсаң болмок", - деген".


Замира Рахманбердиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(10)
10.10.2016. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бактылуу болунуздар аябай жагасызда
10.10.2016. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уулу байкенин кочурмосу экен))
10.10.2016. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Эхх министр ака бир уйго да иштебей экс болуп кетипсиз да СССР маалы беле алар сизди коруп анан квартира бергидей
krem түзөттү 2016-10-10 12:07:11
10.10.2016. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бирок, суранып барса деле жыйынтык чыкпайт, аны ОЗУ деле билип суранбайт экен.
10.10.2016. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Супсулуу менин эжекем! Уй -булолук бакыт каалайм! Ден соолукта болунуздар. Ден соолук болсо, баары болот.
10.10.2016. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздикилер олуп калгандан кийин беришет ага чейин бербейт уйду деле баатыр деген наамды башкасын деле
10.10.2016. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Крем.ичти эздин го я.
12.10.2016. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
менин жолдошумда 25 жылдан бери мамлекеттик жумушта иштейт ал да сурангым келбейт деп бизда уч балабыз менен квартиралап журобуз го чиркин
13.10.2016. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Торкендик биздин эжебиз го:))
13.10.2016. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушу сулуу аялдын куйосу кандай болду экен десе. Экс министр экен да бактылуу болунуздар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо