Эльвира Жумалиева, Азиз Мурадиллаевдин жубайы: «ЖОЛДОШУМА ДОНОР ТАБЫЛА ЭЛЕК»

№728 14-октябрь-20-октябрь, 2016-ж

Азиз Мурадиллаев 30-сентябрда ооруканага түшүп, жакындары ага кан керек экенин билдиришкен эле. 5-октябрь күнү социалдык тармактарда «актёрдун боорун алмаштыруу керек» деген билдирүү тараган болчу. Азиз мырзанын жубайы анын качантан бери ооруп келе жатканы, кандай дартка чалдыкканы тууралуу айтып берди.

– Жолдошуңуз бул дарт менен качантан бери күрөшүп келет? Буга чейин дарыланып турчу беле?

– 2009-жылдан бери жугуштуу гепатит С дарты менен ооруп келет. Жыл сайын дарыланчу. Дарыгерлердин айтымына караганда, бул оору менен жабыркаган адам боордун циррозуна сөзсүз чалдыгат экен. 30-сентябрда ооруканага оор абалда түшкөндөн кийин дарыгерлер Азизге 4-даражадагы цирроз деген диагноз коюп, тез арада операция жасоо керектигин айтышты. Улуттук хирургияда 4 күн жатты. Азыр кесиптик оорукананын жандандыруу бөлүмүндө дарыланууда.

– Бул дарт кан аркылуу жугат деп айтышат. Кайсы жактан жуктуруп алганы тууралуу билдиңиздерби?
– Боордун ооруганы күчөгөндө гана билинет тура. 2009-жылы гастролдон ооруп келди. Каяктан эмне болуп жукканын өзү деле билбейт. Бул дарт кан аркылуу жугарын билгенден кийин кайдан жукканын анализдеп көрдүк. Менин оюмча, чач тегиздеткенде же тишин дарылатканда жукту окшойт. Анткени Азиз буга чейин операция болгон эмес.

– Боору ооруса тамакты ылгап жечү беле?
– Дарыгерлер айткан дарыны ичип, диета кармап жүрчү. Антсе да бул дартты жеңе албай койду.

– 30-сентябрь күнү «Азиз Мурадиллаевге тез арада кан керек» деген билдирүүнү социалдык тармактагы колдонуучулар байма-бай бөлүшүп жатышты. Кан көп кетип калыптырбы?
– Оору күчөгөндө кан тамырлар жарылып кетиптир. Азизге бул да кошумча дарт болду. Социалдык тармактагы билдирүүдөн кийин бейтааныш эле адамдар телефон чалып кан беришти. Учурда кан жетиштүү. Гемоглобини 86га көтөрүлүп калды.

– Операция кайсы күнү болорун белгилештиби?
– Боорду алмаштыруу үчүн 3 негизги этапты басып өтүү керек. Биринчи операция жасалып, жарылган кан тамырларды бири-бирине туташтырышат (лигирование). Бул операцияны Москвадагы клиникалардын бири 10 миң долларга жасап берүүгө макул болду. Ал жакка 12-октябрда учуп кетмек, бирок каражаттын жетишсиздигинен 17-октябрга жылдырылды. Андан соң канды вирустардан тазалоо үчүн дары-дармектер берилет, акырында боорду алмаштырат дешти.

– Ал эми боорду алмаштыруу этабына канча каражат кетет экен?
– Ассоль Молдокматова индиялык дарыгерлер менен операциянын баасын 20 миң долларга сүйлөшүптүр. Мындан сырткары донор да табыш керек, азырынча донор табыла элек. Банкка эсеп ачкандан кийин 3 миң доллар чогулуп калды. Эл бар экен, жардам берип жатышат. Жогорку Кеңештин депутаттары да бир күндүк маянасын котормой болушуптур. Айрым депутаттар келип жардам көрсөтүп жатышат. Жолдошумдун ден соолугу үчүн күйүп жардам көрсөтүп, иш-чараларды уюштуруп жаткан кайрымдуу адамдарга ыраазычылык билдиребиз.

– Дарыгерлер жолдошуңузга башында операция тууралуу айтпаган экен. Азыр боорун алмаштыруу керек экендигин уктубу?
– Ооруканага келгенде дартынын күчөп кеткени тууралуу укса өзүн таштап жибербесин деп Азизге «сени операцияга жеткирбей эле дарылайт экен» деп айтканбыз. Азыр баарынан кабары бар.

– Жараткан колдоп, колу жеңил дарыгерлер табылып жолдошуңуз батыраак сакайып кетсин!

Султан Төрөбеков
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(25)
17.10.2016. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Дарт берсе дабасы менен берсин, айыгып кетсин кайрадан кыргыз элине эн мыкты ролдорду аткарып бар болсун,аман болсун арабызда. Толук сакайып кетиниз,ооруга жендирип жатып кала турган адам эмессиз. Алла кааласа баардыгы ойдогудай болот деп ишеним артыныз.


17.10.2016. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Эртерээк сакайып кетишинизди тилейбиз!
17.10.2016. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
жаратканым колдоп ден соолугун чын кылсын
17.10.2016. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
молодец кыргызым уже 3 мин доллар чогулса дагы деле жардам беришет экен да.
17.10.2016. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Аллахым озу шыпаа берсин амиинь!
17.10.2016. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
"Сакайып кетет" деген умутубуз ото чон!!!
17.10.2016. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Кудай шыпасын берсин сакайып кетиниз
17.10.2016. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Батыраак айыгып кетиңиз кудайым буюрса баары жакшы болот! 3 миң доллар элден чогулса жакшы,президент беш жуз миң болду, депутаттар бир кундук маянасын болсо, кудай жалгап премьер министр бир эки жуз миң берсе жакшы эле чогулат экен.
17.10.2016. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кудайым шыпаасын берсин Индияда жакшы деп уккам менин да АПАМ ушул оору менен жабыркап келет,эч нерсе корбогондой болуп сакайып кетиниз ылайым.
17.10.2016. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир кун эмес бир айылык маянамды берууго даярмын. Бирок...бирок студенттмин.
17.10.2016. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эртерээк айыгып кетиниз
17.10.2016. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ассоль Молдокматова ушундай таасирдуу аялбы. Ассоль жонундо жазгылачы.
17.10.2016. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сакайып кетиниз эртереек.
17.10.2016. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Банк эсеби кандай??бир айылык болбосо да биразыраак которот элем...сакайып кет Азиз эн мыкты актерсун..сен эл учун кооп жашашын керек!!
18.10.2016. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сакайып кетиниз
18.10.2016. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым шыпаасын берсин!
18.10.2016. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кыргыздын көзгө басар актеру,ойногон ар бир киносу таасирдүү,сиз ооруп жатып кала турган адам эмессиз,сиз аткарчу көп иштер турат,эртерээк айыгып иш ордунузга кайтыныз,Аллахым сизге күч кубат берсин!
18.10.2016. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах шыпаа берсин
18.10.2016. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сакайып кетиниз
18.10.2016. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы жигит байкуш айыгып кетсин
18.10.2016. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах таалам берген дартына шыфаасын кошо берген болсун!Эртерээк айыгып кетиниз.Балдарыныздын пешенесине аман болунуз!
18.10.2016. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Allahym wypaasyn bersin
21.10.2016. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
1миллион 716миңге алган номердин ээси эми коргозсо ушундай кыйындыгын.
22.10.2016. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
карагылачы...чач тегиздеткенде же тиш дарылаганда жугат дептир гепатит оорусун....чач кырккандар жана тиш догдурлар абайлап, темир-тезектерин тазалап турушса гана атаганат....(
23.10.2016. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооруну бергенда Аллах шыпаасын бергенда Аллах. Кудайым ден-соолук берсин Азиз агага. Ар пенде оорубасын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо